Categories

Кыргызстанда картада жок 171 айыл бар

Бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө айыл статусуна ээ боло элек айылдар бар.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.

“Ушул күнгө чейин 171 айыл айыл статусуна ээ болбой, картасы чийиле элек. Алардын картасын чийиш үчүн 5 миллион сомдой каражат талап кылынат. Аларга айыл статусун бериш үчүн өкмөт каражат табышы керек. Ансыз алардын көйгөйү чечилбейт”, – деди депутат.

 

 
Categories

Кыргыз өкмөтүнүн алсыздыгынан күйүүчү майлар кымбаттоодо

Россия Федерация тарабынан Кыргызстанга алымсыз 1 миллион тонна күйүүчү май бөлүнөт.  Бирок,  анын баарын “Газпром”, “Росснефть” компаниялары бөлүп алууда.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков билдирди.

Айтымында, бул маселеде Кыргызстан өкмөтү алсыздыгын көрсөтүп жатат. Аталган компаниялар жакында  жаңы алым кирет деген жүйөө менен күйүүчү майларды 3 сомго жогорулатты.

“Акыбал барган сайын  оорлошуп келе жатат. Күйүүчү майдын баасы боюнча коңшу Казакстан менен 8 сомго чейин айырма бар. Аларда күйүүчү май дээрлик сомго арзан. Бизде бүт рынокту орусиялык компаниялар көзөмөлдөп жатат. Билинбегени менен бул чоң көйгөй жаратаары бышык”,- деди депутат.

 

 
Categories

Эл өкүлдөрү Балдарды коргоо күнүнүн алдында балдар маселелерине көңүл бурушту

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында  бир катар эл өкүлдөрү Балдар күнүнүн алдында балдарга тиешелүү деңгээлде кам көрүлбөй жатканын билдиришти.

Депутат Наталья Никитенко балдардын өз жанын кыйган фактылары токтобой келе жатканына токтолуп, аткаруу бийлиги мунун кесепети менен күрөшпөй жатканын белгиледи. Пикиринде, тиешелүү кызматтар  суициддердин себептерин аныктап, алдын алуу иш-чараларын көрүшү зарыл.

Депутат Таабалды Тиллаев балдардын онкологиялык борборунун токтоп калган курулушу боюнча маселе көтөрдү. Депутат бүгүнкү күндө рак илдеттерине кабылган  балдар, кош бойлуу аялдар көбөйгөндүгүн баса белгилеп, аталган борбордун курулушу башталгандан кийин аягына чыгаруу зарылдыгын Өкмөткө багыттады.

Депутат Айсулуу Мамашева болсо жакында эле үрөйдү учурган окуяга басым жасады. Эске салсак,  19 жаштагы Бурулай аттуу кыз ала качып бараткан жигиттин колунан милиция бөлүмүндө бычакталып каза тапкан.

“Чындыгында,  бул улуттук деңгээлдеги көйгөй. Мындай жоосунсуз жоруктарды качан токтото алабыз?”,- деген суроону аткаруу бийлигине жолдоду.

 
Categories

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчисинин ишмердүүлүгүн текшерүү сунушталды

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын жетекчиси Жолдошбек Бектургановдун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алууну депутат Гүлшат Асылбашева сунуштады.

Ал мындай сунушун Жогорку Кеңештин жыйынында жолдоду.

Айтымында, аталган компания банкротко кептелүү коркунучуна кабылгандыктан, кызматкерлердин басымдуу бөлүгү акы төлөнбөгөн эмгек эргүүсүнө чыгарылган. Ал эми жетекчи кадимкидей айлык акы алууда.

“Компанияны банкроттук абалга кептеген жетекчинин үстүнөн далай жолу арыздануу болгон. Бирок, кызматынан кетирилген жок. Кызматкерлердин көпчүлүгү эмгек эргүүсүнө чыгарганы менен Бектурганов өзү маяна алууну улантууда”, – деген депутат жетекчинин ишмердүүлүгүн текшерүүгө алуу зарылдыгын белгиледи.

Айтымында, Бектурганов келгенге чейин аталган авиакомпаниянын карамагында 5 учак бар болгон. Ал эми азыр бир да учак калбады.

 

 
Categories

Банкротко кептелүү алдындагы “Кыргызтелекомдун” жетекчиси 100 миң сом айлык акы алат

“Кыргызтелеком” жана “Мегаком” мамлекеттик ишканаларынын жетекчилеринин айлык акысы абдан эле жогору. Депутат Акылбек Жамангуловдун парламент жыйынында билдиргенине караганда, биринчиси 100 миң сом айлык акы алса, экинчи компаниянын топ-менеджеринин бир айда тапканы 700-800 миң сомго чейин жетет.

“Кыргызтелеком” банкротко кептелүү абалында турат, а жетекчисинин айлыгына ушунча сумма сарпталат экен. Он жылдык эмгек стажы бар академиктер бизде араң дегенде 10 миң сом айлык алышат, мугалимдер болсо бир ай иштеп 7-8 миң сом табышат”, – деди депутат Акылбек Жамангулов.

