Categories

Аксыда эки адамды өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Бир канча убакыт мурда Аксы районунда үрөйдү учурган кылмыш катталган. 2017-жылдын ноябрь айында Коргон айылында үйлөрдүн биринде эки аялдын киши колдуу болгон сөөгү табылган. Иликтөөлөрдөн кийин, маркумдардын бири ошол үйдүн ээси, экинчиси анын кызы экени аныкталган. 

Киши өлтүрүүгө шектүү катары 30 жаштагы жигит кармалган. Ал үй ээсинин кызы менен жакын мамиледе болуп жүрүп, кыз кош бойлуу болуп калганда аборт жасатууну талап кылган. Бирок, кыз баш тартканда түн катып барып аны жана энесин өлтүрүп кеткен. 

 Сот шектүүнү киши өлтүрүүгө айыптуу деп таап өмүр бою эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды. Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Бирок, райондук соттун чечимине нааразы болгон айыпталуучу жана анын адвокаты жогорку инстанциядагы сотко кайрылышты. 

Булак: NewTV

 

 

     

 
Categories

Баңгизат ташуу менен алектенген аял кармалды

КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын баңгизаттарды таратууга жана сатууга бөгөт коюуга багытталган атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. 2018-жылдын 17-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ИИОнун бөлүмдөрү менен биргеликте баңгизаттарды таратуучулар менен ташуучуларды кармоо максатында ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Сокулук РИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн бирин текшеришип, өзгөчө жыты бар зат табышкан. Андан соң, ушул үйдө убактылуу жашаган Жалал-Абад облусунун 1970-жылы туулган К.А. аттуу жашоочусуна өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан 44 даана брикеттелген кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар 500 грамм салмактагы зат табылган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Маалымат боюнча кармалган жаран (аял киши) баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөн.

Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат “гашиш” баңгизаты болуп чыкты. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалды.

Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси башка жарандардын өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NewTV

 
Categories

Ири өлчөмдө героин ташыгандар кармалды

Ички иштер органдары тарабынан героинди ири өлчөмдө ташуу жана сатуу менен алектенген жарандар кармалды.

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Баңгизаттардын ири өлчөмдөгү партиясын аткезчилик жол менен ташууга бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктады. ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарын мыйзамсыз жүргүртүү менен алектенип жүргөн жарандардын тобу тууралуу жана баңгизаттын ири көлөмдөгү партиясын сатууга аракет кылып жатышкандыгы жөнүндө маалымат алышкан.

2018-жылдын 17-апрель күнү болжол менен таңкы саат бештерде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы менен БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинен Таджикистан Республикасынын 1968-жылы туулган М.М. аттуу жараны менен Ош облусунун 1977-жылы туулган М.Н. аттуу убактылуу жашоочусу кармалышкан. М.Н. аттууга таандык автоунаасын текшерүү учурунда ичинен 13 даана скочтолгон ак түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси менен (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) кылмыш иши козголгон.

Экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат 13 килограмм 500 грамм салмактагы “героин” баңгизаты болуп чыккан. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси башка жарандардын өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. 1977-жылы туулган М.Н. аттуу кармалган жаран Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну болуп чыгып, ИИМдин АБПнын бөлүмдөрүнүн биринде ага тескөөчү болуп иштейт. Наамы подполковник.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан бул факты кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

ИИМдин офицерлеринин аброюна шек келтирген аталган жарандын атайын наамынан жана башка ыйгарым укуктарынан ажыратуу боюнча маселе сотто каралат.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NewTV

 
Categories

Чүйдө кызганычтын кесепетинен аял күйөөсүн өлтүргөн

2018-жылдын 14-апрель күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандагы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Москва РИИБнин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, болжол менен 35-40 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Денеге кароо жүргүзүү учурунда анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталып, ал Беловодск айылынын 36 жаштагы Х.А. аттуу жашоочусу экендиги такталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары каза болгон жарандын 31 жаштагы Х.Л. аттуу жубайы кармалган. Териштирүү учурунда экөөнүн ортосундагы чыр-чатак кызганычтан улам чыкканы маалым болгон. Бул окуя боюнча Москва РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NewTV

 
Categories

Каракчылык менен жан баккан эргулдар кармалышты

Жергиликтүү тургундардан милицияга каракчылык фактысы боюнча арыз келип түшкөн.

