Categories

Казакстан ТИМи: Каспийге АКШнын аскер базалары жайгаштырылбайт

Казакстан Каспий деңизинин аймагына америкалык аскер базаларын жайгаштырбайт. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости агенттигине Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, жекшемби күнү Актау шаарында кол коюлган конвенцияда Каспийге аймакка тиешеси жок өлкөлөрдүн аскер күчтөрүн жайгаштырууга тыюу салынгандыгы жазылган.

Абдрахманов айрым орус ЖМКлары менен эксперттери Казакстан аркылуу америкалык жүктөрдүн ташылышы тууралуу чыныгы фактылар жөнүндө жакшы билбей тургандыктарын белгиледи.

Ал мында кеп Ооганстан өкмөтүн колдоо операцияларын улантуу үчүн керек болгон жүктөрдү коммерциялык негизде темир жол аркылуу ташуу жөнүндө болуп жатканын айтты. «Каспийге АКШнын же башка чет өлкөлөрдүн аскер базаларын жайгаштыруу жөнүндө сөз жок», — деди казак ТИМ башчысы.

Анын айтымында, АКШ жүктөрүнүн «транзити үчүн Казакстандын гана эмес, башка өлкөлөрдүн дагы аймактары пайдаланылууда». Ал Казакстан болгону бул максатта Актау жана Курык портторун пайдаланууга уруксат бергенин белгиледи.

19-апрелде Казакстан парламенти Ооганстанга жүктөрдү жеткирүү тууралуу АКШ менен түзүлгөн келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган.

 
Categories

Казакстанда жоолук салынган окуучулардын ата-энелери айыппулга жыгылды

Шымкент шаарында мектепке диний кийимчен барган 22 окуучунун ата-энеси айыппулга жыгылды. Калаанын Билим берүү департаментинен билдиргендей, жалпысынан быйыл мектепке 148 кыз жоолукчан келген.

Маалыматтарга караганда, “билим берүү, дене тарбия жана спорт тармагында административдик кодекстин тартиптерин бузууга” байланыштуу 22 ата-энеге айыппул салынган, дагы жетөөнө эскертүү берилген. 29 үй-бүлөнүн төртөө мектепте кыздарынын жоолугун чечүүгө макулдук берген. 148 кыздын 89унун ата-энеси мектеп талаптарына көнүүдөн баш тартууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдагы бирдиктүү мектеп формасы тууралуу буйругу Актөбө, Батыш Казакстан, Мангистау жана Түштүк Казакстан облустарында “жоолук жаңжалын” жараткан. Аталган аймактарда хиджапчан кыздарды сабакка киргизбей койгон мектеп жетекчилигин ата-энелер сотко берген. Бул ишти караган соттор Билим берүү жана илим министрлиги менен мектептердин позициясын колдогон.

Быйылкы окуу жылынын соңунда Казакстан билим берүү жана илим министрлиги Актөбө облусунда сабакка киргизилбеген жоолукчан кыздар кийинки класска көчпөй калышы мүмкүн экенин эскерткен.

 
Categories

Казакстан: өзбек жарандары мерт болгон автобус кырсыгы боюнча тергөө аяктады

Өзбекстандын 52 жараны мерт болгон Казакстандын Актөбө облусундагы автобус кырсыгы боюнча тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы бүгүн кабарлады.

Бул иш боюнча айыпталуучу катары беш адам өтүүдө. Алар авобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги.

Маалыматка караганда, компаниянын негиздөөчүсү коммерциялык уюмдардагы милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарган эмес, бузук транспорт каражатын пайдаланууга жол берген жана документтерди жасалмалаган деп айыпталууда. Мехиник бузук автобусту каттамга чыгарууга айыпталып жатат.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун жылытуу үчүн каңдагыч лампа колдонуудан улам чыккан.

Транспорт каражатын колдонуу жана өрт коопсуздук эрежелерин бузууга айыпталган автобустун үч айдоочусу 24-январда кармалышкан. 26-январда Актөбө шаардык соту аларды эки айга камакка алуу чечимин кабыл алып, кийин дагы узартылган.

«Сот автобус айдоочуларына карата камакка алуу бөгөт чарасын белгиледи. Компания жетекчиси менен механик тергөө аяктаганга чейин күрөө менен бошотулду», — деп айтылат көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

 
Categories

Казакстанда Аблязовдун тарапташы камалды

Алматыда эки айга активист Асет Абишев камакка алынды. Бул тууралуу Фейсбукка анын адвокаты Гүлаим Сыдыкова жазды.

