Categories

АКШ Иранга карата санкцияларын кеңейтти

Вашингтон Иранга карата санкцияларын кеңейтти. Тиешелүү документ АКШ Каржы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Санкциялык тизмеге “Ислам революциясынын сакчылары” корпусуна катышы бар делген алты киши жана төрт компания кирди. 

8-майда АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгарын билдирген. Ал макулдашуунун алкагында токтотулган санкциялар кайра жанданарын эскерткен. 

2015-жылы Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. 

 
Categories

Порошенко, Меркель жана Макрон Орусия президенти менен жолугушууга даярданууда

Украина президенти Петр Порошенко Франция жана Германия лидерлери менен бирге “Норманд төрттүгүнө” даярдануу боюнча макулдашты. Иш-чара Парижде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу ал 10-майда Германияда Ангела Меркель жана Эммануэль Макрон менен болгон жолугушуудан кийин маалымдады.

“Норманд форматындагы” жолугушууну жакын арада өткөрүү үчүн керек болгон кадамдарды макулдаштык “, – деп белгиледи Порошенко. 

Анын айтымында, тараптар Крымды аннексиялаганы үчүн Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү ыктымалын, барымтадагыларды бошотуу жана тынчтык орнотуучуларды киргизүү маселелерин талкуулашты. 

9-10-майда Украина президенти Германияга жумуш сапары менен барды. 

Майдын соңунда Франция жана Германия лидерлеринин Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу пландалган. 

 
Categories

Израиль аскерлери ракеталык аткылоого кабылганын билдирди

Израиль армиясы Голан дөңсөөсүндөгү аскерлерине Сириянын аймагындагы Иран күчтөрү тарабынан ракеталык аткылоолор болгонун билдирди. ММКлар буга жооп кылып израил аскер-аба күчтөрү дагы ок чыгарганын кабарлашууда.

10-майда эртең менен Израилдин Коргонуу армиясы аскерлерине карата жыйырма чакты ракеталык сокку жасалып, имараттарга чоң зыян келтирилгенин билдирди. Маалыматка караганда, соккулардан каза болгон жана жаракат алгандар жок. Өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү «айрым» ракеталарды токтотуп калган. 

Израиль армиясынын подполковниги Жонатан Конрикус ракеталар Иран ислам революциясынын сакчылары корпусунун «Кудс» күчтөрү тарабынан кое берилгенин билдирди. Ал Израиль армиясы Ирандын бул кол салуусуна олутуу мамиле кыларын белгилеп, бирок израилдин жооптуу соккулары тууралуу маалыматы жок экенин айтты. 

10-май эртең менен Сириянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги Дамасктын четине жана Сириянын башка райондоруна ондогон ракета кое берилгенин билдирген. Жыйынтыгында радар орнотмолору бузулуп, курал-жарак сакталган кампалар зыянга учураган. 

9-майда Сирия Израилди Кисвех аймагындагы иран аскерлеринин позицияларына ракеталык соккуларды жасоого айыптаган. 

Байкоочулардын маалыматына караганда, 9-майдагы соккулардан 15 киши, анын ичинде сегиз иран аскери мерт болгон. Иран израил авиациясынын бул соккуларына жооп берээрин убадалаган. 

 
Categories

Индияда алтын аткезчилиги үчүн 28 түркмөн жараны кармалды

Индияда Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортто аткезчилик жол менен өлкөгө 19 килограмм алтын алып кирүүгө аракет кылган 28 түркмөн жараны кармалды. Алардын арасында 22 аял бар. Бул тууралуу Индиянын маалымат каражаттары жазышты.

6-майда «The Indian Express» басылмасы жума күнү 23 түркмөн жараны кармалганын кабарлаган. Алардын жанынан табылган алтындын жалпы баасы 60 миллион рупий же 890 АКШ долларына барабар болгон. 

«Ал жарандардын буга чейин дагы Делиге келип жүргөнү аныкталды. Акыркы жолку сапарында алар аткезчилик жол менен өлкөгө 7 килограмм алтын алып келип, ишкерлердин бирине саткан», – деп жазды басылма. 

Көп өтпөй өлкөнүн Бажы кызматына Түркмөнстандан учкан дагы бир учакта мыйзамсыз алтын алып келаткан беш түркмөн жараны бар экендиги тууралуу кабар келип түшкөн. Текшерүүлөрдөн кийин алардын алтын алып кирүү аракети мыйзамсыз экени аныкталып, кармалышкан. 

Учурда бул иштер боюнча тергөө уланууда. 

 
Categories

Өзбекстан президенти расмий сапар менен АКШга барат

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын чакыруусу менен 15-17-майда расмий сапар менен АКШга барат.

Сүйлөшүү учурунда эки лидер өзбек-америка кызматташтыгынын азыркы абалы менен келечегин талкуулашып, актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышат, деп билдирди Өзбекстан президентинин маалымат кызматы. 

