Таксист унаасына 30 миң евросун унутуп кеткен туристтерге акчасын кайтарып берди. Бул тууралуу CNN Turk басылмасы жазды.

Окуя Стамбул шаарында болгон. Анда Тунистен эс алууга келген чет элдиктер таксиде акчасын унутуп кетишкен. Аны автоунаанын айдоочусу кийинки жүргүнчүлөрдү салып жатып көрүп калган. Кийин туристтерди алып келген мейманканага келип, аларга акчасын кайтарып берген.

20 жаштагы айдоочунун мындай адамгерчилигине ыраазы болгон чет өлкөлүк жарандар 100 евро сыйлык беришкен.