Categories

Жаш өспүрүмдөр күч сынашты

Жалал-Абад шаарында Советтер Союзунун баатыры Тукубай Тайгараевдин жаркын элесине арналган балдар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча мелдеш уюштурулду. Ага өлкөнүн ар кайсы областтарынан жана коңшу Тажикстан менен Өзбекстандан  келген 7 жаштан 16 жашка чейинки жаш балбандар катышып, жалпы катышуучулардын саны 450дөн ашты. Бул мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы №3 балдардын резервдик олимпиадалык мектебинде 11-жолу уюштурулуп жатат. Мелдештердин жыйынтыгында ар кайсы салмак категориясы боюнча 13 жаш балбан 1-орунду жана 13 балбан 2-орунду, ошондой эле дагы 13 балбан 3-орунду ээлешти. Жеңүүчүлөргө медалдар, Дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Эскерте кетсек, күрөштүн ар кайсы түрлөрү боюнча жалал-абаддык балбандар эл аралык бир катар мелдештердин жеңүүчүлөрүнөн болуп келе жатышат.

 
Categories

“Бавариянын” башкы тренери Хайнкес карьерасы соңуна чыкканын жарыялады

Буга дейре мюнхендик  клуб чемпиондор Лигасында “Реалга” каршы ойноп, тең болуп чыккандыктан, финалга Мадридден келген командага жол бошотушкан. 

Мюнхендик “Бавария” клубунун  башкы тренери Юпп Хайнкес чемпиондор Лигасындагы  жарым финалдык матч ал үчүн турнирдеги соңку таймаш болгонун жарыялады. Бул тууралуу европалык футбол ассоциация Бирикмесинин басма сөз кызматынан билдиришкен. 

-2013-жылы чеипиондор Лигасында дортмундук “Боруссия” менен кездештим, ошондо бул мага турнирдеги акыркы матч болоорун билдим. Кайтып келеримди эч убакта ойлогон эмесмин. Бүгүн ишенимдүү айта алам – бул менин чемпиондор Лигасындагы акыркы оюнум. Мен эми тренер болуп иштебейм, – деп айткан 72 жаштагы устат. 

Хайнкес 1979-жылдан бери тренер болуп иштеп келатат. Карьерасында эки жолу чемпиондор Лигасын жеңип алган, биринчисинде 1997-98-жылдары “Реалды” башкарып турганда, экинчисинде 2012-13-жылдары “Баварияга” устат болгондо. Немец чемпионатында төрт жолу жеңип, бир ирет Кубоктун ээси болгон жана үч жолу Германиянын Суперкубогун алган. 2013-жылы Хайнкес  Эларалык футбол федерациясынын версиясы боюнча дүйнөдөгү мыкты тренер болуп таанылган. 

Булак: NewTV

 
Categories

4-чемпионаттын финалдык тандоосу аяктады

Спорттун аралаш түрү боюнча өткөн 4 –чемпионатынын финалдык тандоосу аяктады.

Мушкерлер финалга жетүү үчүн болгон аракеттерин жумшашты. Алар бир эле физикалык эмес, психологиялык жактан да бир топ таасир алды десек болот.Маселен, оюндун жүрүшүндө калыстар тобу, чет элдик калыстардын чакырылганына карабай, жеңүүчүлөрдү татыктуу тандабастан, өз кызыкчылыктарынын пайдасына чечип, анын кесепетинен бир катар талаш-тартыштар орун алды.  

Саат сайын мушкерлердин саны азайгандан азайып, финалга эң күчтүүлөрү гана жакындады. Чемпионаттын курун багындырууга 16 финалист чыгып, анын 8и гана тандалып алынат. Финалдын жүрүшү өтө кызыктуу жана аны менен катар жараат алуулар менен коштолду.  

Азия жана эл аралык чемпионатка жолдомону биринчилерден болуп Ош облусунан Эдилбек Шакимаматов аттуу спортчу утуп алды.  