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти. 

Жабырлануучулар өз арыздарында ушул жылдын 19-март күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз үч адам жабырлануучуларга (жубайларга) күч колдонушуп, ичинде 35 миң сом акча, алтын буюмдар (сөйкө) бар барсеткасын, ошондой эле “NOKIA-E72” жана “Редми-Х4” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун тартып алышкандарын билдиришкен.

Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБнин кызматкерлери Бишкек ШИИББнын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар шектүүлөрдү кармашкан.

Алар, Жалал-Абад облусунун 1991-жылы туулган В.И., 1997-жылы туулган М.Ф. жана 1994-жылы туулган А.у.А аттуу жашоочулары болушат.

Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүүлөрдү бири 1997-жылы туулган М.Ф. аттуу жаран Россия Федерациясында “Адам өлтүрүү” жана “Каракчылык” беренелери менен изделүүдө жүргөндүгү аныкталган.

Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилишип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NewTV

 
Categories

Ош базарын 3-ирет өрт жалмады

Ош базарын 3-ирет өрт жалмады. Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын аймакта жайгашкан "Берекет" майда дүң базары өрттөнүп жаткандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бүгүн эртең мененки таңкы саат төрттөр чамсында кабар түшкөн. Тилсиз жоонун айынан көз ачып жумганча 2 миң чарчы метрдеги товарлар күлгө айланды. Ыза болгон соодагерлер өрттүн карасантайлар тарабынын атайлап

 
Categories

Кара-Балта шаарында оор кылмышка шектүү катары жергиликтүү тургун кармалды

2018-жылдын февраль айынын аягында Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде болжол менен 25-30 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат жергиликтүү жашоочулардан Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө түшкөн.

Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке Жайыл районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгышып, жансыз денеге кароо жүргүзгөн учурда баш тарабында жаракаттар байкалып, калган денесинде эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Милиция кызматкерлери тарабынан анын өздүгү такталып, ал Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы К.А. аттуу жашоочусу экендиги маалым болгон. Өлүмдүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгында жогорудагы жарандын баш сөөгүнө сокку болуп, баш мээси чайкалгандыгы аныкталып, экспертизанын корутундусунун негизинде Жайыл районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул оор кылмышка шектүү делип, 30 жаштагы К.Ф. аттуу жергиликтүү жашоочу кармалып, Жайыл районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NewTV

 
Categories

Сокулук районундагы адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын бетин ачышты

Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери Сокулук районундагы адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын бетин ачышты. 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.  

2018-жылдын 12-апрель күнү болжол менен саат 16.50 чамасында Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын Комсомол жана Кыргызстанга 50 жыл көчөлөрүнүн кесилишинен, белгисиз айдоочу белгисиз унааны башкарып келе жатып, жөө жүргүнчү, үч жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен, 7 жаштагы Д.А., 4 жаштагы Г.Ш. жана 6 жаштагы Б.А. алган жаракаттарынан аймактык ооруканага жеткирилишкен. Бул жол кырсыгы Москва РИИБде катталып, бул факты боюнча Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, жакын жайгашкан видео-көзөмөл камераларын карап чыгып, болжол менен ошол маалда өткөн унааларды иликтөө менен “Мерседес” үлгүсүндөгү унааны аныкташкан.

Унааларды текшерүү менен күбөөлөрдү сурамжылоонун натыйжасында, Чүй облусунун 64 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кармалып, суракка алган учурда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал эми, “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа Москва РИИБнин атайын токтотулуучу жайына киргизилип, айдоочу тергөө кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди. Жол кырсыгы боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28- беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынып, иликтөө иштери жүргүзүлө баштады.

