Categories

Илимдүү кызга иш табылат

IT технология жана компьютердик программалоо кесиби бир гана эркек балдарга мүнөздүү эмес. Бул тармакты кыз-келиндер деле мыкты өздөштүрө алышат. Болгону, коомчулуктун түшүнүгүн буруу менен балдарына туура кесип тандап берүү жоопкерчилигин ата-энелер колго алса. Техникалык өнүккөн мезгилде Борбор Азияда эле ушул кесип боюнча учурда 2 миллиондон ашуун жумуш орундары бар, тилекке каршы, ал боштуктарды толуктаган

 
Categories

Илимдүү кызга иш табылат

 IT технология жана компьютердик программалоо кесиби бир гана эркек балдарга мүнөздүү эмес. Бул тармакты кыз-келиндер деле мыкты өздөштүрө алышат. Болгону коомчулуктун түшүнүгүн буруу менен балдарына тура кесип тандап берүү жоопкерчилигин ата-энелер колго алса. Техниканын өнүккөн мезгилинде Борбор Азияда эле ушул кесип боюнча учурда 2 миллиондон ашуун жумуш орундары бар, тилекке каршы ал боштуктарды толуктаган кыз-келиндер аз. “Илимдүү кыз” долбоорун колго алган бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү жеригликтүү окуу жайлардын мугалимдери менен учурда, ири долбоолор даярдалууда.  

“Балдардын укугун коргоо” коомдук фонддун директору Назгүл Турдубекованын айтымында, табиятынан бул кесип эркек балдарга гана таандык деген түшүнүк сиңип калгандыктан, бул тармакты өздөштүргөн кыз-келиндер азырынча өлкөдө 10-15 пайызды гана түзөт.

Бул кесип боюнча учурда Борбор Азияда эле эки миллиондон ашуун жумуш орундары бар. Тилекке каршы, ал боштуктарды толтурган кыз -келиндер өтө эле аз. Эгер элекрондук байланыш тармагы менен мыкты достошуп, бул кесипти өздөштүрүп алган кыз- келиндер болсо, атүгүл үйдөн чыкпай отуруп эле, балдарынын кашында иштөө мүмкүнчүлүгү бар.

Түрдүү программа, уюлдук телефондордун тиркемелерин иштеп чыккан жаш программисттерден Кыргызстандын уучу куру эмес. Атүгүл продукцияларын чет өлкөлүк таанымал компанияларга сатып кызматташып келишет. Белгилүү Google, Facebook жана Youtube сыяктуу компанияларда иштегендер да бар. Мындай таланттуу жаштардын күчү менен акылдуу шаар сыяктуу өкмөттүн ири долбоолорун деле колго алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Мектепти аяктаган жаш кыздарды талаалатып, эмгек мигранты кылуунун ордуна компьютердик ыкс курстарга окутуп коюу ашыкбаш кылбайт. Анан калса азыр эл аралык уюмдардын көмөгү менен, айыл жергелеринде акысыз окутуу ыкмалары колго алынган. “Илимдуу кыз” долбоорун жайылтуу менен ийгиликтүү жаштардын коомун түзөбүз деген демилгечилер учурда, жаңы идеяларын үстүндө иштеп жатышат.


Булак: NewTV

 
Categories

Тажикстан WiFi түйүндөрдү көзөмөлгө ала баштады

Тажикстандын байланыш кызматы соода борборлору, базар, ресторан жана башка коомдук жайлардагы зымсыз интернет тараткан WiFi роутерлердин сатылышын жана алардын колдонулушун текшере баштады.

Соода борборлор менен ресторандардын ээлеринин айтымдарында, Байланыш кызматынын өкүлдөрү ишканаларда WiFi-роутерлерди сатуу же орнотуу үчүн мекемеден уруксат алууну талап кылышууда. 

Байланыш кызматынын жетекчиси Бег Сабурдун чечими менен мындай текшерүүлөр 11-апрелден тарта бардык соода борборлордо, базарларда, май куюу жайларында, ресторандарда жана коомдук тамактануу жайларында жүргүзүлүүдө. 

Байланыш кызматынан WiFi түйүндөрүн текшерүү чечими «Байланыш жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде кабыл алынганын жана бул зымсыз байланыштын колдонулушун тартипке салуу максатын көздөй турганын билдиришти. Жумушчу топтун өкүлдөрү WiFi-роутерлердин номурларын жазып алышып, аны «коопсуздукту камсыздоо чаралары» менен түшүндүрүшүүдө. 

Тажикстан уюлдук операторлорунун бирикмесинин төрагасы ​Гафуржон Иркаевдин айтымында, Байланыш кызматынын мындай текшерүүлөрдү өткөрүүгө мыйзамдуу укугу бар. Бирок ал бул кадам көбүнчө экономикалык себептерге негизделген деп эсептейт. Иркаев WiFi түйүндөрүн пайдалануу үчүн атайын уруксат алуу тартибин киргизүү — байланыш кызматтарын көрсөтүүдөгү баага таасир этээрин, анткени ишкер атайын уруксатты алуу менен Байланыш кызматынын бюджетине белгиленген суммада акча төлөй турганын билдирди. 

