Categories

Абактан качкандар кармалдыбы?

Балыкчыдагы № 51 жатак колониясынан качып чыккан эки жаран 3 күндүн ичинде абакка кайтып келбесе издөөгө жиберилет. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү билдиришти. Мыйзам боюнча абактан качкан кылмышкерди 3 күндөн кийин издөө тууралуу маалымат социалдык тармактын колдонуучулары арасында да бир топ кызуу талкуу жаратып, анда оң жана терс маанайдагы пикирлер айтылган.

 
Categories

КР ИИМ: Тогуз-Торо районундагы катталган фактылар боюнча кылмыш иши козголду

2018-жылдын 11-апрель күнү түзүмдөр аралык комиссиянын курамына кирген 30 адам «Макмалалтынкен» комбинатынын эски фабрикасынын жанында жергиликтүү тургундарга «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Жолугушууга 1000 жакын адам чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында аягына чейин угушпай, комиссия тарапка жана коомдук коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлерине таш ыргытышкан. Ошол учурда милиция кызматкерлери комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоого туура келген. Ал эми, комиссиянын мүчөлөрү коопсуз жайга жайгаштырылган. 

Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти. 

Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберген.

Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу), 233-беренеси (массалык тартипсиздиктер) жана 234-беренелери (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан коомдук коопсуздук камсыздалып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Аталган фактылар боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NewTV


 

 
Categories

Ири өлчөмдө акча каражатын уурдаган жаран кармалды

2018-жылдын 11-февраль күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Кадамжай шаарынын, Жийделик участкасындагы Кадамжай-Айдаркен автожолунун четинде турган Кадамжай районунун Котормо айылынын 1991-жылы туулган К.А. аттуу тургунуна таандык “Хонда-Акорд” үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен 600 000 сом акчасы белгисиз жагдайда жоголгон.

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүмүнүн (уурдоо) негизинде козголгон кылмыш ишине ылайык, Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам- иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Талас облусунун 1983-жылы туулган К.Н аттуу жашоочусу кармалган. Азыркы учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NewTV

 
Categories

Балыкчыдагы жатак-колониядан соттолуучулар кантип качып чыгышкан?

Соцтармактарда Балыкчы шаарындагы №51 жатак-колониядагы качуу тууралуу маалымат кызуу талкууга алынды. Анда көбүнесе басым соттолуучулар качып чыкса, үч күндөн гана кайтып келишпесе изделишет деген билдирүүгө жасалды. 

 Качууну Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары жасашкан. Биринчиси ушул жылдын февраль айында чоң көлөмдөгү мүлктү уурдаганы үчүн эки жылга соттолгон. Экинчиси жасалма документтерди жасаганы үчүн 4 жылга эркинен ажыратылган. ЖАМК өкүлдөрү,  алар бул убакыт аралыгында мекендерине жетип калышы деле мүмкүндүгүн  белгилешип, эгер андай болсо кайтаруу кыйынга тураарын билдиришет. 

Бирок, баары эле жатак-колониянын уставын биле беришпейт, ошондуктан качуу коомчулукта катуу резонансты жаратты. Аталган жайга бир топ жеңил кылмыштарды жасагандар туш болушат. Жатак-колониясындагы соттолуучуларды кармоо шарты төмөндөгүдөй: 

-Жатак-колониядагылар катуу көзөмөлдө болушпайт, периметрдеги кайтаруучулар жана конвой процедурасы жок. Соттолуучулар түзөтүү мекемесинин аймагында жана жакынкы калк жашаган пункка кенен-кесир баса алышат, эгер албетте, акыркысы жетекчилик менен макулдашылган болсо. 

 -Жатак шартына кесилген соттолуучулардын кийим формасы эркин, жарандык түрдө, башкалардан  айырмалап турууга идентификациялуу биркалар жабыштырылган эмес. 

-Тууган-туушкандарынан келген белектерге, жолугушууларга жана жеке керектөөлөрүнө чыгым коротууга чектөө коюлбаган, ал жердеги соттолуучулар толук кандуу жашоо өткөрүшөт. Болгону, антисоциалдык кылык-жоруктарга, башкача айтканда алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, баңгизат колдонууга тыюу салынган. 

Качуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Кыргызстандын аймагында “кармоо” планы жарыяланып, көзөмөл-өткөрүү пунктарында жарандарды текшерүү күчөтүлдү. Эгер качкындар кармалышса, каалоолоруна жараша жаза мөөнөтүн өз мекендеринде өтөй алышат, бирок, алар качышкандыктан мөөнөттөрүнө дагы үч жыл кошулат. Анан да бул жылдарды күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөшөт. 

Бүгүнкү күндө республикада 2243 соттолуучу жатак-колониясында жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат. Алардын 1006сы издөөдө жүрөт. Ушул жылдын төрт айында 74 соттолуучу кармалган. Негизинен, алар Өзбекстандын, Тажикстандын жана Россиянын жарандары. 

 

Булак: NewTV

 
Categories

Башкы прокуратура: Милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкектеги Биринчи май райондук ИИБинин кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Аларга КР Кылмыш жаза кодексинин 305 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык көз боемочулук)-беренелери боюнча айып тагылды.

Бул тууралуу башкы көзөмөл кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, 5-мартта болжол менен саат түнкү 10дор чамасында Биринчи май райондук ИИБинин кызматкерлери Ю.А.жана Н.Ч. Г.О.аттуу жарандан опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча арыз кабыл алышкан. Андан кийин арызды каттоого албай эле, кылмыш ишин да козгошпостон тергөө амалдарын жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, К.Ж.аттуу жаранды кармашып, шаардык милиция бөлүмүнө алып барышкан.  

