Categories

“Арча Бешик” конушунда аялдын сөөгү табылды

Бишкектин “Арча Бешик” конушундагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.   

Маалыматка караганда, бул тууралуу милицияга бүгүн эртең менен кабарланган.  

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барган. Сөөктү кароодо кыздын денесинен ар кандай жарааттар табылган. Маркумдун өздүгү аныкталып, ал ошол эле конуштун 30 жаштагы тургуну болуп чыкты.  

Сөөктү экспертизага өлүкканага жиберишкен. Учурда өлүм эмнеден келип чыкканы иликтенүүдө.  

Уточняется, что звонок на пульт «102» поступил сегодня утром. 

 Булак: NewTV

 
Categories

Астана Аблязовго киши өлтүрүүнү “уюштурган” деп кылмыш ишин козгоду

Казакстандын Башкы прокуратурасы мурдагы банкир, президент Назарбаевдин элдешкис душманы Мухтар Аблязовго жаңы кылмыш ишин ачты. Ага 2004-жылы «ТуранАлем» банкынын башкы менежери Ержан Татишевди «өлтүрүүнү уюштурган» деген айып тагылууда.

Казак башкы көзөмөл мекемесинин билдирүүсү маалымат каржаттарына 3-апрелдин кечинде чыкты.

Аблязов буга чейин социалдык сайттарга Татишевдин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин жазган. Ал ошондой эле өткөн айда Татишевди өлтүрүүгө «буйрук берген» деп айтыпталып, 10 жылга кесилген ишкер, «Казстройстекло» заводунун ээси Муратхан Токмадини тааныбай турганын билдирген.

Казак прокуратурасы «Аблязорвду экстрадициялоо, жоопкерчиликке тартуу Казакстандын жана эл аралык келишимдердин алкагында чечилерин» билдирген.

Казакстандык ири бизнесмен жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада бозгунда жүрөт. Ал Казакстанда өзүнө коюлган бул сыяктуу айыптарды четке кагып келет.

 
Categories

Чүйдө жарандарды коркутуп акча талап кылган шектүү кармалды

Ал мурда соттолгон жана кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү болгон.  

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук ИИБинин кызматкерлери коркутуу жолу менен акча талап кылган кылмыштын бетин ачышты. Бейтааныш эркек күч колдонуп, коркутуп борбор калаанын тургунунан жана анын жакындарынан акча талап кылышкан. Бул факт ИИБдин кылмыштарды каттоо китепчесине катталган. Топтолгон документтердин негизинде тергөө кызматы кылмыш ишин ачкан.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүнү кылмыш үстүнөн кармоо операциясын жүргүзүшкөн. Мындан улам шектүү 20 миң сом акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Териштире келгенде, ал Токтогул районунун 34 жаштагы тургуну Т.И.болуп чыккан. Мурда баңгизат үчүн соттолуп, ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тураары белгилүү болду.

Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NewTV

 
Categories

Казакстанда «Сирияга кетүүгө аракет кылган» аялдын камактагы мөөнөтү узартылды

Караганда облустук соту террордук топтун ишмердүүлүгүнө катышкан жана анын катарына «жашы жете элек тууганын азгырган» деген айып менен февралда 9 жылга эркинен ажыратылган 30 жаштагы Жансай Таңатарованын аппеляциялык арызын карады.

Сот прокурордун нааразылыгын эске алып, Таңатарованын камактагы мөөнөтүнө дагы бир жыл кошту. Мурдараак прокурор биринчи инстанциядагы сот чечим чыгарганда ката кетиргенин билдирип, соттолуучунун камактагы мөөнөтүн 10 жылга чейин узартууну өтүнгөн.

Таңатарова Сирияга барууга аракет кылгандыгын моюнуна алып, бирок жашы жете элек тууганын «террордук топтун катарына азгырбаганын» билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 30 жаштагы Жансай Таңатарова «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарына кошулуп, өзүнүн 17 жаштагы тууганын Сирияга алып кетүүгө аракет кылган. Сотто белгилүү болгондой, ал Карагандадан чыгып бараткан маалда кармалган.

 
Categories

Экс-депутат Асия Сасыкбаеванын уулу психотроптук зат менен кармалды

31-мартка караган түнү Бишкекте 29 жаштагы жигит психикага катуу таасир бере турган заттар менен кармалган. Кармалган Марат Айтимбетов Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Асия Сасыкбаеванын уулу болуп чыккан.  

