Categories

Кыргыз сомунун 25 жылдыгына карата Нарын шаарында тегерек стол уюштурулду

Аталган маалыматты Нарын облусундагы өз кабарчыбыз Гулира Туратбекова маалымдады.

Улуттук Банк тарабынан өткөрүлүп жаткан иш чарага банк өкүлдөрү, мекеме жетекчиликтери катышты. Сом улуттун жүзү. Учурда сом дүйнөлүк деңгээлде өз ордун таап, корголуучу эң белгилери жана жасалгасы боюнча эл аралык сынактарда байгелуу орундарды жеңип алууда. Мунун өзү эле кыргыз сомунун эл аралык деңгээлде өзүнүн салмагы, кадыр баркы жогору экендигин тастыктап турат.

Иш чарада өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Нарын шаардык мэриясынын ардак громатасы менен ишинде ийгилик жараткан банк кызматкерлер сыйланышты. Нарын шаарында жалпысынан 20 дан ашуун банктардын филиалдары жана кридиттик союздар бар.

Булак: NewTV

 
Categories

Евроазия Экономикалык Биримдигинен экономикабыз жабыркап жатат”

“Евроазиялык Экономикалык Биримдиги экономикалык эмес, саясый биримдикке айланды. Бул биримдикке Кыргызстан кирип, авторитардык режимге көз каранды болуп калдык”. Мындай пикирин Кыргыз концепт компаниясынын негиздөөчүсү  Эмил Үметалиев “Марал” радиосуна берген маегинде айтты.

“Аталган биримдикке кирүүгө учурунда саясатчылардын эрки жана интеллектуалдуулугу жеткен жок. Аны толук түшүнгөн саясатчылар болгон эмес. Элибиздин түшүнүгү да каршы тура алган жок. Элдин көзүн ача турган маалыматтарды биз жеткире алган жокпуз.

Мен 2010 – жылы экономика министри болуп турганда Евроазиялык экономикалык Биримдигине кирсек анын зыяны жана пайдасы тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Зыяны көбүрөөк болгон. Азыр дал ошондой эле болуп жатат” – деди.

Андан ары Кыргызстанда оппозициянын орду мыйзамдык негизде корголбондуктан сырка инвестиция миллиондоп чыгып кетип жаткандыгына, ишкер инсандар да аны менен кошо чыгып жаткандыгына токтолду.

Назаркул Жоошбаев

Булак: NewTV

 
Categories

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши мигранттарга кандай жардам берди?

2015-жылдын 12-августунан тартып Кыргызстан ЕАЭБдеги толук кандуу мүчө-мамлекетке айланган. Катышуучу өлкөлөр бирдиктүү эмгек базарын түзүү жана эмгек мигранттарынын эркиндигин шарттоо жаатында жакшы жылыштарды байкай алышты. Бирдиктүү мамлекеттердин жарандарына эми эмгек ишмердүулүгүн жүргүзүүгө башка  өлкөнүн атайын уруксатын алуунун кереги жок. Алар жумуш издеп барган өлкөлөрдө  медициналык камсыздоого алынып, социалдык жеңилдиктерге да туш келишет. Бирок, азырынча социалдык кызматтар мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө бериле элек. 

 Эмгек мигранттар экономиканын өнүгүшүнө да салым кошушат. Кыргызстандык мигранттар бир айда мекенине 150 миллион доллардан ашык акча каражатын которушат. Эксперттер бирдиктүү мамлекеттерге мигранттардын иштөөсүнө багытталган калган пунктарды да ишке ашыргандан кийин бул сумма дагы да өсөөрүн белгилешет. Бүгүнкү күндө кара тизмеде 70 миңдей кыргызстандык бар, ал эми 2015-жылы бул көрсөткүч 200 миң адамга жеткен. 

Белгилей кетүү керек, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мигранттардын пенсиялык каржылоосуна байланышкан маселе чечилген. 2015-жылдан тартып кыргызстандык расмий жумушка орношууда мыйзамдын негизинде айлык маянасынын кайсы бир пайызын жумуш берген   өлкөнүн  социалдык фондуна которот. Ал пенсия курагына жеткенде пенсиясын Кыргызстандан алып турат. 

