Categories

Нурбаев: Түрк элчисинин «Сапат» тууралуу билдирүүсүнө жооп бериш керек

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билдирүүсүн ички иштерге кийлигишүү катары баалады.

Буга байланыштуу ал кыргыз дипломаттары тез арада жооп бериши керек деп эсептейт:

– Түрк элчиси Балыкчыда ачыла турган мектеп боюнча «ал ачылса болбойт, кыргыз-түрк мамилелерине зыяны тийип калат» деп өтө одоно билдирүү жасаптыр. Бул дипломатиянын эрежелерине да, элчинин статусуна да туура келбейт жана ички иштерге кийлигишүү болуп эсептелет. Куруучулар жергиликтүү болсо, анын бир бөлүгү да мамлекеттештирилген болсо – эти да, сөөгү да биздики. Биздин Тышкы иштер министрлиги буга тез арада жооп бериши керек.

Бүгүн АКИpress агенттиги Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат Балыкчы шаарында «Себат/Сапат» мектеби ачылып жатканына нааразылыгын билдиргенин, «бул түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарына терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин» жазып чыкты.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей тургандыгын билдирген. «Себат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал «Сапат» болуп өзгөргөн.

Тышкы иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.

NewTV

 
Categories

Аң сезиминен жабыркаган балдардын саны өсүүдө

Жыл санап Кыргызстанда аң сезими өспөй калган балдардын саны жогорулоодо. Көрсөткүчтүн өсүп жаткандыгы айрыкча жай мезгилинде байкалат. Психиатриялык ден соолуктун республикалык борборунун балдар психологу жыл башынан бери эле 250 баланы кароодон өткөргөнүн айтат. Бирок тилекке каршы ата-энелер балдарынын аң сезими өспөй жаткандыгын билсе да текшертүүдөн намыстанышып, борборго кайрылышпайт.

 “7-класста окуган уулумду республикалык психикалык ооруканада адистердин көзөмөлүнөн өткөрүү үчүн алып келгем. Балам өзү теңдүүлөрдөн билими бир топ эле артта калып, окууга кызыкчылыгы жакшы болбой калды. Муну психологдор да бир нече текшерүүлөрдөн улам ырасташып, үч жума дарыланууну сунушташты” – дейт Кара-Балта шаарынан келген Абдыхалил Исмаилов.

Бул сыяктуу көрүнүштөр күн сайын балдар психологунда катталат. Эртеден кеч балдардын аң сезимин текшерип, эмнеге чалдыгып, эмнеден жабыркаарын баамдаган адистер аныктама коюушуп, дарыланууга же башка ыкма менен сакаюунун жол жобосун айтып узатышат. Өкүнүчтүүсү жылдан жылга балдардын аң сезиминин өспөй калып жаткан көрсөткүчү өсүп жаткандыгы.

Адистер аң сезими өспөй калган балдарды 3 жаштан тарта кабыл алып, сакайтууда атайын логопед, деффектологдор, психологдор иш алып бараарын айтышууда. Өкүнүчтүүсү ата-энелер чоңойгондо сүйлөп кетет, үйрөнүп калат деген ишеним менен балдарын учурунда дарыгерге көрсөтпөйт да качан гана оорусу күчөп, коомчулуктан обочолонуп баратканда гана айла амал издеп калат дешет.

Соңку жылдары миграциянын таасири, социалдык көйгөйлөр да баланын аң сезимине доо кетирип жаткандыгы аныкталып, качан гана ата-эне кам көрүп, психологдордун кеңеши менен иш алып баруусу баланын ой жүгүртүүсүнө жакшы натыйжасын бере баштаган. Дарыгерлер андыктан ата-энелерди балдарга жаштайынан кам көрүүну майда деп маани бербей коюудан этият болууга үндөшүүдө.

NewTV

 
Categories

Окуучулар мугалим менен кармалса катуу чара көрүлөт

Билим берүү министрлиги тарабынан мектеп директорлоруна акыркы коңгуроодон кийин көңүл ачуучу жайларда салтанат өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынды. Бул тууралуу Мурдагы билим беруу министри Ишенгүл Болжурова мындай деди:

“Министрликтин буйругуна ылайык, акыркы коңгуроо өлкөнүн мектептеринде 25-майда өткөрүлөт. Бул күнү окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ата-энелер менен мектеп мугалимдерине жүктөлөт. Министирликтин Билим берүү башкармалыгынын райондук, шаардык бөлүмдөрүнө күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга тыюу салуу тапшырылды. Андан сырткары, ата-энелер менен балдардын коопсуздугу тууралуу жыйналыштарды өткөрүү милдети жүктөлдү”.

Бишкек шаарынын тургуну Нургүл Камбаралиеванын маалыматына караганда, акыркы он,он беш жылдан бери акыркы конгуроодо ысырапкорчулук аябагандай кобоюп кеткен.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фатима Алымбекова: “25-май күнү жол күзөтчүлөрү менен биргеликте рейдке чыгабыз. Быйыл дагы атайын кафе, ресторандарда өткөрүүгө, кымбат машиналарга чыгып алып шаарды айланууга тыюу салынган. Эгерде рейд учурунда окуучулар мугалим менен кармалса катуу чара корүлүп иштен бошойт, ал эми ата-энеси менен кармала турган болсо жоопкерчиликти ата-энелер мойнуна алат” – дейт.

