Categories

Өзбекстанда мугалим, дарыгерлерди өнүп кеткен жашылча сатып алууга мажбурлашууда

Кашкадарыя облусунда бийлик дарыгерлерге кеминде 20 килограммдан өнүп кеткен пияз жана картошка сатып алууга мажбурлоодо. Медицина кызматкерлери маалымдагандай, алар эгер талап аткарылбаса, жумуштан бошотобуз деп коркутушууда.

“Адатта ар бейшембиде айылда иштеген дарыгер жана медайымдардын катышуусунда жыйын өтөт. Акыркы жолу медициналык бирикменин башкы дарыгери бизге өзгөчө көрсөтмө берди. Анын айтымында, облустан бизге бир нече тонна картошка жана пияз жөнөтүлүптүр. Эми облус жана район бийлиги бул жашылчалардан 20 килограммдан кем эмес сатып алууну талап кылууда. Жетекчилик баш тарткан кызматкерлер жумуштан кетүү тууралуу арыз жаза берсе боло турганын айтты”, – деди атын атагысы келбеген дарыгерлердин бири.

Анын билдиришинче, Китаб районундагы медицина кызматкерлери бакчаларында жашылча-жемиш өстүрүшөт, андыктан өнүп кеткен картошка, пияздарды сатып алууну каалашпайт.

Райондогу мугалимдердин бири буга чейин аларга дагы өнүп кеткен жашылча сатылганын маалымдады. “Облус жетекчисинин жакын адамы кышка карата көп өлчөмдө картошка, пияз камдаган. Бирок аны убагында сата алган эмес. Эми аларды чиновниктердин жардамы менен мугалим жана дарыгерлерге сатууда. Быйыл базарда пияз көп. Бир килосу 500-800 сум. Бизди болсо 1800 сумдан (0,3 АКШ долларынын тегереги) сатып алууга мажбурлашкан. Картошка 3000 сум, бизге 3800 сумдан сатышты”, – деди ал.

Китаб райондук медицина бирикмесинин башкы дарыгери Хаким Саидов бул маалыматты четке каккан жок. Бирок Кашкадарыя облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы кызматкерлерге мажбурлоо жолу менен пияз, картошка сатылып жатканын төгүндөдү.

 
Categories

Түркмөн бийлиги мигрант кыз-келиндерди мекенине кайтарууга аракеттенүүдө

Түркмөнстандын чыгышында жергиликтүү бийлик  коопсуздук органдарынын жардамы менен соңку үч жылдан бери Түркияда жүргөн аялдарды үйүнө кайтаруу боюнча кысым көрсөтүүдө.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы менен маектешкен Лебап облусунун жашоочусу Түркияда иштеп жүргөн кызы менен карындашын үйгө алып келүү үчүн жергиликтүү бийлик 15 күндүн ичинде чет паспорт жана билет сатып алууга жардам бергенин айтты.

“Жергиликтүү бийлик коопсуздук органдарынын жардамы менен Түркияда иштеп жүргөн кыздарыбызды алып келүүнү талап кылууда. Эгер алар кайтып келишпесе, административдик айыппул тартышарын айтышууда. Биз эле эмес, башка райондордо жашаган тааныштарыбыз дагы ушундай кырдаалга кабылышты. Алар мындай катаал жол менен Түркияда иштеп жүргөн кыздарды үй-бүлөлөрүнө кайтарууну көздөшүүдө”, – деди жергиликтүү тургун.

Түркмөн бийлиги Түркияда иштеген кыз-келиндер кайтып келишпесе, аларды бардык укуктардан, анын ичинде түркмөн жарандыгынан дагы ажыратышарын эскертүүдө.

 

 
Categories

Баклажан уурдоого аракеттенген итальянец тогуз жылдан бери соттон сотко сүйрөлүп жүрөт

Италиянын Лечче
түштүк провинциясынын тургунуна карата сот процесси 2009-жылы башталган.
Кайтаруучулар аны башка бирөөнүн фермасынан корзинага баклажан салып чыгып
бараткан жеринен кармашкан.

Бул тууралуу РИА
Новости жазды.

Биринчи
инстанциядагы сот беш айга камакка алуу чечимин кабыл алып, 500 евро айыппул да
салган. 49 жаштагы киши аппеляция берүү укугунан пайдаланып, мамлекеттик
жактоочунун жардамына чуркаган.

Кийинки сот анын
абак мөөнөтүн эки айга азайтып, айыппулду да 120 долларга кыскарткан.

Жыйынтыгында уурдалган
баклажан иши Италиянын борбор калаасына чейин жетип, жогорку Кассациондук сот
гана кишини жоопкерчиликтен бошоткон.

Соттор айыпталуучу
баклажанды үй-бүлөсүн тоюндуруу үчүн алганын, анын баасы бир нече евроцент гана
тураарын айтышып, ылдыйкы инстанциядагы соттордун айыптоодогу алсыз позициясын
айыпташкан.

