Учурда экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп жатат. Комиссия ишинин биринчи бөлүмүндө саясий куугунтук боюнча маселени карашууда.   Атамбаевдин учурунда саясий куугунтукка кабылгандар Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов жана башкалар сөз сүйлөштү.

Б. Талгарбеков: “Менде Атамбаевди жоопко тартуу боюнча бир китепке тете материалдар бар. Аны берүүгө даярмын. Мен Атамбаев бийликке келгиче эле өлкөбүзгө жасап келген кыянаттыгын айтып келгем. Бизди тергөөчү сиздер Атамбаевден кечирим сурасаңар эле чыгасыңар деген. Биз андай жолго барган жокпуз.

Биз Атамбаевдин отставкасын сунуш кылганыбыз үчүн соттолдук. Бир кишини бизге карата калп сөз айттырып, камашты. Бизди төңкөрүш жасаганы жатат дешип, айыпташкан. Мени артымда орусиянын генералдары турат. Биз төңкөрүш жасайбыз деген-дешти. Мен ал сөзүмдү таап бергиле десем, таба алышкан жок”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз