Categories

Туристтерди тейлеген аудиогид

https://youtu.be/KBAoylxf1DE

Эми Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине келген конокторду аудио гиддер тейлешет. Кыргызстанда биринчи жолу ишке ашып жаткан бул долбоор келечекте өлкөнүн башка аймактарына да жайылтылмакчы. Буга чейин музейлерде ар кандай себептерден улам экскурсовод жетишпей келсе, аудио гиддер түйшүктү жеңилдетет дешет маданият министрлигинин өкүлдөрү.

 
Categories

Кыйын күндө калган музейлер. Тарыхый мурастар жоголуу коркунучунда

Тарыхый мурастарды жоготуп алуу коркунучу күч. Буга баалуу экспонаттардын бирин-серин жоголушу, кадрдык саясат, музей тегерегиндеги мыйзамсыз курулуштар себеп болууда. Тарыхый-маданий чөйрөдөгү олуттуу көйгөйлөрдү адистер бүгүн парламентте көтөрүшүп, маселени чечүү жолдорун талкуулашты.    

Султан Жумагулов, Маданият, маалымат жана туризм министри:

-Учурда иштеп жаткан музейлердин ичинен 12синин гана атайын имараттары бар. Калгандары ылайыкташкан имараттарда жайгашкан. Бул музей ишин өнүктүрүүгө кедергисин тийгизет. Имараттардын жарымынан көбү капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

Өлкө аймагында жалпысы болуп алтымышка чукул музейлер бар. Алардын көпчүлүгүнүн материалдык базалык шарттары жакшы эмес. Мындай шартта кылым карытып келген баалуу эскпонаттарды сактап калуу кепилдигин эч ким бере албайт. 2015-жылдан 2020-жылга чейин тарыхый- маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө атайын концепция кабыл алынганы менен каржынын тартыштыгынан улам демилге ушул күнгө чейин аксап ишке ашпай келүүдө. Тарыхый-маданий мурастарга кирип, али изилдене элек аймактарда мыйзамсыз курулуш иштери жүрүп жатышы да актуалдуу көйгөй. Атүгүл мүрзө дөбөчөлөрдүн үстүнө турак тургузуп алгандар аз эмес. Адистер жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жарандарга атайы корукка кирген жайлардан жер тилке бермей адатты токтотуусун суранышат. Өкүнүчтүүсү мыйзамсыз курулуш иштеринен сырткары кен казуу жаатында да алешемдиктер бар экен.

 Кадича Ташбаева, археолог:

– Бүгүнкү күндө тоо кендерин иштетүүдө дагы олуттуу кемчиликтер бар. Тарыхый-маданий мурастар турган жерлерде кен казуу иштери жүрүп жатат. Мисалы Кыргызстанга эле эмес бүтүндөй дүйнөгө белгилүү “Саймалуу-Таш” тарыхый эстеликтеринин жанында дагы көмүр, алтын кендери табылып, аларды казуу аракеттери болууда. Бул өз кезегинде баалуу табылгаларга кедергисин тийгизбей койбойт.

 Кадр саясатында да олуттуу өксүктөр бар. Музей тармагында бардыгы болуп 700гө чукул адис эмгектенсе, алардын арасында жаш кызматкерлерди кезиктирүү кыйын. “Аймактагы музей кызматкрелеринин маянасы 3 миң, борбордо иштегендердики аран алты миң сомду түзүп жатса, кантип жаш кызматкерлерди тартмак элек”, – деп кейишет маданият өкүлдөрү.

  Хайрулло Ибайдуллаев, «Сулайман- Тоо» музейинин директорунун орун басары:

-Бүгүнкү күндө музейде кадрлар жокко эсе. Биринчи кезекте Маданият министрлиги менен Билим берүү министрлиги чогулуп, бул маселени чечүүлөрү керек. Россиядагы Жогорку окуу жайларына реставрация боюнча музей адистерин окутуу боюнча квоталарды көбөйтүү керек. Азыр бир жылга бир-эки квота алабыз, ал боюнча кеткен жаштарыбыз окугандан кийин кайра келбей коюшат.