Ошондой эле каттоого туруу жөрөлгөсү да оңойлоштурулганын айтпай кетүүгө болбойт. Эми жарандар иш издөө учурунда, 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Эмгек келишими соңуна чыккандан кийин, же мөөнөтүнөн мурда токтотулса, жаңы иш табууга 15 күн берилет. 

 

Булак: NewTV

 
Categories

Телеграмга бөгөт коюлушунан улам бизнес 2 млрд доллар жоготушу мүмкүн

Маалыматка караганда, Орусиялык компаниялар жыл соңуна чейин миллиард доллар, ушунча эле сумманы Amazon жана Google компаниялары жоготушу мүмкүн.

«Бул эң пессимисттик сценарий. Мындай шартта «Ростелеком», Mail.ru Group, «Яндекс» жана Microsoft компаниялары утушка ээ болушу мүмкүн», — деп эсептейт Прокофьев. 

Ал «Орусия бизнеси үчүн өтө керек болгон сервистер бир тараптуу негизде бөгөттөлгөн» учурларды жокко чыгара турган өзгөртүүлөрдү кабыл алуу керек деп эсептейт. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Google жана Amazon сервистерин колдонгон 400гө жакын орусиялык компания зыянга учурады. 

Күн мурун Илимий кызматкерлердин коому Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевге кайрылып, «Роскомнадзордун зыян алып келген ишмердүүлүгүн токтотууну» талап кылышкан. Окумуштуулар мекеме кызматкерлери компанияларга чыгым келтиргендиги үчүн жооп бериши керек деп эсептешет. Өз кезегинде Роскомнадзор «ак ниеттүү иштеп жаткан башка ресурстарга бөгөт койбоо максатында» чаралар көрүлүп жатканын билдирди. 

Telegram ФСБга колдонуучуларынын билдирүүлөрүн чечмелөөчү ачкычтарды берүүдөн баш тарткандыгы үчүн, Орусияда мессенджерге 16-апрелден тарта бөгөт коюлган. Телеграм чектөөлөрдү кыйгап өтүү үчүн америкалык Amazon жана Google компанияларынын серверлерин пайдалана баштагандыктан, Роскомнадзор алардын дээрлик 20 миллион дарегине кирүү мүмкүндүгүн чектеген. Бирок ошол эле маалда Telegram ишин улантууда. 

 
Categories

Түркмөнстанда доллардын көмүскө базардагы курсу 16 манаттан ашты

25-апрель эртең менен Ашхабаддагы көмүскө акча алмаштыруу жайларында 1 АКШ доллары 16,1 манаттан сатып алынып, кайра 16,4 манаттан сатылды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Түркмөнстан Борбордук банкы тарабынан бекитилген расмий курс 1 АКШ доллары үчүн 3,5 манат бойдон өзгөрүүсүз калды. Ал ортодо өлкөдө азык-түлүк, анын ичинде ун менен ичүүчү суунун баасы кымбаттады. 

«Казакстандан алып келинген ун кайрадан кымбаттады. Бир нече күн мурда Ашхабад базарларында килограммы 5 манаттан турган казак уну бүгүн 5,5 манаттан сатылууда. Бирок алардын баасы марттын башындагыдай эле 4,5 манат деп турганы менен ал баада сатып алуу мүмкүн эмес», – деп жазды басылма. 

Түркмөнстанда накталай валюта алмаштыруу мыйзамсыз болуп эсептелет. Өлкөнүн Борбордук банкы тиешелүү тыюуну 2016-жылы январда киргизген. 

 
Categories

Орусия 2017-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 1,2 млрд доллар бөлдү

Орусия 2017-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 1 миллиард 200 миллион доллар жардам бөлдү. Бул тууралуу РИА Новости тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкинге шилтеме жасап билдирди.

Панкиндин айтымында, жардам эки тараптуу мамилелердин алкагында, андан тышкары эл аралык түзүмдөрдүн, анын ичинде БУУнун линиясы боюнча берилген. 

Дипломат Москва постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттерди, андан тышкары “Латын Америка жана Азиядагы эзелтеден берки стратегиялык өнөктөштөрдү ” колдой турганы белгиледи. Бирок ал өлкөлөрдүн аттарын так атаган жок. 

