Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековду тергөө аяктаганча Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл калды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Акбөкөн Таштанбековго карата Жазык кодексинин “Улут жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгону 6-декабрда белгилүү болгон.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда социалдык тармактарда №30 Ысык-Ата шайлоо округунан талапкер Акбөкөн Таштанбеков катышкан видео жарыяланган жана ал коомчулукта терс пикир жараткан.

УКМК билдиргендей, 6-декабрда тергөө органдары Таштанбековду жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жөнөттү. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө тиешелүү чечим чыгарып, саясатчынын аракеттерине юридикалык баа берилет.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.