Асет Абишевге “Тыюу салынган уюмдун ишине катышуу”, “Кылмыштуу уюмду каржылоо” беренелери боюнча айып тагылууда. Активисттин тарапташтары ал чет өлкөдө жүргөн мурдагы банкир, Астананын сынчысы Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдогону үчүн куугунтукталууда деп эсептешүүдө.

Абишевди 5-июлда Алматыда бизнесмен Ескендир Еримбетовдун иши боюнча өтүп жаткан сот жараянынын кайтып келе жатканда полиция кармап кеткен. 7-июлда сот аны эки айга камоо боюнча чечим чыгарган. Адвокаттын Абишевди кепилге бошотуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Асет Абишев камактагы бизнесмен Ескендир Еримбетовдун тарапташтарынын бири болуп саналат. “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы быйыл 13-мартта экстремисттик уюм катары таанылган. Буга карабай, Мухтар Аблязовдун тарапташтары ырааттуу түрдө ар кыл акцияларга чыгып турушат.

 
Categories

Астана аэропортто кыргыз жарандарын кошумча текшерүү боюнча түшүндүрмө берди

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Алматы шаарындагы Эл аралык аэропортто кыргыз жарандарын системалуу түрдө текшерүү боюнча түшүндүрмө нотасын жиберди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Казак тарап нотада мамлекеттик чек ара пункттарындагы текшерүү коопсуздукту коргоо максатында күчөтүлгөнүн кабарлайт. Анда белгиленгендей, жарандарды суракка алуу эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн аныкташ үчүн жүргүзүлүүдө. Буга чет мамлекеттерде террордук актылардын көбөйгөнү себеп болгон. Суракка бардык мамлекеттердин жарандары алынып жатканы да документте белгиленет.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы аэропортто кыргыз жарандарын кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, Казакстандын Тышкы иштер мекемесине нота жөнөткөн. Анда айтылгандай, Казакстандын тийиштүү органдары кыргыз жарандарын эч кандай түшүндүрмөсүз өзүнчө бөлмөдө сурак кылып, паспорттук маалыматтарын, жашаган жерин жазып алууда. Казак тарап ошондой эле кыргызстандыктардын телефон номерлери менен кошо уюк байланыш каражаттарынын IMEI коддорун да көчүрүп алып жатышканы айтылган.

 

 
Categories

Кытай кармалган казакстандыктардын тогузун бошотту

Пекин Кытай жарандыгынан чыгуу тартиптерин бузган деген жүйө менен кармалган бир нече казакстандыкты бошотту. Мындай макулдашууга тараптар эки өлкө өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин жетишкенин Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов 29-майда билдирди.

Ал Казакстандын жарандыгын алгандан кийин Кытайда кармалган этникалык казактардын маселеси анын Пекинге жасаган өткөн айдын соңундагы расмий сапарында, Кытай ТИМ башчысы Ван И менен болгон жолугушуусу маалында талкууланганын белгиледи. Абдрахмановдун айтымында, ал кезде Кытайда 12 казак жаранынын кармалганы белгилүү болгон.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тогуз киши бошотулганын айткан Абдахманов учурда анда дагы «170 этникалык казак» тууралуу маалыматтар бар экенин жана алардын ар бири боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Министр кийинки айда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин ШКУ саммитинин алкагында Кытайга жасай турган сапары маалында бул маселенин талкууланар-талкууланбасын тактаган жок.

Буга чейин Кытайда кармалып, «саясий жактан кайра тарбиялоо жайына» жайгаштырылгандыктарын айткан казак жарандары Казакстан бийлигине кайрылганы кабарланган.

 
Categories

Кыргызстандык спортчулар Казакстандагы чемпионатта жеңишке жетишишти

Каратэ боюнча Казакстанда өткөрүлгөн чемпионатта Кыргызстандан барган спортчулар жеңишке жетишишти.

Бул тууралуу Кыргызстандын каратэ  федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, турнир 27-майда Алматы шаарында өткөн. Ага эки жүздөн ашуун спортчулар катышса, алардын жетөөсү Кыргызстандан баргандар.

85 килограмм салмактагы улуулар арасындагы таймашта Бактыбек Нурабил уулу чемпион болду. Экинчи орунду  Мирлан Үсөнгазиев, Кубат Жеңишбеков, Алтынай Жаныбекова багындырды. Ал эми 3-орунга Абдыжапар уулу Азамат, Аман Жайылов жана Сыймык Бакиров жетишишти.

Ошондо, кыргызстандык спортчулар бир алтын, үч күмүш жана үч коло медаль менен мекенине кайтышты.

Алтын медалдын ээси Бактыбек уулу Нурабил тренер Николай Рагринден таалим алса, 2 жана 3-орунга жетишкен спортчулар Анара Ашированын шакирттери.