 Өзүмбилемдикке салып капчыгын ойлоп өз алдынча казуу иштерин жүргүзгөн археологдор дагы жок эмес. Кыргызстандан табылган канчалаган баалуу табылгалар учурда чет элдик музейлерде жана окумуштуулардын колуна өтүп кеткенин айтышат адисттер. Былтыр Коопсуздук кеңешинин жумушчу комиссиясы Маданият министрлигинде коррупциялык 26 тобокелдик бар деп, ага он жыл ичинде тарых музейинен жоголгон 503 экспонат кирээрин маалымдаган эле. Жоголгон тарыхый буюмдардын ичинде отузга чукул баалуу металлдан жасалгандары да бар. Эгер ушул ыргак менен кетсе, анда Кыргызстан 10-15 жылдан кийин көптөгөн баалуу тарыхый мурастарынан кол жууп калуу коркунучу бар.

  Орозбек Солтобаев, археолог:

 -Ысык –Көлдөгү уникалдуу балбалды канчага сатып аласынар деп короосунан таап алган адам мамлекет менен соодалашып жатат. “Бул менин короомдо турабы, демек меники, канча төлөйсүңөр?” дейт. Мурастар ээси албетте, эл. Бирок, мамлекет мунун юридикалык жагын да так чечип коюшу керек.

Сыны кетип, бузулуп бараткан табылгаларды оңдоп -түзөө да көйгөйлүү. Бул жаатта өз ишин билген мыкты адистер таңкыс. Каражаттын жана кадрлардын тартыштыгынан улам, өлкөдөгү баалуу эстелик, табылгаларды кайра калыбына келтирип, аларды инвентаризациялоо жана изилдөө иштери аксоодо. Мындан улам эл өкүлдөру Маданият министрлигинин алдында республикалык резервдик фонд түзүү зарылдыгын белгилешүүдө.

Булак: NewTV

 
Categories

ФОТО- Ата Мекенди даңазалаган ырлардын “Жоокер ыры” сынагы болуп өттү

КР коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитет менен Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги биргелелешип өткөргөн “Жоокер ыры” сынагы болуп өттү. Сынакта Ата Мекенди даңазалаган ырлар аткарылды. Ага орто жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары катышышты.

Сынакта үч номинация боюнча орундар аныкталды:

-“аскер жылдарындагы ырлар”;

-“патриоттуулукту чагылдырган ырлар” мамлекеттик тилде;

-“көркөм окуу” мамлекеттик тилде;

Райондук аскер комиссариаттары райондук билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте 1-марттан 9-мартка чейин сынактын райондук деңгээлдеги баштапкы этабын өткөрүшкөн.

Облустардагы тандоо этабы 12-марттан 19-мартка чейин болуп, ага катышкандардын арасынан республикалык сынакка катышуучулар тандалып алынган.

Финалдык этапка өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан орто билим берүү мекемелеринин 8 командасы катышты.

Калыстар тобунун төрагасы КР Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Улуттук консерваториясынын окутуучусу Улукмырза Полотов болду.

 Калыстар тобунун добушу менен “Аскер жылдарындагы ырлар” боюнча 1-орунга Ош облусунан келген Абдиламитова Мээрим, 2-орунга Чүй облусунан Бектенов Ильяс, 3- орунга Ысык-Көл облусунан Алымсеитова Азамат ээ болду.

“Ата Мекенди даңазалаган ырлар” боюнча 1-орун Байышов Аскатка, 2-орун Басалькор Евгенийге, 3-орун Алымсеитов Азаматка тийди.

 Ал эми “Көркөм окууда” 1-орунга Азаматова Гүлназ, 2-орунга Дуулатбек кызы Мираида, 3-орунга Раимкулова Мадина татыктуу болушту.

Жеңүүчүлөргө грамота, баалуу белектер, дипломдоп жана эсте калчу белектер тапшырылды.

 Булак: NewTV

 
Categories

«Он сегиз жаш» аттуу ырдын автору Кемел Бакашов каза тапты

Кемел Бакашов 1936-жылдын 24-июлунда Ысык-Көл облусунун Ак-Булуң айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң Караколдогу педагогикалык университетке тапшырган. 

Өмүрүнүн аягына чейин Ыбырай Туманов атындагы музыкалык мектепте мугалим болуп иштеген. 

“Ата Журт жана махабат”, “Он сегиз жаш”, “Күү залкары Ыбырай Туман уулу”, “Өмүр изи” аттуу китептерди чыгарган. 

Анын ырлары орус жана якут тилдерине которулган.