Жапония өлкөсү өз жанын өзү кыйган жагынан алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турат. Жашоо шарты эң жакшы, дүйнөлүк технологиянын үлгусү болгон бул өлкөдө эмне себептен мындай көрүнүш деген да суроо туулбай койбойт. Жапонияда “жумуштагы өлүм” деген сөз бар – “кароси” – деп аталат. 2015-2016-жылдарда Жапонияда “каросинин” рекорддук саны 1456 адамга жеткен. Жумушчулардын укугун коргогон уюмдардын айтымында, чыныгы көрсөткүчтөр расмий статистикадан айырмаланышы мүмкүндүгү айтылып келет.
Анын себептери катары, жумушта жүрүп, стрестен же жүрөк, кан тамыр сыяктуу илдеттерден көбүрөк каза табышкандыгы аныкталган. Айрым учурда жумуштун оордугунан өз жанын кыйгандар бар.
Орточо эсептегенде жапондор жылына болжолу 1713 саат жумушта болот. Бирок мыйзам, эреже деген башка, реалдуу турмушта такыр башкача. Жапонияда жумуш убактысын чектеген мыйзам жок. Ошондуктан мынча саат жумуш деген менен жапондордун көбү андан алда канча көп убакытысын жумушка арнашат.
Ал эми күнүмдүк жумуштун терс таасиринен арылуу максатында 2018-жылдын мартында Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясы жумушчу саатын кыскартып, эс алууга көбүрөөк убакыт берген мыйзамды кабыл алды. Түштүк Корея жумуш күнүнүн узактыгы боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн сап башында турат. Мыйзамга ылайык бир апталык жумуш убактысы 68 сааттан, 52 саатка кыскарды.
Жаңы мыйзам 2018-жылдын июль айында күчүнө кирет. Башында ири компаниялардын кызматкерлери ушул тартипке өтөт, анчейин чоң эмес ишканалар акырындык менен жаңы стандарттарга өтмөкчү.
Алгач аталган мыйзамга ишкерлер каршы чыкты. Бирок өкмөт бул мыйзам зарыл экенин айтып, ал кишилердин жашоо шартын жакшыртууга жардам берери тууралуу түшундүрүү иштерин жүргузушкөн. Андан сырткары апталык жумушчу убактысынын кыскарышы жаңы жумуш орундарын да жаратат деп күтүлүүдө.
Дагы бир жаңылык, жумуш убактысынын кыскарышы балдардын төрөлүү көрсөткүчүн жогорулатат. Түштүк Кореяда акыркы ондогон жылдар ичинде балдардын төрөлүүсү кескин төмөндөп кеткендиги маалым. Кыргыз кыздарына кызыгышып жаткандыктары да белгилүү эмеспи.
Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨ) маалыматына таянсак, ар бир Түштүк Корея жараны жылына орточо эсеп менен 2069 саат жумуш ордунда болуп, жумуш күнүнүн узактыгы боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн сап башында турат.
Булак: NewTV