Кечээ, 8-ноябрда Талас шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө иш-чарасы башталды. Анын алкагында, Капар Медетов атындагы музыкалык драма театрында 16 төкмө акын катышкан айтыш болуп өттү. Бул тууралуу биздин порталган Республикалык “Айтыш” коомдук фондунан билдирди.

Байге фонду 1 млн сомду түзгөн айтышта, баш байгени “Сарыгашка” каймана аты бар, КРнын эмгек сиңирген эл артисти, төкмө акын Амантай Кутманалиев жеңип, 200 миң сомго ээ болду.

1-орунду Баян Акматов ээлеп, 150 миң сом алды. 2-орунга Асылбек Маратов менен Абдылда Нуралиев ээ болуп, ар бири 100 миң сомдон алышты. 3-орунду Жылдызбек Төрөканов менен Кадырбек Бейшенов ээлеп, ар бири 50 миң сомдон алышты.

Калган төкмө акындар 20 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктарга татыды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз