Categories

Депутат 60 жана андан ашкан курактагыларды чуркатат

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев  сергек жашоону колдоо максатында  60 жаштагы жарандар үчүн марафон өткөрөт. Марафонго 60 жаша андан ашкан курактагы адамдар катыша алышат. Катышуучуларга эки аралыктагы: 500 жана 1000 чакырымга чуркоо сунушталат.  

Марафон ушул жылдын 7-апрелинде Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакта саат 09:00дө башталат.

Финалга жеткен бардык катышуучуларга сыйлыктар берилет, а жеңүүчүлөр медаль жана мыкты белектердин ээси болушат. Иш чара аяктагандан кийин чайлашуу болот. Катышууну каалагандар: 0312 434416, 0555 434416 номерлерине чалуулары кажет.

Белгилей кетсек, марафон алгач 1-апрелде өткөрүүгө болжолдонгон, бирок аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам 7-апрелге жылдырылган.

Булак: NewTV

 
Categories

Көк-бөрү: “Ынтымак” кайрадан жеңүүчү аталды

Бир жумадан бери өтүп жаткан көк бөрү боюнча беттеш жыйынтыкталды. Нооруз майрамына белгиленген финалдык таймашта 2:1 эсеби менен “Ынтымак” тайпасынын көк бөрүчүлөрү жеңүүчү аталды.

 
Categories

Кыргызстан Индияны 2:1 эсебинде жеңди

 Борбор калаа Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөн футбол боюнча Азия-2019 чемпионатында Кыргызстан менен Индиянын курама командалары беттешке чыкты.

 Оюндун башталаары менен улуттук команданын оюнчусу Антон Землянухин Индиянын дарбазасына топ киргизип эсеп санын ачты. Биринчи 45 мүнөттүк бөлүк ушуну менен өзгөрүүсүз аяктады.

 Ал эми экинчи бөлүктүн 71-мүнөтүндө Бактияр Дүйшөбековдун ашырып берүүсү менен Мирлан Мурзаев экинчи голду киргизе алды. Андан бир аз убакыт өткөн соң Антон Землянухин жаракат алып оюн талаасын таштап кетүүгө мажбур болду. Бирок оюндун 86-мүнөтүндө индиялык спортчулар да Кыргызстандын дарбазасына бир топ киризүүгө жетишти.

 Натыйжада 2:1 эсеби менен улуттук команда атаандаштарын багындырды. Стадиондогу эл кыргыз футболчуларын катуу сүрөөн менен кол чаап оюн талаасынан узатышты.

 Ал эми 1 упай менен жеңилип калган Индия курама командасынын башкы машыктыруучусу кыргыз курама командасынын жеңиши менен куттуктап, даярдык жакшы болгонун белгиледи. Албетте, женилүү ызаасын тартуу аларга да оңой болгон жок. Канткен күндө да Индия курама командасы оюн талаасында татыктуу оюн көрсөтө алды дейт.

“Биринчиден, мен улуттук курама команданы, жалпы кыргызстандыктарды жеңиши менен куттуктайм. Анан албетте, биздин курама команда деле оюндун биринчи бөлүгүндө абдан жакшы ойноду. Бирок, экинчи бөлүгүндө биринчи оюн көрсөткөндөй деңгээлге жете алышкан жок. Буга башка өлкөдөн келгендиктен климаттык абал да таасирин тийгизиши мүмкүн. Эмне демекчимин, 2019-жылы Араб Эмиратында өтө турган чемпионатта көрүшөбүз”, – деди Индия курама командасынын башкы машыктыруучусу.

Ал эми кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу улуттук курама команданын Азия чемпионатына алгачкы ирет чыгып жатканы тарыхый окуя экенин белгиледи. Бул учурда жеңишине жетине албай сүйүнүп жаткан оюнчулар маалымат жыйында колдоруна суу көтөрө кирип, машыктыруучунун башынан ылдый суу чачып кеткени таң калтырды.

Александр Крестинин КР футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу:

“Биринчиден, жеңиш үчүн абдан кубанып турган чагыбыз. Албетте, оюн оңой болгон жок. Буга чейинки машыгуунун жыйынтыгын көрүп турабыз. Эми буюрса улуттук команда менен Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган чемпионатка даярдыктар башталат”, – дейт.

 Эске сала кетчү жагдай, улуттук курама команданын Азия кубогуна жолдомо алганы үчүн футбол федерациясы улуттук командага 120 миң доллар акчалай сыйлык тапшырды.

 Эми кыргыз футболчулары 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия кубогунун финалдык турниринде ат салышмакчы.

 

Булак: NewTV