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.  

Маалыматка караганда, Марат Айтимбетовдон жалпы салмагы 0, 591 грамм психотроптук зат табылган.  

Басма сөз кызматы маалымдагандай, текшерүү учурунда ал 2 пакеттеги психотроптук заттарды байпагынын ичине салып алган. Экспертиза бул заттар “АЛЬФА РУР”га тийиштүү экени аныктады.  

Факт боюнча кылмыш иши ачылып, ал КР Кылмыш жаза кодексинин “Баңгизаттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо, жүгүртүү, ташуу” беренесине негизделди.  

Шектүү тергөө изоляторуна эки айга камакка алынды.  

Булак: NewTV

 
Categories

Башкы прокуратура: Чет өлкөлүктөргө иштөөгө мыйзамсыз уруксат берүү боюнча кылмыш иши козголду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы  Мамлекеттик миграция кызматына чет өлкөлүктөргө иштөөгө мыйзамсыз уруксат берүү боюнча кылмыш ишин козгоду. 

Кылмыш иши КР Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесине  (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизделди. 

Текшерүү иштеринин алкагында, 2017-жылдын октябрь айынын башталышында Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилиги тарабынан чет өлкөлүк жекече ишкерлердин документтерин кабыл алуу токтотулгандыктан, чет өлкөлүк жекече ишкерлер үчүн квота жарактан чыкканы маалым болгон. 

 Бирок, 2017-жылдын 26-октябрында аталган кызматтын  бөлүм жетекчиси М.Б. кызматкерлерине  чет өлкөлүк жарандарга  Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө уруксат берген  тийиштүү документтерди  даярдоого  көрсөтмө берген.  Кайсы ишкерлерге уруксат бериле турганын М.Б. өзү тизмелеп алып келген.  

Белгилей кетсек, ушул убакка чейин Кытай Элдик Республикасынын жаранынын иштөөгө уруксат берген документи жокко чыгарылган  эмес жана алынбаган. Аны менен катар квотадан ашык дагы беш ишкерге уруксат кагазы берилген. Бул аракеттер лицензия мыйзамдуулугун бузган. 

Кылмыш иши иликтөөнү улантуу максатында тийиштүү тергөө кызматына өткөрүлдү. 

Булак: NewTV

 
Categories

Аламүдүн районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 7-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Башкара-Суу айылынын 51 жаштагы Б.Э. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 6-январдан 7-январга караган түнү белгисиз адамдар анын сарайынын эшигин сындырып киришип, ичинен ири мүйүздүү бодо малын уурдап кеткенин билдирген.

Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 37 жаштагы О.Р. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

 
Categories

Сокулук районунда оор кылмыштын бети ачылды

Буга чейин Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунда болжол менен 25-30 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылып, анын өздүгүн тактоо максатында өзгөчө белгилери көрсөтүлүп, баардык жалпыга маалымдоо каражаттарына таркатылган.

Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Аталган жаңы конуштагы жер тилкелердин биринде курулуш иштерине деп төгүлгөн таштардын арасынан адамдын жансыз денесин көрүшүп, милицияга жергиликтүү жашоочулары кабарлашкан.

2018-жылдын 24-март күнү болжол менен саат 14:45 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Ак-Ордо жаңы конушунда аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат боюнча Сокулук районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышкан.

Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда, анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталып, табылган жансыз денеге зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Бул окуя боюнча Сокулук РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Алгач жансыз дененин өздүгүн тактоо үчүн багыттамалар жалпыга маалымдоо каражаттарына берилип, ыкчам издөө иш-чаралар улантылган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында маркумдун өздүгү такталып, ал Талас облусунда туулуп өскөн 26 жаштагы Н.А. аттуу жаран экендиги такталган. Анын жакындары, байланыштарынын үстүнөн тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, натыйжада шектүү катары Бишкек шаарынын жаны конуштарынын биринде жашаган 25 жаштагы Т.Б. кармалып, Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Териштирүү учурунда бул окуя 2017-жылдын декабрь айында каза болгон кыз менен кылмышка шектүү жарандын ортосунда пикир келишпестиктен чыгып, кылмышты жашыруу максатында шаардын четиндеги жаңы конушка түнкүсүн алып барып, таш менен үстүн жаап салганы маалым болгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NewTV