 
Categories

Telegram мессенжерге бөгөт коюу чечими боюнча даттанды

Телеграмдын адвокаттары мессенжергө бөгөт коюу тууралуу соттун чечими боюнча даттанышты. Алар сотто бир дагы далил келтирилбегенин жана божомолдоо гана болгонун билдиришип, бөгөт коюу тууралуу буйрукту жокко чыгарууну өтүнүштү.

Роскомнадзордун башчысы Александр Жаров The Bell басылмасына берген маегинде мекеме мессенжер тарабынан колдонулган бардык түйүндөргө бөгөт кое албаганын айтты.

Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров тыюу салынганына карабастан, азырынча Орусияда мессенжерди колдонгондордун саны анчалык деле азайбаганын билдирди. Анын айтымында, тыюуну кыйгап өтүү үчүн орусиялыктар VPN жана прокси-серверлерди колдонуп жатышат.

Орусия бийлиги Телеграмга колдонуучулардын жазышууларын чечмелөө ачкычтарын ФСБга берүүдөн баш тарткандыгы үчүн бөгөт коюуда. Мурдараак Роскомнадзор мессенжерге салынган тыюуну кыйгап өтүүгө жардам берчү бардык каражаттарга бөгөт коюуну, ошондой эле App Store жана Google Play дүкөндөрүнөн Телеграмды өчүрүүнү талап кылган.

Дүйшөмбүдө Роскомнадзор Amazon жана Google компанияларынын Telegram мессенжерине байланышы бар IP-даректерин жаба баштаган. Мындан улам жүздөгөн онлайн-сервистер, анын ичинде интернет-дүкөндөр, курьердик кызматтар, онлайн-оюндар, Microsoft компаниясынын сервистери, Viber мессенжери, ошондой эле орусиялык «Одноклассники» социалдык түйүнү жабыркаган. Андан тышкары Твиттердин ишинде да мүчүлүштүктөр болгону кабарланган.

Өз ресурстарына жетүүдө көйгөйлөр жаралып жатканын Роскомнадзордун өзүнөн дагы ырасташып, бирок алар DDoS-чабуулдарга байланыштуу экенин билдиришти.

Жалпысынан Орусияда 15 миллионго жакын Telegram колдонуучусу бар – бул мессенжердин дүйнөдөгү жалпы колдонуучуларынын 7 пайызын түзөт.

 
Categories

Роскомнадзор Amazon компаниясынын миллиондогон IP-адресин жапты

Роскомнадзор америкалык Amazon компаниясынын эки миллионго жакын IP-адресине бөгөт койду. Буга чейин Телеграм мессенжери тыюу салууларды жазгыруу үчүн Amazon сервисин колдоно баштаган.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун активисти Владислав Здольников билдиргендей, формалдуу түрдө Amazon IP-адрестерин чектөө менен Телеграм мессенжерин жабуу боюнча соттун чечиминин түз байланышы жок. Бул бүтүмдү Орусия Башкы прокуратурасы кабыл алган. Буга чейин Роскомнадзор Amazon, Google жана Telegram мессенжеринин бир нече доменин тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизген. 

Дүйшөбүдө Орусияда соттун чечими менен Телеграмга кирүүгө бөгөт коюла баштаган. Мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров “орусиялыктардын купуя кат алышуу укугу” үчүн күрөшөрүн билдирген. Анын айтымында, Телеграм жабылса, Орусиядагы улуттук коопсуздуктун деңгээли төмөндөйт. 

Amazon америкалык компаниясы товар жана кызматтарды Интернет аркылуу саткан ири сервис болуп эсептелет. Компаниянын АКШдан башка Бразилия, Канада, Улуу Британия, Германия, Жапония, Франция, Италия, Испания, Индия жана Китайда филиалдары бар.

 
Categories

“YouTube” хакерлердин чабуулуна кабылып, эң көрүмдүү ролик өчүрүлдү

Өздөрүн   Prosox and Kuroiʼsh атаган хакердик топ YouTube видеохистингин талкалап киришип,  эң көрүмдүү болуп эсептелинген Vevo музыкалык видеоклиптеринин аталыштарын өзгөртүштү. 

Алар  көрүүчүлөрдү абдан көп топтогон,  пуэрторикандык аткаруучулар  Лиуса Фонс менен Дэдди Янкинин  «Despacito» ырына тартылган клип-ролигинин  да  “эсебин” табышты.

Хакерлер алгач клиптердин ордуна өздөрүнүн “Палестинага эркиндик” чакырыктары ташталган  видеолорун коюп чыгышкан. Андан кийин ролик такыр эле видеохостингдин аятынан жоголгон. 

Бул роликти 5 миллиарддан ашык көрүүчү көргөн эле! 

Булак: NewTV