 

Булак: NewTV

 
Categories

Ферганада уулу атасын кетмен менен башка чаап өлтүрдү

Өзбекстандын Фергана облусунда жергиликтүү жашоочу 56 жаштагы атасынын башын кетмен менен чаап таштады. Күбөлөрдүн айтымында, ата-бала картошка айдоо маалында урушуп кетишкен. Атасынын өлтүрүүгө айыпталган уулу окуя болгон жерден качып кеткен.

Трагедия 10-апрелде болгон. Маркумдун кошуналарынын биринин айтымында, башы жарылган 56 жаштагы Дадажон Кучкаров ооруканада көз жумган. 

“10-апрелде атасы уулу менен үлүшкө тийген жерге картошка айдоого кеткен. Анан экөөнүн ортосунда жаңжал чыгат. 30 жаштагы уулу атасын кетмен менен ушундай катуу чапкан экен, моюнунун бир бөлүгү үзүлүп кетиптир. Кылмышкер баласы окуя болгон жерден качып кеткен. Азыр аны издеп жүрүшөт. Дадажон-ака өзүнө келбей ооруканада көз жумду. 11-апрелде анын сөөгүн жерге бердик,” – деди ал. 

Айыл активисттеринин бири Дадажон Кучкаров өтө катаал киши болгонун жана уулун көп уруп-сокконун билдирди. 

“Биз бир мааледе жашачубуз жана алардын үйүндөгү окуяларга күбө болуп турдук. Маркум Дадажон-аканын бир уулу, эки кызы бар. Кыздары Орусияда иштешет. Баласы кичине кезинде эле көп токмок жеди, бул анын психикасынан терс таасирин тийгизди”, – деди жергиликтүү активист. 

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.

 
Categories

Бүгүн түндө атасынын унаасын айдап чыккан 22 жаштагы студент кырсыктап каза болду

12-апрелден 13-апрелге  караган түнү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун 16 -чакырымында жол кырсыгы катталды. Кырсыктан “Ауди-6”  үлгүсүндөгү унааны башкарып келаткан 1996-жылы туулган Кубанычбек уулу Алтынбек каза болгон.

Күбөлөрдүн айтымында,  “Ауди” унаасы Улахол айыл аймагындагы сарайлар тараптан катуу ылдамдыкта чыгып,  Бөкөнбаевти көздөй багыт алган. Бирок,  алыс узабай чукул бурулуштан башкарууну жоготуп жол четиндеги шагыл жолдон тайгаланып,  аласалып кеткен. Окуянын күбөсү ошол замат 102 жана 103 кызматына жол кырсыгы тууралуу маалымат берген.

“Мен Бишкектен келаткам. Балыкчыдан өткөндө Тоң районун көздөй кеткен жолдун четирээгиндеги сарайлардан чаңытып эле бир унаа чыгып,  бизден озуп өтүп кетти. Болжолдуу убакыт менен 5 мүнөткө жетпей,  баягы бизден озуп өткөн машина жолдун сол жак тарабында талкаланып жатканын көрдүк. Түнкү 12:30 дар чамасы болчу. Жабырлануучулар болсо жардам берели деген максатта токтоп,  машинанын жанына келдик. Салондун ичинен эч кимди көрө алган жокпуз. Айдоочусу машина тоголонгондо 10 метрге чукул аралыкка ыргып кетиптир. Ал биз жеткенде  үнү кырылдап  оор абалда жаткан. Кийинчерээк чакыртылган тараптар келгиче үзүлүп кетти”,- деди күбө Максатбеков Калыбек.  

Каза болгон 22 жаштагы айдоочу Бишкек шаарында жогорку окуу жайларынын биринде студент болгон. Ал бир күн мурда борбордон айылга келип атасына таандык “Аудини”  уруксатсыз айдап чыгып кеткенин маркум жигиттин туугандары билдиришти. 

Кырсык боюнча Тоң райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүнүн кызматкерлери жана РИИБинин ыкчам тергөө тобу келип жеринен иликтеди.

Илязбек  Балташев, Булак: NewtV