Өзбекстан башчысы Конгрессте, Коргоо министрлигинде жана АКШ Мамлекеттик департаментинде, Дүйнөлүк банкта эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 

Расмий сапардын жыйынтыгында “Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттары: стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы эрасы” деген биргелешкен билдирүү кабыл алынат. Бир катар документтерге кол коюлат. 

3-майда Өзбекстан ТИМ башчысы Абдулазиз Камилов АКШ элчиси Памела Спратленди кабыл алган. Жолгушуу учурунда Мирзиёевдин АКШга жасала турган сапары талкууланган. 

 
Categories

Билим алууга эч убакта кеч эмес. АКШда таяне небереси менен бир күндө университетти аяктады

АКШда таене  менен небере бир күндө университетти аякташты. Буга дейре алар үй тапшырмаларын чогуу аткарып, сынактарга чогуу даярданып келишкен. 

Бул тууралуу CTV жазып чыкты. 

Өткөн жылдын май айында 68 жаштагы пенсионер Тереза Лайлз Теннесси штатындагы  университетти аяктоону максат кылган. Ал көп жыл мурда бул университетте билим алып баштап, бирок, үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу аягына чыгара албай калган эле. Ошол эле университетте анын 22 жаштагы небереси Зури Лайлз акыркы курста окуп жаткан. 

Чоң эне менен небере үй тапшырмаларын чогуу аткарышып, сынактарга даярданышып, бирин бири абдан колдошкон. Январь айында Зуринин апасы каза тапкан, ал Терезанын экинчи кызы болгон. Апасынын күйүтүнөн улам Зури окууну таштамак болот, бирок, таене аны бул жакшы чечим эмес экенине ынандырат. Майдын башталышында таене-небере диплом алышты, диплом алуу аземине туугандарын жана досторун чакырышкан. 

 

Булак: NewTV

 
Categories

Согуш ардагерлеринин урпактары жеңиш күнүн кандай белгилешти?

Акыркы убактарда 9 – май жеңиш майрамын белгилөөгө карата түрдүү көз караштар пайда болууда. Мындай көз караштарга Россиянын президентти В. Путин да өз пикирин Кызыл аянтта сүйлөгөн сөзүндө токтолду. “Бүгүнкү күнү Европаны, дүйнөнү кулчулуктан, кыргындан куткарган элдин эрдигин жокко чыгарууга, согуштун мазмунун бурмалоого, чыныгы баатырларды көмүүгө, тарыхтын өзүн кайра жазып, жасалма кылууга аракет кылып жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз!”- деди.

Ушул эле учурда интернет баракчаларында Путин жеңишти өзүнө менчиктеп алганын, тарыхты бурмалаганын айтып сындаган пикирлер пайда болду. Айрым чет мамлекеттик ММКларда В. Путин 9 – май жеңиш күнүн жаңы аскердик куралдарын көрсөтүүнү адатка айландырып алганын айтып чыгышты. Быйыл да мындай учур кайталанып, орусиянын азыркы аскердик кубатын көрсөткөн 159 аскердик техника катышты. Танктан сырткары жаңы истребител, учак жана башка курал-жарактар чыкты. Кремлдеги парадта орустардын заманбап аскер техникаларынын арасында “Ярс” ракеталык комплекси өттү

Ошону менен катар эле майрамга элчиликтерден жана чет мамлекеттен саналуу гана адамдар келишип катышканы маалым болууда. Премьер – министрлерден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху катышкан. Негизинен 9 – май Улуу жеңиш күнүн белгилөө мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттерде солгундап бара жатканы байкалат.

Ал эми Балтика жээгиндеги өлкөлөрдө тактап айтканда, Латвия, Литвия, Эстонияда мурдагыдай белгиленбей калганы качан?

Украинада жеңиш күнүнө карата жүрүшкө чыккандарга карата каршылыктар пайда болду. Өлкөдөгү улутчул топтордун өкүлдөрү Жеңиш күнүнүн белгилерин алып жүрүүгө, аны белгилеп жаткандарга каршы чыгышты.

Латвияда жеңиш күнүн коомчулуктун бир аз чөйрөсү белгилегенге аракет кылып келишет. Ошону менен катар эле, башка эскерүү чаралары өттү. Ал жерде 9-майда Европа күнүн майрамдашат. Борбор каала Ригада бул күнү майрамдык да каршылык көрсөткөн да иш чаралар өттү. Негизи Латвия Дүйнөлүк экинчи согуштун жеңишин расмий 8-майда белгилейт,

Белоруссияда да бул иш чарага анчалык маани берилбей калган. Борбор каала Минскте “Өлбөс полк” жүрүшүнө тыюу салынып, мындай жүрүшкө өткөн жылдан баштап Өзбекстан менен Тажикстанда да уруксат жок.

