Categories

Күнжүрүш: Ысык-Көлдө ууланган спортчулар

 
Categories

Күнжүрүш: Депутаттык комиссия ЖЭБди жегендерди калкалайбы?

 
Categories

New TV нын “Күнжүрүш” жаңылыктар бөлүмүнүн продюсери Сакы Садыков: “Маалымат жашырылганда коомдо тумчугуу башталат”

– Сакы мырза айтсаңыз, New TV каналынын иштей баштаганына туура бир жыл толду. Бир жылда канал эмнелерге жетишти? 

-Биздин башкы максаттар маалыматты бир жерден экинчи жерге бурмалабай жеткирүү, ыкчамдык (оперативдүүлүк), бейтараптуулук, обьективдүүлүк. Обьективдүү маалыматтар чагылдырылганда гана ММКнын аброю көтөрүлөт.

Маалымат жашырылганда коомдо тумчугуу башталат. Анан ошол маалыматар чыга баштаганда коомдо жарылуу болот. ТЭЦ боюнча маалыматты өтө көп чагылдырдык. Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине канаттануу болбогонун айтып жаттык. Акырындап маалыматтар ачыкка чыга баштады. Башка ММКларда айтылбай калган нерселерди айтып жаттык.

Кандай маалымат каражаттары болбосун алгач бейтарап болуш үчүн жетекчи күчтүү болуш керек. Өзүнүн көз карашы болуш керек. Биздин башкы директор Нурлан Шакиев президенттин пресс катчысы, Маданият жана маалымат министри кызматтарын басып өткөн инсан. Көп жолду басты. Жетекчибиз элге туура маалымат беришибиз керек деп ар дайым айтат. Эл аралык шарттарга ылайык кайсы бир саясый күчтөрдү жактабашыбыз керек. Мен деле Маалымат бөлүмүнүн продюсери катары туура эмес маалыматтар бизге келип калса же кайсы бир жетекчилик тарабынан бергиниң десе бере бербейм. Ошентип өз саясатыбыз түзүлуп жатат.

Биздин журналисттер элдин ичине аралашып, иш алып барып жатышат. Ош базарынан акча алмаштыруунун уурулугун тартып келишти. Милицияга барышса 5000 сомду алдырып койдум деп бир аял олтуруптур. Аны көрсөттүк. Бирок, жыйынтык жок. Элдер бул жердеги милициялар уурулар менен аралашып алган дешип айтышты. Бир жумадан кийин кайра барсак баягылар кайрадан эле элди алдап жүрүшөт.

 
Categories

Күнжүрүш: Соттолгон саясатчылардын маселеси…

 
Categories

Күнжүрүш: Прокурорлордун кыймыл аракети көзөмөлгө алынат…

 
Categories

Эрезеге жете электердин эс оодарган оюну

Рейддин жүрүшүндө компьютердик клубдардын биринен эрезеге жете элек кардарларды кездештире албадык. Бирок, ал клубга жанаша жайгашкан көңүл ачуучу жайда  эс алып жаткандардын чоң тобуна кез келүүгө болот.

Бул жерден эрезеге жете элек кыздардын алкоголдук ичимдик ичкенин, документти сурабай туруп ичимдиктердин сатылганын, ал турмак өрт коопсуздугу да сакталбаганын – кошумча чыгуу каалганын, өрт өчүрүүчү атайын каражаттын жоктугун, а башкы каалга ачкыч менен кулптанаарын көрүүгө болот. Кыскасын айтканда эреже бузуунун изобилиеси ушул жерде.

Көңүл ачуучу жайдын кызматкерлеринин айтымында, башкы каалганы ачкыч менен атайын бекитишет, анткени айрым кардарлар акысын төлөбөй качып кетиши мүмкүн.

Ушул жана башка кабарлар менен “Күнжүрүш” кечки жаңылыктар топтомунан, саат 20:00-21:00 аралыгында тааныша аласыздар.

Источник: NewTV

 
Categories

Индиялык жаштар эмнеге Кыргызстандан билим алууну каалашат?

Кыргызстанда 2017-2018-окуу жылында Индия, Пакистан, Россия жана Тажикстандан жана башка бир катар өлкөлөрдөн келип билим алып жаткан студенттердин саны 15 миңге жетти. Мындай көрсөткүчтү Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы билим берүү жаатынын жетимдүү жана арзан экендиги менен байланыштырат.

Индиянын да билим алууга ынтызар жаштарынын айрым бөлүгү кыргыз жергесине билим алууга келишет. Анткени, эгер алар өз өлкөсүндө билим алышса, каражатты көбүрөөк жумшоого туура келет.

Депутат Дастан Бекешев: “Кыргызстанга чет өлкөлүк студенттер керек. Алар өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошушат”, – деди.

Бул тууралуу бүгүн “Күнжүрүш” маалымат программасынан саат 20:00дөн 21:00гө чейин көрүңүздөр.