Categories

Орусия “Евровидение” сынагынын финалына өтпөй калды

“Евровидение” сынагына катышкан Орусия өкүлү Юлия Самойлова финалга өтпөй калды. 2004-жылдан бери Орусия биринчи жолу концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүнө катышпайт.

10-майда Лиссабон шаарында өткөн жарым финалда Самойлова I Won’t Break (“Мен сынбайм”) ыры менен катышкан.

Ал былтыр Украинадагы “Eurovison” мелдешине да жолдомо алып, катышпай калган. Украинанын Коопсуздук кызматы ырчыны “2015-жылы аннексияланган Крымдагы концертке катышып, мыйзамды бузган” деп, өлкөгө үч жыл кирүүгө тыюу салган.

“Евровидение” ыр таймашынын финалы 12-майда өтөт. Букмекерлер “Fuego” (“Жалын”) ырынын аткаруучусу, кипрдик Элени Фурейра утарын божомолдошууда. 

Жарым финалга ​Австрия, Эстония, Кипр, Израил, Литва, Чехия, Болгария, Албания, Финляндия, Ирландия, Сербия, Молдова, Венгрия, Украина, Швеция, Австралия, Норвегия, Дания, Словения жана Нидерланды ырчылары өттү. 

Мыктылар күйөрмандардын онлайн добушу жана калыстардын баасы менен аныкталат.

 
Categories

K-POP фестивалы Бишкекте

K-pop – Туштук Кореяда пайда болгон музыкалык жанр. Учурда дүйнө жүзү боюнча жаштар арасында миллиондогон күйөрмандары таап, ири музыкалык маданиятка айланды. Бугун борбор калаада аталган музыкалык жанр боюнча конкурстук тандоо этабы башталды

 
Categories

Бишкек: Жамгыр алдындагы K-рор фестивалы

Корей элинин популярдуу ырлары жана бийлери. Аба ырайынын жаан-чачындуу болуп турганына карабай К-кор фестивалынын катышуучулары бийлеп да, ырдап да жатышат. Анткени, бул фестивалдын жеңүүчүлө рү Кореяга барышып, корей элинин ырлары жана бийлери боюнча сынакта Кыргызстандын атын дүйнөлү аренага алып чыгышат. 

 Сынакка катышуучу үчүн 100дөн ашуун арыз келип түшкөн, анын арасынан тандоо этабына болгону 46 конкурсант өттү. Ал эми  финалда өз номерин тартуулоо мүмкүнчүлүгү 18 гана катышуучуда болот. 

Кошумчалай кетчү нерсе, сынакка каалаган адам катыша алмак, бул жерде жаш куракка катары эч кандай чектөө коюлбаган, бир гана шарт – конкурсант корей тилинде ырдай алышы керек.  

23-майда Спорт Сарайында корей музыкасынын 18 мыкты баалоочусу биздин өлкөнүн атынан  эларалык фестивалга катышууга жолдомо алуу үчүн таймашат. 

Белгилей кетсек, Түштүк Кореянын поп-маданияты бүгүнкү күндө Азия-Тихо океан аймагындагы жаштар маданиятынын таасирдүү фактору болуп саналат. 

Булак:NewTV

 
Categories

“Ак илбирс” киносыйлыгынын ээлери аныкталды

Бишкектеги “Манас” кинотеатрында “Ак илбирс” сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды. 

КР Эл артисти Жамал Сейдакматова улуттук кино жаатына сиңирген эмгеги үчүн сыйланды. Ошондой эле аталган сыйлык төмөндөгү таланттар да сыйлыкка татыктуу болушту. 

 «Мыкты тасма» номинациясында  «Кентавр» көркөм тасмасы – режиссер Актан Арым Кубат, ал  «Мыкты режиссер» да болду. «Мыкты  сценарий» – Эрнест Абдыжапаров жана  Актан Арым Кубат («Кентавр»). «Мыкты  оператор» – Хасан Кыдыралиев («Саякбай»). «Мыкты сүрөтчү» – Толгобек Койчуманов («Саякбай»). «Мыкты композитор» – Муратбек Бегалиев («Саякбай»). « Эркектин мыкты ролу» – Азамат Уланов («В поисках мамы»). «Аялдын мыкты ролу» – Таалайкан Абазова («Кентавр»). «Көрүүчүлөрдүн мыкты тасмасы» – «В поисках мамы»,  режиссеру Руслан Акун. «Мыкты документалдуу  тасма» – «Оймок», режиссеру  Касиет Кубанычбек кызы. «Мыкты кыска метраждуу тасма» — «Киноман»,  режиссеру  Аскар Нуракун уулу.  

Булак: NewTV

 
Categories

Көшөгө артындагы маскарапоздор

https://youtu.be/csa0dVCiMlE

Жаш балдарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында Кыргыз мамлекеттик циркинде маскарапоздор жыл сайын атайын программадагы иш чарасын тартуулап келет. Бул жылы Бишкек шаарынын 140 жылдыгына утурлап уюштурулган майрамдык кечеге Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн да коноктор келип, балдардын көңүлдөрүн которушту.

