Categories

Тажикстанда өлкөгө кайткан мигранттарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда

Мекемелердин сунушуна ылайык, өз мекенине кайтып келген мигранттар тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана өлкөгө киргизилиши керек. «Ушундай жол менен гана булагы катары мигранттар эсептелген жугуштуу оорулардын, анын ичинде ВИЧ менен кургак учуктун алдын алууга мүмкүн. Алар үчүн медициналык текшерүү бекер болушу керек», — деди Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин бөлүм башчысы Усмонали Латифи.

2000-жылдан бери Тажикстанда ВИЧ менен ооруган аялдардын саны көбөйгөн. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында алар бул ооруну көбүнчө Орусияда иштеп келген күйөөлөрүнөн жуктурганы аныкталган. Алсак, 2012-жылы ВИЧ жуктурган 1100 аял каттоого алынган.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө ВИЧ менен ооруган 7 миңден ашык киши жашайт. Алардын 14,9 пайызын мигранттар түзөт.

Өлкөгө кайтып келген мигранттарды текшерүүдөн өткөрүү чечимин туура деп эсептеген белгилүү тажик дарыгери Абдулло Давлатов аэропорттордо, темир жол станцияларында жана көзөмөл-өткөрмө бекеттерде медициналык жайларды ачуу түйшүктүү иш экенин жана ага көп акча керектелерин билдирди.

NewTV

 
Categories

Парацетамолдун кесепеттерин билесизби?

Парацетамол – бул суук тийүүнү жана катуу оору белгилерин жок кылуучу кеңири тараган дары каражаты. Аны ашыкча пайдалануу бир катар кесепеттерди жаратат. Америкалык дарыгерлер парацетамол аялды тукумсуз кылып кылып коюу коркунучун жаратат жана кош бойлуу аял ичсе боюнан түшүп калышы ыктымал. Андан тышкары, бул дененин табын түшүрүүчү каражат ымыркайдын нерв системасынын өнүгүшүн бузушу да мүмкүн. 

Мындай дары каражаттары боорго да зыянын тийгизгендиктен, дарыгерлер пациенттерге бул дарыны жазып берээрде анын кесепеттери тууралуу эскертиши зарыл. 

Булак: NewTV

 

 
Categories

“Ден соолук” программасын эларалык каржы донорлордун жардамы менен жакшыртуу каралууда

Жогорку Кенештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. 

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Акыркы жылдары эне жана ымыркай балдардын өлүм көрсөткүчү кыскарууда. 2015-жылдагы ЮНИСЕФтин Дүйнөлүк отчётуна ылайык, Кыргызстан МЖӨнү жүзөгө ашырган өлкөлөрдүн катарына кирген (1990-жылга салыштырмалуу балдар өлүмүнүн деңгээлин 2/3 гө кысткарткан). Стационардык тейлөөдөн Баштапкы медициналык-санитардык жардамга (БМСЖ) өтүү иштери акырындык менен жүрүп жатат. 

2016-жылдын аягына карата «Ден соолук» программасы үчүн бөлүнгөн донордук каражаттардын ичинен 25 млн. 05 миң АКШ доллары өздөштүрүлгөн. Программанын аягына чейин дагы 18 млн. 06 миң АКШ долларын өздөштүрүү пландалууда. Мындан сырткары 2016-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Республикасынын Өкмөтү ортосунда 2016-жылдын 20-майында ратификацияланган №66 Каржылык кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлган жана анда 2017-2018-жылдарга карата «Ден соолук» программасын колдоо үчүн 10 млн. 950 миң евро караштырылган. Ошондой эле 2017-жылдын аягына чейин каржылык жана өзгөчө макулдашууга кол коюу пландалууда.

Булак: NewTV

 
Categories

Медициналык заманбап жабдууларга болгон тендер токтотулду

Кыргызстандагы сызыктуу тездеткич (линейная ускоритель) алуу боюнча тендер жокко чыгарылды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды. 

Маалыматка караганда, сызыктуу тездеткич, магниттик-резонанстык томограф, наркоздук дем алуу аппараты, көп функциялуу медициналык керебетке 376 миллион 225, 5 миң сом бөлүнгөн. Тендерди январь айында эле жарыяланып, бирок бир нече жолу узартылган. 

 Бүгүн тендердик документтер ачылышы керек эле. Анткен менен сынакты бир нече күн мурда жокко чыгарышкан. 