Учурда кылмыш иши КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына берилди.  

Булак: NewTV

 
Categories

Аламүдүн районунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды

Ушул жылдын 9-апрелинде  Бишкек шаарынын 42 жаштагы И.Г. аттуу жашоочусу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, арызда   9-апрель күнү арыз ээсинин Лебединовка айылындагы үйүнө бейтааныш эркек киши кирип, колундагы бычагы менен арыз ээсин коркутуп, анын «Самсунг жана Айфон» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, окуя болгон жерден изин жашырып кетүүгө аракет кылганын билдирген. 

Бирок, жабырлануучу туугандарынын жардамы менен шектүүнүн качып кетүүсүнө мүмкүндүк беришпей, милицияга телефон чалышкан. Аламүдүн районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, кармалган жарандын өздүгүн такташкан учурда, ал Ысык-Көл облусунда туулуп өскөн 27 жаштагы К.А. аттуу экендиги такталган.

Окуя болгон жерден далил заттар алынып, чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NewTV

 
Categories

Опузалап акча талап кылгандар кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 1974-жылы туулган Ш. У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2016-жылдан бери арыздануучуга зордук-зомбулук көрсөтүп, коркутуу жолу менен 50 000 АКШ долларын талап кылып келген “Бекен”, “Байзак”, “Темирлан”, “Игорь”, “Абдулкахим” жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата тийиштүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты 2018-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин 3-бөлүмүнүн (опуза талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 100 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен төмөнкүлөр кармалган:

– 43 жаштагы О. А. Аттуу Чүй облусунун Кемин районунун тургуну, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын ыкчам катоосунда турат.

– 60 жаштагы А. Б. Аттуу Бишкек шаарынын тургуну. Мурда бир нече жолу соттолгон.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы убакта О.А. менен А. Б. аттуулардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NewTV

 
Categories

Бишкекте 500 миң сомдук кымбат баалуу жасалгалар уурдалды

Бишкекте мурда соттолгон адам кымбат баалуу жасалгаларды уурдоого шектелип кармалды.

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.  

Маалыматка караганда, 2-апрелде Биринчи май ИИБине борбор калаанын тургуну кайрылып, үйүнө ууру киргенин айткан.  

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, 2-апрель күндүз белгисиз адамдар үйгө кирип, жалпы баасы 525 миң сомду чапчыган кымбат баалуу жасалгаларды уурдап кеткени аныкталган. Текшерүү учурунда үйдүн терезесине кадалган темир торду чыгарышып, айнекти талкалап киришкени белгилүү болуп, мындан улам бир нече кишиден турган топ жасаган деп божомолдонгон.  

Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде шектүү катары үч адам кармалды: мурда соттолгон 1980-жылы туулган К.А., 1993-жылы туулган А.Б. жана 1980-жылы туулган Т.А.  

Алар убактылуу жайга киргизилди.  

Булак: NewTV

 
Categories

Балыкчыда жаран орой мамиле жасаган милиция кызматкеринин үстүнөн арызданды

КР ИИМдин Ички иликтөө кызматына ишеним телефону аркылуу Балыкчы шаарында жайгашкан “Супер хошан” кафесинде жарандык кийимчен белгисиз милиция кызматкерлери кафенин ээсин тилдешкендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Бул фактыга кызматтык иликтөө жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ысык-көл облусу боюнча ички иликтөө кызматына тапшырышкан. 

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти. 

Алынган маалымат боюнча, ушул жылдын 4-апрель күнү болжол менен саат 18:30 чамасында кафенин ээси жубайы, балдары менен кошо тамактанып жаткан учурда кафеге жарандык кийимчен төрт жаран кирип келип, тамак алууга буйрутма беришкен. Бир нече убакыт өткөн соң, жогоруда аталган адамдар маданиятсыз сөздөр менен сүйлөй баштаган учурда кафенин ээси бул жакта алардан башка балдар дагы бар деп алар тарапка эскертүү берген. Кафенин ээси, дагы бир жолу эскертүү берген учурда жагорудагы адамдар менен уруша кетишкен. Кафенин ээсинин айтымында, окуя болгон учурда уруша кеткен балдардын бирөөсү мас абалында болгондугу, андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ысык-көл облусу боюнча ички иликтөө кызматынын кызматкерлерине бул факты боюнча видеосьемка тапшырылганын билдирген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ысык-көл облусу боюнча ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүшүп, белгисиз кызматкерлердин өздүгү такталган.

Алар, Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери болуп чыгышып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттерине Кыргыз Республикасынын ИИОнун кесиптик этикасын так аткаруу боюнча жана юридикалык жактан баа берилет.

Булак: NewTV

 
Categories

Жалал-Абадда мал уурлук менен алектенген кылмыштуу топтор кармалды

Ушул жылдын январь, февраль, март айларында Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон районунун тургундары жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылышкан.

Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти. 

Анда Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон айылдарында жайгашкан жайыттардан белгисиз адамдар   жалпысынан 18 бодо мал,1 торпок, 50 кой уурдаган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин, Сузак, Базар-Коргон РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам- иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары 25 жаштан 48 жашка чейинки 9 жергиликтүү тургун кармалган.

Аларга карата жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөө кызматы   Кыргыз Республикасынын кылмыш- жаза кодексинин 165-беренесинин (мал уурдоо) негизинде кылмыш ишин  козгоп, сот тарабынан 2 айга камака алынып тергөө иштери уланууда.

Ал эми, тоо жайытарында уурдалган мал жандыктардын жалпы чыгымы болжол менен 767 миң сомду түзгөн.

Учурда, кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу боюнча кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.