Эксперттердин маалыматы боюнча 11 жылда Орусиянын чет мамлекеттерге берген жардамы 11 эсеге көбөйгөн. 2005-жылы бюджеттен бул максатта жүз бир миллион доллар бөлүнгөн. Орусиядан ири көлөмдө жардам алган өлкөлөрдүн башында Кыргызстан (323 миллион доллар), андан кийин Армения (37,3 миллион доллар), үчүнчү сапта Тажикстан (21,7 миллион доллар) турат. 

Акыркы жылдары Москва башка өлкөлөгө берген 80 миллиард доллар карызын кечкен. Бул арада Орусиянын өзүнүн тышкы карызы 50 миллиард доллар.

 
Categories

Кыргызстан мамлекеттик карыздын чегин белгилейт

Өкмөт мамлекеттик карыздын көлөмүн ички дүң продукциянын 70% ашырбоо максатында Бюджет кодексине өзгөртүү киргизүүдө. Мындан тышкары бюджеттин таңкыстыгы ИДПнын 3% жогору болбошу керек. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

Учурда Бюджет кодексине киргизилген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда. 

2018-жылдын 28-февралына карата мамлекеттик карыз 4, 4миллиард долларды түзгөн. Бул ИДПнын 55,7% барабар. Алардын ичинен тышкы карыз – 3,8 миллиард доллар. 

Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорт банкына 1,7 миллиард доллар бересе. Бул тышкы карыздын 44% түзөт. 

2018-жылдын январь-март айларында өкмөт мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 2,4 миллиард сом жумшаган.

 
Categories

Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Баалуу кагаздар
рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын  1-мартында кабыл алынган. 

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты баалуу кагаздар рыногунда иштерди жөнгө  салуучу мыйзамдык базаларды, анын ичинде баалуу кагаздар эмитенттерин, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларын жана инвесторлорду  өркүндөтүү болуп саналат.  

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө  кирет. 

Булак: NewTV

 
Categories

Сооронбай Жээнбеков: Накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө шарттарды түзүү зарыл

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Улуттук банктын төрагасы валюталык рыноктогу абал жана улуттук валютанын  алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүшүн жумшартуу боюнча көрүлүп жаткан  чаралар, жүргүзүлүп жаткан акча-насыялык саясат жана банк секторунун  туруктуулугун камсыздоо маселелери боюнча айтып берди. 

Мындан тышкары, Улуттук банктын банк инфраструктурасын өнүктүрүү жана  2018-2020-жылга карата төлөө системасын өнүктүрүүнүн Негизги багыттарын ишке  ашыруунун алкагында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча  пландарга токтолду. Анын максаты Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм  тейлөөлөрүн киргизүү деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. 

Ошондой эле улуттук валюта – сомдун 25 жылдыгына карата Улуттук банктын  жүргүзүп жаткан иш-чаралары жөнүндө да маалымат берилди. 

 Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын негизги соода-сатык  өнөктөштөрүнүн түзүлүп жаткан экономикалык абалын эске алуу менен Улуттук  банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте өлкөнүн экономикасына  болгон тышкы шоктордун таасир этүү каналдарын жана деңгээлин аныктоо  керектигин айтты. 

Товарларды импорт жана экспорт кылган ишкерлерге жана экономикага болгон  сырткы рыноктордогу мүмкүн болуучу терс таасирлерге карата биргелешкен  иш-чаралардын планын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. 

Ошондой эле мамлекет башчысы инновациялык технологиялардын негизинде  каржылык жана банк тейлөөлөрүн тез арада киргизүү, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө шарттарды түзүү жумуштарын активдештирүү, өзгөчө аймактарда  каржылык жана төлөө тейлөөлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарылдыгын  белгиледи. 

Булак: NewTV

 
Categories

Импорттоо процедурасын оңойлоштурушабы?

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга товар импорттоо процедурасын оңойлоштурушат. Мамлекеттик салык кызматынын планына киргизилгенин аталган кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Салык кызматынын өкүлдөрү жеке ишкерлер менен жолугушушкан. Ишкерлер чет өлкөлүк ишкерлер үчүн салык каттоосу тууралуу тастыктаманын мөөнөтүн бир айдан жарым жылга чейин узартып берүүнү суранышкан. 

МСКнын башчысы импорттоочулар ЕАЭБдин өлкөлөрүнөн бир гана жолу тастыктама алуу менен алты айга чейин товар ташый ала турганын кабарлады.  Бул импорттоо процедурасын оңойлоштурат. 

Булак: NewTV