Айсара Тыналы кызы

Булак: NewTV

 
Categories

Химия боюнча Менделеевдик олимпиадада кыргызстандык окуучу коло медаль алды

Кадамжай районундагы “Семетей” лицейинин 11-классынын окуучусу Базарбаев Баяман химия боюнча Менделеевдик олимпиадада коло медалдын ээси болду.

22-29-апрелде Белоруссиянын Минск шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы мамлекеттик университетте Менделеевдик олимпиада болду. Ага 22 өлкөнүн: Азербейжан, Армения, Белоруссия, Болгария, Венгрия, Грузия, Израиль, Казахстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Россия, Румыния, Хорватия, Сауд Аравия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина жана Эстониядан барган окуучулар катышышты. 

КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын командасы өлкөнүн 8 билим берүү мекемелеринин окуучуларынан куралган.  

1. Базарбаев Баяман –Кадамжайдагы “Семетей” лицейи, 11-класс;  

2. Батырбеков Ильяс –Таластагы “Манас Ата” лицейи, 11- класс;  

3. Сайткулов Шаршенали –Жалал-Абаддагы “Курманбек батыр» лицейи, 11-класс; 

4. Камалов Айдар –Оштогу “Олимп” лицейи, 10-класс; 

5. Чекирбаев Мирхад –Бишкектеги № 9 билим берүү – тарбия комплекси, 10-класс; 

6. Мирзакимов Улукбек – Токмоктогу Ж.Баласагын атындагы лицей, 10-класс; 

7. Муратова Элина –Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс; 

Булак: NewTV

 
Categories

Бишкектеги мыкты мектеп-гимназия

Бишкектеги «Жал» кичи районунундагы №95 кытай тилин үйрөткөн гимназия-мектепте калаанын 140 жылдыгына карата иш-чара өтүп, окуучулар ата-энелер менен келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты.  

 Мектеп директору Анара Акбашаеванын айтымында, учурда мектепте 50дөн ашык мугалим иштейт. Алар атайын сынактын негизинде тандалды. Мектепте мугалимдердин тартыштыгы жок. Мектеп заман талабына шайкеш салынган. Ар бир класска интернет киргизилген. Кытай тилин, маданиятын үйрөтүү боюнча кабинет иштейт. Кытай тилин кытай улутундагы мугалимдер үйрөтөт.

 Анара Акбашаева, №95 мектептин директору

– Бүгүн биздин мектепте өтүп жаткан иш чара Бишкек шаарынын 140 жылдыгына карата болду. Атайын Билим берүү министрлигинен конокторду чакырганбыз. Мектепте кытай тилин гана окутпастан маданиятын кошуп үйрөтөбүз. Концерттик программаны ата-энелер дагы көргөнү келишкен.

 Булак: NewTV

 
Categories

Өмүрдүн жарымы билим алууга кетеби?

Медициналык академиянын студенттери атайын адистиктер үчүн окуу мөөнөтүн узартуу боюнча Өкмөттүн токтомуна нааразы. Себеби, 11 жылда студенттердин убактысы гана кетпестен, кошумча чыгымды талап кылат. Мурда атайын адистерди даярдоо үчүн 7-9 жыл керектелсе, токтомго ылайык окуу мөөнөтү азыр 8-11 жылга чейин узартылат

 
Categories

Жогорку билим, төмөнкү айлык

Кыргызстанда жаштардын басымдуу бөлүгү жогорку окуу жайларга тапшырып, 5 жылдап окуу акысын төлөшүп, бирок окуусун аяктаган соң өз адистиги боюнча жумуштун жоктугунан улам жөнөкөй жумушчулардын, же жумушсуздардын катарын толуктап кала беришет. Андыктан, азыркы жаштар жумуш келечекте орундуу болуп, жакшы маяна алуу үчүн сөзсүз эле жогорку билим алуу зарыл эместигин биле башташты. Байышбек Талантбеков баштапкы кесиптик лицейди бүтүрүп, жумуш орду менен камсыздалып, учурда айына 40 миңден кем эмес айлык алат. Жогорку окуу жайдан юридикалык билим да алган. Бирок, айлыктын аздыгынан улам тандаган кесиби боюнча иштебей калган

Борбор калаадагы № 4 кесиптик лицейинде ширеткичтен тарта курулуштун бардык түрү боюнча адистер даярдалып чыгат. Алар бир эле учурда окуп, практика өтөп жана жасаган иши үчүн акы алгандар да кездешет.  

Ал эми санитардык техниктер айына бери дегенде эле 30 миңге чейин акча табышат. Бул салыштырмалуу мамлекеттик жогорку кызматта иштеген министрлердин орточо айлыгы менен тең тайлаш.  

Бүгүнкү күндө өнө р жай тармагы да негизги кирешелүү булактардын бири. Мындай кесипти аркалап, тигүүчүлүк менен аракеттенген жаштар аз эмес.  