Онкологиялык кызматты колдоо Фондунун төрагасы Н. Аднаевдин айтымында, мындай чечимге фонд эмес, фонддун үстүнөн көзөмөл кылуучу байкоочу кеңеш келген. Сынак кийинчерээк кайрадан жарыяланат. Сатып алууга бардык нерсе даяр. 

 

Булак: NewTV

 
Categories

Кыргызстанда ымыркайлар өлүмү азайып, энелер өлүмү көбөйдү

2017-жылга караганда быйыл, 2018-жылы өлкөдө ымыркайлардын өлүмү азайган. Наристелер арасындагы өлүмдүн көрсөткүчү  6 пайызга ылдыйлап, бул миң баланын он бешине туура келээри кабарланууда. 

Бирок, ошол эле убакта энелер арасындагы өлүмдүн көрсөткүчү жогорулаган. 2016-жылга караганда 2017-жылы төрөт учурундагы көз жумуу үч пайызга көбөйүп,  жүз миң аялдын отуз бири каза тапкан. 

Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында энелердин өлүмү  көп катталган.  Дарыгерлер мындай көрсөткүчтүн себеби катары ички-тышкы миграциянын күч алышын,  социалдык жактан аз камсыздуулукту, аз кандуулукту айтышат. 

Булак: NewTV

 
Categories

Сапар Исаков «Токуда» жапон фонду менен саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков «Токуда» коомдук фондунун (Жапония) директорлор кеңешинин төрагасы Мари Токуданы кабыл алды.

Бул тууралуу КР өкмөтүнөн билдиришти. 

Жолугушууга Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Есихиро Ямамура катышты. Тараптар саламаттыкты сактоо жаатындагы биргелешкен кызматташтыктын келечегин талкуулашты. 

Өкмөт башчы «Токуда» фондуна Нарын облустук ооруканага гемодиализ аппаратын тартуулагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында бул өлкөнүн жарандары үчүн абдан маанилүү жардам. 

Премьер-министр Өкмөт тарабынан мындан ары дагы бөйрөк дарттарын алдын алуу боюнча жана жарандарды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууга өзгөчө маани берилерин баса белгиледи. 

«Токуда» коомдук фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Мари Токуда жолугушуу үчүн Өкмөт башчыга ыраазычылыгын билдирип, жана анда белгиленген маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин тастыктады. 

Премьер-министр Мари Токудага саламаттыкты сактоо жаатындагы өз учурундагы жардамы, ошондой эле Кыргызстан менен Жапония ортосундагы достук жана кызматташтыкты бекемдетүүгө кошкон салымы үчүн анын атасы – «Токушюкай медикал корпорейшн» медициналык мекеме топторунун башкармалыгынын төрагасы Торао Токуданы жана Кыргызстандын Жапониядагы ардактуу конусулу Масахару Мидзусакону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо чечими кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады.

Булак: NewTV

 
Categories

Дарыгер: Ресторандан ууланган жаш балдардын 19у ооруканага жаткырылды

31-марттан 1-апрелге караган түнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында өткөн үлпөт тойго чакырылган коноктор массалык ууланышты. Тамак-ашка ууланды деп күмөн санап жаткан дарыгерлер жабырлануучулардын көпчүлүгү борбордогу жугуштуу илдеттер ооруканасына жайгаштырылса, конок болуп кеткендердин айрымдары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага кайрылышкан. 

 Маалыматтарга караганда, өткөн ишемби күнү «Ала-Тоо» ресторанында болгон тойго Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын облустарынан болуп жалпысынан 200дөй конок катышкан. Ага баргандар жана ал жерден кешик алып кеткендер тоок этинен ууланган деген божомол айтылууда. Мындай ден соолукка кооптонуу жараткан окуядан улам Бишкек шаарындагы Октябрь райондук прокуратурасы да эки берененин негизинде иш козгогондугун, учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын билдиришти.

Асел Балабасова, Жугуштуу илдеттер ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы:


-Ушул сааттарга карата ооруканага тамак-аштан уулануу менен 150 адам кайрылышты. Алардын 100ү ооруканага жаткырылса, 50 адам биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө жиберилди. Жаш балдардын да 19у ооруканада жатат, 12 балага амбулатордук дарылоо дайындап, үйүнө жөнөттүк. Акыбалдары ар кимисиники ар кандай, жеңил, орто акыбалдагылар да, оор абалдагылар да бар.  

Октябрь районунун прокурору Улукбек Султанов бул боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун белгиледи.

Булак: NewTV