 

 
Categories

Төрага Дастанбек Жумабеков Аксы районундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушту

Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушту.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушуу алкагында жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактарындагы көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти. Анын ичинде облустун инфраструктурасы башкы маселе катары айтылып, Кербен шаардык башкармалыгынын аймагында жайгашкан Мамай жана Устукан айылдарына чек арадагы айыл статусун берүү зарылчылыгы көтөрүлдү.

Андан тышкары, айрым калктуу пункттарда таза суу маселеси курч экени белгиленип, Кербен шаарында орун алган Т.Уметалиев атындагы мектептин авариялык абалы тууралуу да сөз жүрдү. Аталган мектеп 1969-жылы ишке берилген менен азыркыга чейин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.  

Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган ар бир маселе боюнча берилген документтер менен таанышып чыгарып билдирип: “Араңардан өз аймагы үчүн күйүп-бышкан жигердүү депутаттарды көрүп жатам. 2018-жыл – Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыктан, биз дагы айылдардагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана жакшы демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мен жакында Ысык-Көл жана Нарын облустарында болуп, жергиликтүү эл менен жолугуштум. Ал жакта да силердегидей көйгөйлөр көп. Андыктан, аймактардагы элдин турмушун оңдоого, айрыкча, билим берүү системасын жакшыртууга аракет кылышыбыз керек. Анткени, шаар менен айылдын ортосунда айырма болбоосу абзел. Балдардын татыктуу билим алуусу үчүн керектүү шарттар менен камсыздоо учур талабы”, – деди.

Жолугушуунун соңунда жергиликтүү кеңештин депутаттары Төрага Дастанбек Жумабековду ушул жылдын май айында Аксы районуна келип кетүүгө чакырышты.

 
Categories

Армияда миллиондогон акчалардын уурдалганы ачыкка чыкты

Кыргызстандын аскердик прокуратурасы Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитетте жана анын бөлүктөрүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү казына каражаттары кымырылган фактылардын бетин ачты.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2015-жылы бюджеттен ошол кездеги Коргоо министрлигинин эсебине аскер аэродромун оңдоого 70 миллион сом которулган. Бирок министрликтин жана “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары анын 37 миллион сомун башка курулуш объектилерине мыйзамсыз жумшаган.

Ошондой эле курулуш материалдарынын баасын ашыкча көргөзүү менен 9 миллион сом уурдалганы аныкталган. Аскер прокурору Нуркамал Набиев бул кылмыш ишинин жагдайына төмөндөгүчө токтолду:

– Бул иш мындан үч жыл мурда болгон экен. Анын жагдайлары эми ачылып жатат. Биздин прокурорлор изилдеп таап, азыр тергөө иштери башталды. Тергөөнүн жыйынтыгы чыкканда кимдин күнөөсү болсо, ошол адамдар жоопко тартылат. Бул жерде мыйзамсыз колдонулган 37 миллион сомдун ичиндеги 9 миллион сом акчаны алар жөн эле “жеп” коюшкан. Ал эми акчанын калган бөлүгү бюджетте “бир багытка жумшалсын” деп бөлүнсө, аны башка жакка пайдаланышканы аныкталган. Мыйзам бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну талап кылат эмеспи. Ошондуктан анда дагы одоно мыйзам бузуулар бар.

Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-308-беренелериндеги “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу” кылмыш белгилери боюнча иш козгоду. Бирок аскер прокуратурасы бул кылмыш иши Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин кайсы кызмат адамдарына козголгонун ачык жарыялаган жок.

Буга чейинки коргоо министри Таалайбек Өмүралиев каражатты максатсыз пайдаланганы аныкталып, сот андан 5 миллион сом өндүргөн. Ошондой эле ал 2011-жылы ыйгарылган “генерал-майор” аскер чининен ажыратылган.

 
Categories

Ошто бир айлык небересин сатууну көздөгөн аял кармалды

Ички иштер министрлиги билдиргендей, Ош шаарында бир айга толо элек небересин сатууну көздөгөн аял кармалды.

22-мартта милиция кызматкерлери ал Ош облусунун 59 жаштагы тургуну экенин аныктаган. Ал ымыркайды сатыш үчүн Ош шаарында 20 миң сом акча алып жатканда кармалган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси (“Адам сатуу”) менен кылмыш иши козголду. Небересин сатууну көздөгөн аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө уланууда.

Милиция кызматкерлери ымыркайды социалдык адистерге өткөрүп бергени кабарланды.

 

 
Categories

Кыргызстанда 80ден ашык сириялык качкын бар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда качкын макамына ээ 168 чет өлкөлүк жашайт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Гүлайда Орозалиева билдирди.

Анын айтымында, 87 качкын Сириядан, 61и Ооганстандан жана 15и Украинадан келген.

2011-жылы мартта өкмөткө каршы демонстарциялар менен башталган Сириядагы жарандык согушта жалпысынан 400 миңден ашык киши каза болуп, 5 миллионго жакын сириялык өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Бул согушта Орусия менен Иран Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтүн, Кошмо Штаттар менен Түркия көтөрүлүшчүлөрдүн түрдүү топторун колдоп келишет.