Categories

Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алабы?

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азырынча ал үчүн депутаттык мандатты кайтаруу негизги максат эмес экенин билдирди.

«Мандат азыр менин планымда жок. Бул маселени актоо өкүмү чыккандан кийин саясий кеңеш менен карап көрөбүз. Учурда негизги максатым юридикалык жана саясий жактан реабилитация болуу», — деп билдирди Текебаев.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын караган. Натыйжада саясатчылар үй камагына чыгарылып, сот залынан бошотулду.

Аларды «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинен саясатчылар, партия мүчөлөрү, тарапташтары тосуп алышты.

«Ата Мекен» партиясынын буга чейин түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп келген лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн. Кийинки соттук жараян 12-сентябрга белгиленди.

 
Categories

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат Өмүрбек Текебаев  менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Буга чейин Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра кароо үчүн райондук сотко жиберген болчу.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов “коррупция” боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.  

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. 

Өмүрбек Текебаев 2017-жылы февраль айында Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып, өлкөгө кайтып келгенде УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

 
Categories

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралып жатат

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна экс-депутат Өмүрбек Текебаев  менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов алынып келди. Анда алардын баш коргоо чарасы каралууда. Сот отурумуна катышууга журналисттерге уруксат берилген жок.

Алардын сот залындагы сүрөтүн депутат Алмамбет Шыкмаматов Facebook баракчасына жарыялады.

Учурда соттун имаратынын алдында Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары желектерди көтөрүп турушат.

 
Categories

Текебаев менен Чотоновдун иши сотто 29-августта каралат

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону 29-августка белгиледи.

Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында, жактоочулар аты аталган саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышты. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен башталат.

– Биз арызда Текебаевди өлкөдөн тышка чыкпоо жөнүндө тилкат менен абактан бошотууну сурандык. Ал киши чыгып калса энеси менен учурашууга мүмкүнчүлүк алышы керек, – деди ал.

Адвокаттын айтымында, ишти Биринчи май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатарова карайт. Текебаев менен Чотоновду сот отурумуна жеткирилет.

Саясатчылардын иши 29-августтан тартып кайра карала баштай турганын Биринчи май райондук соту да ырастады.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.