 
Categories

Тажикстандын Жазуучулар бирикмеси «тазаланууда»

Тажикстан Жазуучулар бирикмесинин комиссиясы уюмдун 400гө жакын мүчөсүнүн чыгармаларын талдап чыкты. Анын жыйынтыгы менен 40 адабиятчы мүчөлүк билетинен ажыратылса, бешөөсүнө сыноо мөөнөтү берилди.

Бирикменин күн мурун жарыяланган баяндамасында 2010-2015-жылдар аралыгында мүчөлүккө өмүр баянын сабаттуу жаза албаган адамдар дагы кабыл алынганы белгиленген. 

«Жазуучулар бирикмесине кабыл алууда уюмдун уставындагы талаптар эске алынган эмес. Алардын көбүнүн жазган китептеринде кандайдыр бир адабий баалуулуктар болгон эмес. Уюмга тарых, медицина, саясат таануу өңдүү адабиятка эч кандай тиешеси жок тармактар боюнча кичинекей китепчелердин авторлору дагы кабыл алынган», — деп жазылган баяндамада. 

Жазуучулар бирикмесиндеги «тазалоо иштери» 2015-жылы июнда, уюмдун башчылыгына белгилүү акын Низом Косим келгенде башталган. 2016-жылы бирикмеге жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга мораторий жарыяланган.​ 

Ал ортодо мүчөлүктөн чыгарылган жазуучулардын бири Гули Зард ар-намысын коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылууга ниеттенип жатканын билдирди. Ал Жазуучулар бирикмесинин башчысынан жана анын эки орун басарынан 150 миң сомони (17 миң долларга жакын) өлчөмүндө компенсация өндүрүп алууну көздөп жатат.

 
Categories

Бишкекте “Салттуу музыка жумалыгы” башталды

Борбор калаада “Салттуу музыка жумалыгы” сынагы башталды. Аталган долбоор айтуучулук, аспапчылык жана аваздык-аспапчылык багыттары боюнча өткөрүлөт. Кароо-сынакка 12 жаштан 30 жашка чейинки чыгармачыл адамдар катыша алат.

Уюштуруучулар жумалыктын алкагында өтө турган концертке коншу мамлекеттерден өнөрпоздор келишээрин айтышат.  

Дастан күнүндө коңшу Каракалпакстан, Казакстан өлкөлөрүнөн дастанчы улан-кыздар, ал эми күү күнүндө Өзбекстандан, Кореядан жана Казакстандан аспаптарда ойногон өнөр адамдары келишет.  

Эске сала кетсек,“Салттуу музыка жумалыгы” 2004-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Долбордун аягында жеңүүчүлөргө диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылат. 25-апрель күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда иш-чара жыйынтыкталат. 

Бул долбоордун автору КР Эл артисти Роза Аманова.  

Булак: NewTV

 
Categories

Айчүрөк Иманалиева “Урал моно” эларалык сынагына калыстар тобуна чакырылды

КР Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева түрк жаштарынын музыкалык-чыгармачылыгынын “Урал моно” эларалык фестивалына калыстар тобуна чакыруу алды. 

Бул тууралуу ырчы өзү кабарлады. 

Башкырстанда боло турчу аталган фестиваль ушул жылдын июнь айында өткөрүлөт. 

Ырчынын айтымында, буга дейре ага Хакасияда өтчү “От ыры” фестивалына калыстар тобунун курамына кирүү сунушу түшкөн. Эки сынактын өткөрүлчү убактысында эки гана күн айырма болгондуктан, экөөнүн бирине гана катышууга мүмкүнчүлүгү бар. 

“Кайсы фестивалга бараарымды азырынча чече элекмин”, – дейт Айчүрөк Иманалиева. 

Булак: NewTV

 
Categories

138 жылдан бери сакталган буюм…

Заман талабына ылайык бүгүнкү күндө музейге чет элдик туристтер, же тарыхка кызыккандар гана келгени болбосо, музейге баш баккандардын саны аз. Негизинен музей саякаты дүйнөдөгү кирешелүү тармак катары саналып келет.

 
Categories

Жамал Сейдакматова кинематографияга кошкон чоң салымы үчүн сыйланат

Кыргызстандын Эл артисти Жамал Сейдакматовага ушул жылы “Улуттук кинематографияга кошкон орчундуу салымы үчүн” атайын сыйлыгы тапшырылат.

Жамал Сейдакматова Кыргыз драмтеатрдын  босогосун 1957-жылы аттаган.  

Ал ондогон кыргыз тасмаларында, алардын катарында “Тянь -Шандык кыз”, “Караш ашуусундагы атышуу”, “Улан”, “Ак илбирстин тукуму”, “Курманжан Датка” ж.б. көркөм тасмаларда роль жараткан.  

Театр сахнасында да бир нече ондогон образдарды ачкан.  

Ал “Тунгуч” театрын түзгөн.  

Булак: NewTV