Баштапкы жана орто билим берүү агенттигинин маалыматы боюнча, кесиптик лицейге тапшыргандын саны жыл сайын өсүүдө. Маселен, 2016-17-жылы алардын саны 30 миңди түзсө, бул окуу жылында 32 миңге көбөйгөн. Окуу бюджеттик негизде жана жатакана, тамак-ашы бекер.  

Бүгүнкү күндө республика аймагында 100 кесиптик лицейи бар. Алардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик үлгүдөгү сертификат жана дипломго ээ болушат.  

Булак: NewTV 

 
Categories

Медакадемияда билим берүү 11 жылга узартылат. Дарыгер болууга өмүрдүн жарымы кетеби?

 22 жаштагы Руслан Омуралиев мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырган. Учурда аталган окуу жайдын балдарды дарылоо факультетинде 3-курста билим алат. Айтымында, окуу мөөнөтүнүн 11 жылдык болушун угуп нааразы. Себеби, 6 жыл университте билим алып, кийин 2 жыл кайра ординатурада окуйт. Кайра дагы кошумча окуу жөн эле убактысын алып, ашыкча чыгым келтирет.

Ал эми ошол эле окуу жайдын биринчи курсунун студенттери бул жаңы өзгөртүүлөргө шыктанган жок.

“11 жыл мектепте окуп, кайрадан дагы 11 жыл окуу акылга сыйбаган көрүнүш. Анан да билим алуунун акысы жыл санап өсүп баратат. 11 жылдык теорияга караганда бир жыл болсода практика артык”, – дешет.

Мындан бир топ жыл илгери өлкөдө билим берүү тармагында студенттердин санына, окуу жылынын узактыгына эмес, билим берүүнүн сапатына көңүл бурулган.18 жылдан бери номур 16-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмгектенип келе жаткан дарыгер Динара Азаева Иса Ахунбаев атындагы медициналык Академияны аяктаган. Мектепти күмүш медаль менен бүтүп, 1990-жылы студент болот. Кийин 6 жылдан кийин дарыгерлердин катарын толуктаган.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча аталган системага өзгөртүүлөрдү киргизүү медицина тармагындагы даярдоо сапатын жогорулатып, эл аралык талаптарга жооп берген билим берүү стандарттарына жакындатат. Минималдуу мөөнөттүн ичинде, тактап айтканда студент 8 жылда жалпы практикалык дарыгер боло алат. Ал эми потенциалдуу атайын адистик үчүн студенттер дагы бир нече жыл эмгектенүүгө туура келет.

Эске салсак, атайын адистиктер үчүн окуган медициналык Академиянын студенттеринин окуу мөөнөтүн узартуу боюнча 2017-жылдын декабрында өкмөттүн токтому чыккан.

 Булак: NewTV

 
Categories

Окуучуларды жөнөкөй чөнтөк телефондорун көтөрүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору демилгеленүүдө

ЖК депутаты Махабат Мавлянова мектеп окуучуларын кымбат эмес жөнөкөй чөнтөк телефонун гана колдонууга үндөп, смартфондордон баш тартууга чакырган ЖКнын токтом долбоорун демилгелөөдө.

Мектеп окуучулары колдонуп жаткан чөнтөк телефондорун мектепке барганда сактап коё турган атайын орунда кутучалар болуш керек. Бул жагынан алганда мындай жөрөлгө тартиптер жеке менчик мектептерде алда качан жолго коюлган. Эми болгону аталган маселенин мамлекеттик мектептерде ыңгайын табуу зарылчылыгы жаралууда. Болбосо, телефондор жоголуп, сабак мезгилинде интернетке кирип, окуучулардын алагды болгон учурлары арбын.

Ошону менен катар эле мектепте окуу формасы бирдей болуп, кыздар такасы 3 см. бийик бут кийим кийбеши керек. Антпесе, окуучу балдардын бири – биринен айырмаланып өзгөчөлөнүп кийиниши балдар арасындагы жик – жикке бөлүнүүгө алып келип, психологиялык өйдө – төмөн абалдын түзүлүшүнө түртө тургандыгын да мыйзамдын демилгечилери айтып чыгышты.

 
Categories

Москва шаарындагы олимпиадада кыргызстандык окуучулар сыйлуу орунга ээ болду

КР Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Москва шаарында өткөн «ИнтеллекТ» эларалык 10-олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулар байгелүү орунга ээ болушту.

Бул олимпиадага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 300 окуучу катышкан.  

Чкалов мектебинин эки окуучусу байгелүү орунду багындырышты.  

Бул сынакка Канада, Мальта, Түштүк Корея, Кытай, Латвия, Литвия, Казакстан, Өзбекстан, Азербейджан, Россия жана Кыргызстандан 2-11-класстын мыкты окуган окуучулары катышкан.  

Аталган мектептин 5-классынын окуучусу Шарипова Дарина 5-6-класс категориясы боюнча 1-орунду ээлесе, 9-класстын окуучусу Тиленбаева Айжамал 9-класстын категориясында 3-орунга жетти.  

Булак: NewTV