 

 
Categories

Депутат: Эларалык авиакомпаниялар кыргыз жарандарына 2-сорттогудай мамиле жасашат

Авиакомпаниялар кыргызстандык жүргүнчүлөргө 2-сорттогудай мамиле жасашып, алардын каалоолорун көңүлгө алышпайт.

Бул тууралуу  депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Эларалык авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдү сыйлашпайт. Кааласаң уч, каалабасаң учпай эле кой деген мамиле жасашат. Каттам кечеңдегенде, кааласаң да, каалабасаң да күтөсүң. Мындай болбошу керек да. Транспорт жана жолдор министрлиги авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул маселени чечүүсү керек. Айрыкча, тил билбеген кыргызстандыктарга 2-сорттогудай мамиле кылышат. Министрлер бизнес-класс менен учкандыктан, эконом-класстагы көйгөйлөрдү билишпейт”, – деди депутат.

 

 
Categories

Эки жыл ичинде ИИМ коррупцияга малынуу жагынан Бажы кызматын артка калтырды

Кыргызстанда коррупцияга малынган мамлекеттик мекемелердин сап башында Ички иштер министрлиги турат. Экинчи орун Транспорт жана жолдор министрлигине таандык.

Бул тууралуу башпрокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаттарына Башкы прокуратуранын 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү учурунда билдирди.

Айтымында, Башкы прокуратуранын жыл ичинде чыгарган жыйынтыгы боюнча, коррупциялануу жаатында 1 – орун ИИМге, 2-орун Транспорт министрлигине, андан кийинки орундар кезеги менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Курулуш агенттиги, Билим берүү жана илим министрлиги,  Саламаттыкты сактоо министрлигине таандык. Бул тизмеден  Мамлекеттик каттоо кызматы жана Коргоо комитети да четте калбайт.

Жамшитов белгилегендей, Адилет, Каржы  жана Экономика министрликтери өткөн жылы жемкорлуктан кыйла алыс болгон.

Депутаттардын билдирүүсүнө караганда, 2016-жылдын көрсөткүчү боюнча коррупцияланышуу жагынан Бажы кызматы бир да башка мамкызматтарды алдына чыгарган эмес. Ал жылы 2-орунга ЖАМК, ал эми 3-орунга ИИМ чыккан.

 

 
Categories

Прокуратура кызматкерлеринин милдетин журналисттер аткарышууда

Депутат Жанар Акаев Башкы прокуратурага айрым иштердин бети ачылганы үчүн  журналисттерге ыраазычылык билдирүүлөрү керектигин эскертти.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын  2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулууда.

“Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү эмес, журналисттер курч темаларды алып чыгышып, иликтөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Алар сиздер жасай турган иштерди жасашты. Мисалга  Тарых музейиндеги ишти  алсак болот. Эмнеге бул боюнча дагы деле  кылмыш иши козголо элек? Ал жакта коррупциялык сехама бардыгы айдан ачык болбодубу. Бул боюнча журналисттер жазып баштагандан кийин гана текшерүү жүрдү”, – деди Акаев.

 

 

 
Categories

Шадиев кайып болуп кеттиби? Өлкө аймагынан чыккан эмес, тергөөгө келе элек…

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Башкы прокуратуранын 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун  угушууда.

Депутат Рыскелди Момбеков Аскарбек Шадиевдин кайда экенин сурады.

“Аскарбек Шадиев кайда? УКМК Кыргызстанда дешет, а жардамчысы өлкө аймагынан чыгып кетти деп билдирди. Башкы прокуратура, силер билээрсиңер, ал кайда?” – деп сурады.

Башпрокурор Өткүрбек Жамшитов суроого жооп берүүнү УКМКнын өкүлүнө тапшырды.

“Тергөө жүрүп жатат. 28-апрелде 304-берене боюнча кылмыш козголгон. Жаңы козголгон кылмыш ишинин негизинде Шадиевдин катышуусунда тергөө боло элек. Ал азырынча тергөөгө келе элек”, – деп жооп берди УКМК өкүлү.

Мындай жооп депутатты канааттандырбады.

“Мен түз суроо бердим, түз жооп бериңизчи. Шадиев Кыргызстандабы,же кайда? Акыркы жолу качан көрдүңөр, качан сүйлөштүңөр? Дарылангандардын айрымдары ошондон ары дайынсыз кетчү эле”, – деди Момбеков.

“Чегара кызматынын маалыматына таянсак, ал Кыргызстандын аймагынан чыккан эмес”, – деген улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү так жооп бере албады.

 
Categories

Эсептөө палатасы “кетти”, Башкы прокуратура “келбеди” дейт. ЖЭБ материалдары кайда?

Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ЖЭБинин тегерегиндеги ызы-чуу боюнча материалдардын кандай өңүттө каралып жатканына депутат Калдарбек Баймуратов кызыкты.

Буга дейре, депутаттарга Эсептөө палатасынын өкүлдөрү  аталган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдиришкен болчу.

“Эсептөө палатасы материалдарды Башкы прокуратурага жибердик, бирок каралбай жатат дешүүдө. Эмнеге карабай жатасыздар?”  – деген суроо узатты депутат.

Башпрокурор Өткүрбек Жамшитов ЖЭБге байланыштуу эч кандай материал келбегенин билдирди.

“Биз тактадык, эч кандай материал келе элек”, – деди ал.