Эске салсак, аталган чемпионаттын жеңүүчүлөрү Азия жана эл аралык мелдештерге катышууга укугу бар. Кыргызстан боюнча болгону 8 лицензия бөлүнгөн. Алардын экөөсүн Жалал-Абад, экөөнү Бишкек, төртөөнү Ош облусунун спортчулары багындырды.  


(Фото интернеттен алынды)

Булак: NewTV

 
Categories

Финалдык тандоо аяктады

Жалал-Абад облусундагы ММА жана Панкратион федерациясы тарабынан уюштурган республикалык 4-чемпионат жыйынтыкталды. Азия жана эл аралык чемпионатка 8 жолдомону утуп алуу үчүн өлкөнүн ар аймагынан 300 мушкер катышты. Албетте, мелдеш айрым келишпестиктер менен коштолду. Анда калыстардын чыгарган туура эмес чечиминен улам талаш-тартыштар да орун алды. Натыйжада, 2 курду Жалал-Абад, экөөнү Бишкек, төртөөнү Ош облусунун спорчулары

 
Categories

Дүйнө чемпиону Уланбек Касымбеков кайрадан спортто. Ал тагдыр сыноосун жеңди

Күчтүү адамдар суунун агымына каршы сүзө алат. Ал эми агым менен кошулуп агып кете берүү өлүү балыктын, же кесилген дөңгөчтүн да колунан келет. Жашоо – шар аккан дарыя сыяктуу. Кимдир бирөө сынат, жыгылат, жаңылат, кулайт. Кээ бирлер кулаган бойдон калса, айрымдары кайра күчтөнүп, толкунга каршы багыт алат. Алардын бири -биздин каарманыбыз, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Уланбек Касымбеков.

Чемпион өткөн жылы машыгуудан алган жаракатынан улам көзүнүн чел кабыгы жарылып, спорттон кетүүгө аргасыз болгон. Казакстандын Алмата шаарында көзүнө операция жасаткан. Бирок, кайра текшерткенде көзүнүн майда чел кабыктары кыскарып, кайрадан операция жасатууга туура келген. Кийин Москва шаарындагы дарыгерлер менен сүйлөшкөндө, операцияга 3 миң доллар акча керектелээри анык болгон. 

Спортчуларга мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөйт. Буга бир мисал, Уланбек Касымбеков оор кырдаалга туш болгондо спорт агенттиги мурдагы спортчу деп көңүл бурбай койгон.  

“Бул нерселер менин кайрадан спортко кайтып келишиме чоң түрткү болду”, – дейт дүйнө чемпиону.  

Уланбек Касымбековдун айтымында, операцияга демөөрчүлөрдү табууга “NewTV” каналынын ал тууралуу тарткан сюжетти чоң салым кошкон.  

Спорчунун кайрадан рингге кайтып келишине айрым гана адамдар ишеним көрсөткөн. Алардын бири – Азия чемпиону Адилет Бекжан уулу. Айтымында, спортчуларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү зарыл. “Биринчи кезекте ден соолук болгондон кийин дарыгерлер убагында спортчуларды карап, витаминдерди берип турса, мындай көрүнүштөр аз болоор эле”, – дейт Адилет Бекжан уулу.  


Дүйнө чемпиону
1990-жылы 26-августта Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Ал спорттон тышкары чыгармачылык менен да алектенет. Жаштар арасында “Кыргызстан”, “Жерим Кыргызстан” жана “Алга Кыргызстан” аттууырлары менен белгилүү. 

