Таласта 11 адам күйүк алган өрттүн себеби аныкталды. Бул тууралуу 5-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, өрттүн чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эреже бузулганы себеп болгон. 4-январда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Борбордук базардын жанындагы “Шаурма Сити” тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан. 11 адам күйүк алган. Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрди түзгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгым такталууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.