Булак: NewTV

 
Categories

АКШ Орусиянын күч түзүмдөрүнө каршы санкцияларды киргизет

АКШ Орусиянын бир катар күч түзүмдөрүнө каршы санкцияларды киргизет. Алар жапырт жок кылуу куралдарын жайылтпоо тууралуу Кошмо Штаттардын улуттук мыйзамдарын бузган деп айыпталууда.

Документке ылайык, санкциялык тизмеге орусиялык 28 компания жана уюмдар киргизилет. Алардын арасында – Орусиянын Башкы штабынын башкармалыгы (мурдагы ГРУ) бар. 

Мындан тышкары тизмеге Ирандын, Түндүк Кореянын, Египеттин, Түркиянын, Сириянын жана Бириккен Араб Эмирлигинин уюмдары менен жарандары дагы киргизилген. Алсак, Сириядагы «Хезболла» деп аталган ливан уюмуна жана Сирия менен Ирандын аскер-аба күчтөрүнө чектөө салынат. 

Орусия ТИМи АКШнын жаңы санкцияларын «14-апрелде Сирияга карата жасалган ракеталык чабуулдардын оңунан чыкпай калгандыгы үчүн эсептешүү» аракети деп түшүнсө болорун билдирди. 

Күн мурун Иранга, Түндүк Кореяга жана Сирияга курал жеткирбөө боюнча америкалык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Вашингтон Орусиянын «Рособоронэкспорт» ишканасына каршы санкция киргизгени белгилүү болгон. 

 
Categories

Тажикстанда жер силкинди

Тажикстанда кубаты 5,7 баллга жеткен сер силкинүү катталды. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлады. Ал маалыматка караганда АКШнын Геология кызматы шаршембиде болгон жер титирөөнүн күчү 5,7 баллга жеткенин билдирген. Жер титирөөнүн очогу Гиндикуш тоолорунда Хорог шаарынан 53 чакырым жердеги Ооганстандын аймагында катталды. Баш калаа Дүйшөмбү шаарында да жер титирөөнүн толкуну бир мүнөтчө сезилип, тургундар үйлөрүнөн сыртка чыга качууга үлгүрүшкөн.

Мындай жер силкинүү Согди жана Хатлон облустарында да сезилип, жабыркагандар катталган эмес.

Булак: NewTV

 
Categories

Россия парадта радарга түшпөй туруп, бутага жете алчу жаңы ракеталарын көрсөтөт

 Буга чейин президент Путин  радарга түшпөй туруп, бутага жете алчу өзөктүк дүрмөтү бар жаңы ракеталар тууралуу сөз кылган болчу. Анын бул билдирүүсү дүйнө мамлекетинин үшүн алгандай да болгон. Улуу жеңиштин урматына быйыл Москвада аскер парадында алыстан башкарылган танкын жана башка жаңы муундагы куралдарды көрсөтмөкчү. Алар Сириядагы согушта сыналды деп айтылууда. Ал Уран-9 танкы. Ракета, замбирек жана пулемет менен жабдылган

Улуу жеңиштин урматына мындан башка да орусиянын армиясы жаңы муундагы дрон, кемелерге каршы ракета жана жөө аскерлер үчүн унаалар көрсөтүлмөкчү.

Орусиянын Gazeta.ru агенттиги алыстан башкарылчу Уран-9 танкы Сирияда сыноодон натыйжалуу өткөнүн жазган. Уран-9 талаадагы миналарды тазалап өтө алат. Бул курал бутаны өзү таап алат. Бирок ок чыгаруу чечимди үч чакырымга чейин аралыкта жайгашкан аскер башчы кабыл алат.

Буга чейин Уран-9 Сириянын Пальмира, Алеппо жана Дайр аз-Заур шаарларында миналарды тазалоо үчүн колдонулган. Аны бир чакырым алыста турган аскер башкарган. Аталган танкынын жардамы менен Сириянын аскерлери козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймакка тез жылып барууга мүмкүнчүлүк алганы дагы айтылууда.

Ошондой эле Жеңиш парадына биринчи жолу жөө аскерлердин унаалары дагы катышат. Мотоцикл сымал унааларга пулемет орнотулган. Чакан AM-1 унааларын Орусиянын атайын аскерлери чалгын операциялар үчүн колдонот. AM-1 негизинен өтө катаал аймактарда колдонулган. Маселен, Арктика же чөлдөрдө бул унаалар өзүн мыкты көрсөткөн.

Орусия парадда өзүнүн “Корсар” дронун дагы учурмакчы. “Корсар” кандай гана аба ырайы болбосун чалгын операцияларына катыша алат же алыскы аймактарга жүк жеткире алат. Ошондой эле дрондун ракета атуу мүмкүнчүлүгү да бар.

Булак: NewTV