 Булак: NewTV

 
Categories

Дүйнө чемпиону NewTVге алкыш айтты

Үстүбүздөгү жылдын 1-майында NewTV телеканалынын обого чыгып баштаганына бир жыл толот. Бул аралыкта жаны канал озунун коруучулорун, каармандарын таап, телеканал аркылуу чагылдырылган ар кандай маселелер өз натыйжасын беруудо. Алсак, ата мекендик спорчу, кикбоксинг боюнча дуйно чемпиону Уланбек Касымбеков откон жылы машыгуудан алган жаракатынан улам, он козу корбой калып, спорттон кетууго аргасыз болгон. Чемпион тез

 
Categories

Эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстан чемпионаттыгы өтүүдө

Майрамбек Акилеев эрежесиз эр уруш менен 2 жылдан бери машыгып келет. Ал мындай масштабдуу чемпионатка алгачкы ирет катышып жаткандыгын айтат. Балбан мелдеште ийгилик жаратуу үчүн эки ай талыкпай даярданган.  

Чемпионатка катышабыз деп 100 мушкер билек түрүп турат. Өлкөнүн жети дубанынан келген спортчулар 8 категория боюнча ат салышат. Бүгүн алардын атаандаштары так аныкталды. Эми эртең беттештин биринчи күнү башталат. Күчтүү балбандарды тандоо үчүн Оруссиядан калыстар келген.  

Эске салсак, Эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстан чемпионаты өткөн жылы экинчи борбор аталган Ош шаарында өтүп, 80 спортчу катышкан. Жалал-Абад шаарында өтө турган Кыргызстандын 4-чемпионатында жеңишке жетишкен балбандар Азия жана Дүйнө чемпионатына жолдонмо алышат.  

(Фото интернеттен алынды)

Булак: NewTV

 
Categories

Мушкерлер футбол ойношту

Бишкек шаарында эрежесиз эр уруш боюнча клубдар арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Турнирге спорттун МАА түрү боюнча өлкө намысын коргоп жүргөн балбандар катышууда. Мелдешке Бишкек шаарынан 10 команда катышты.  

Мындан тышкары жана Ысык-Кол облусунан 1 тайпа келген. Балбандар арасында кичи футбол алгачкы ирет өтүп жатат.

Иш-чаранын максаты мушкерлерди дайым эле мушташтыра бербей, ынтымакка чакырып, бири-бири менен достукту чыңдоо болуп саналат. Оюнда жеңишке жеткен командалардын оюнчулары “мыкты дарбазачы”, “мыкты чабуулчу”, “мыкты коргоочу” деген дипломдор менен сыйланышты.

Булак: NewTV 

 
Categories

«Абдыш-Ата» менен «Алай» тең чыкты

“Абдыш-Ата” жана “Алай” футбол клубдары  Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаттыгында ойношту. Бул тууралуу футбол лигасынан  билдиришти. 

Улуттук биринчиликтин экинчи туру Кант шаарында өткөрүлгөн.  Беттештин аяктаарына 30 мүнөт калганда “Абдыш-Атанын” мүчөсү  оюн талаасынан чыгарылгандыктан, азчылыкта калышты. 

Топтун дарбазачылары Калысбек Акималиев менен Абдуазиз ишенимдүү ойношуп, жыйынтык 0:0 болду. 

Белгилей кетсек, учурда чемпионаттыкта “Дордой” менен “Нефтчи” алдыда баратат. 

(Сүрөт интернеттен алынды)

Булак: NewTV 

 

 
Categories

Быйыл оор атлетика боюнча дүйнө биринчилиги Түркмөнстанда өтөт

Быйыл 28-октябрдан 10-ноябрга чейин Ашхабадда оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн спортчулар катышат.

Эл аралык оор атлетика федерациясынын (IWF) аткаруу комитети былтыр ноябрда дүйнө биринчилигин Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөрүү чечимин кабыл алган. 

Алгач чемпионат Перунун борбору Лимада өтүшү керек болчу. Бирок Перу тарап мелдештерди өткөрүүдөн баш тартып, ал укукту башка өлкөгө берүүгө даяр экенин билдирген. 

Былтыр сентябрда Түркмөнстан Уруш искусстволору боюнча жабык имараттардагы V Азия оюндарын өткөргөн. Түрдүү маалыматтар боюнча, анда өлкө спорттук имараттарды жана инфраструктура куруу үчүн 10-15 миллиард доллар короткон.​