Categories

Кыргызстанда 80 миңден ашуун адам психикалык оору менен жабыркашат

Кыргызстанда январь айындагы маалыматтар боюнча, психикалык жактан 87 миң адам жабыркайт.   

Бул тууралуу психикалык саламаттык боюнча Республикалык борборунун маалыматына таянып “Сорос-Кыргызстан” фонду билдирди. 

Маалыматка караганда, 12 миңден ашуун адам шизофрения менен ооруса, дагы ошончо адам биполярдык бузулууга кептелген. Бул оорулар менен ооругандар арасында башка адамдарга караганда өз өмүрүнө кол салуу сезимдери курч өнүгөт. 

Дүйнөлүк статистка боюнча, психикалык бузулууга туш келген улуулардын 75 пайызы жана жаш балдардын 95 пайызы амбулатордук негизде дарыланышат. Аларды ооруканага жаткырышпайт. 

Булак: NewTV

 
Categories

Самаркандда окуучуну мектеп дарбазасы басып калып мерт болду

Самаркандда орто мектептин 6-классынын окуучусун 4-майда темир дарбаза басып калып мерт болду. Баланын туугандары мектептин короосундагы дарбаза жергиликтүү ишкер тарабынан мыйзамсыз орнотулганын, ошондуктан кулап калганын билдиришүүдө.

– Жээним жана башка окуучулар мына ушул жапыз дарбазадан дайыма өтүшчү. Бул бир жыл мурун мектептин жанында жашаган жергиликтүү ишкер тарабынан орнотулуптур. Дарбаза туура эмес коюлган, пайдубалы болгон эмес, андыктан шалактап турчу. Жээним дарбазага асынып өтмөк болгондо, ал кулап кетип башын басып калган, – деди маркумдун тууганы.

Мектеп директору окуу жайдын анча чоң эмес бөлүгү жергиликтүү ишкерге берилгенин тастыктады. Анын айтымында, ишкер жер тилкесине спорт зал курууну убада кылган.

Бирок жергиликтүү тургундардын бири директор калп айтып, жоопкерчилик алгысы келбей жатканын билдирди.

– Мен мектепке кошуна жашайм. Ишкерди жакшы тааныйм. Шаарда анын курулуш материалдарын саткан дүкөнү бар. Мектептин аймагына ал кампа салгысы келген. Бизге спорт залдын кереги жок, себеби чоң спорт залыбыз бар. Мен силерге анын сүрөтүн дагы жөнөтө алам. Маркум Жонибек дагы ошол спорт залда самбо менен машыкчу,– деди айыл тургуну. 

Шаардык ички иштер башкармалыгы бул боюнча комментарий бере элек. 

 

 
Categories

Бүгүн К. Кулматов УКМКга сурак берет

Бажы кызматынын башчысы К. Кулматов бүгүн УКМК га сурак берет. Бул тууралуу өзү ММКларга кабарлоодо. Ошону менен катар эле Кубанычбек Кулматов жумуштан өз каалоосу менен бошотуу жөнүндө арыз жазгандыгы айтылууда. Бул тууралуу Бажы кызматындагы өз булактары маалымдашкан. Айрым басма сөз маалыматтарына караганда, Кулматов жаңы өкмөт менен иштеше албай бул кадамга барышы мүмкүндүгү айтылат.

Булак: NewTV

 
Categories

Мухтар Аблязов: Казакстандагы митингдерди мен уюштурдум

Казакстандык ири ишкер жана банкир, 2009-жылдан бери Европада бозгунда жашап жүргөн Мухтар Аблязов бүгүн Казакстандын бир канча шаарында өткөн митингдерди өзү уюштурганын “Азаттыктын” казак кызматынын суроосуна жооп берип жатып айтты.

10-майда Казакстандын Астана, Алматы, Орол, Актөбө, Атырау, Семей жана Чымкент шаарларында “саясий туткундарды камактан чыгарууну талап кылган” нааразылык акциялары өттү. Астана менен Алматыдагы митингге катышкан ондогон адамды полиция “урусат берилбеген көчө жыйынын өткөрүп жатышат” деген негизде күч менен кармап кетти. Кармалгандардын бир тобу административдик жазага тартылды. “Саясий туткундарды камактан бошотуу” урааны менен ондогон адам катышкан митингдерде социалдык, экономикалык жана саясий талаптар коюлду. 

Акыркы маалыматтарга караганда, Алматы соту укук коргоочу Ерлан Калиевди “тынч жыйын, митинг, пикет жана демонстрация” өткөрүү тартибин бузду” деп айыптап, беш суткага, Алматы тургуну Ринат Алдамжаровду үч суткага камады. 

Ал эми абактагы бизнесмен Ескендир Еримбетовдун энеси Гайни Еримбетовага эскертүү берип, сот залынан бошотту. 

Буга чейин сот Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын экстремисттик деп тапкан. Казакстандык ири ишкер жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери Европада жашынып жүрөт. Ал казак бийлиги өзүнө койгон айыптарды четке кагып келет. 

 
Categories

“Алманы аким жейт, таякты жетим жейт”: ЖЭБди модернизациялоого кеткен 386 млн долларды келечекте эл төлөйт

Жогорку Кеңештин Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу көз жазгырмайларды иликтеген комиссиясынын корутундусун кечээ пленардык жыйында каралды. Бирок, маселе көп, а убакыт чектелүү болгондуктан аягына чыкпай, келерки жуманын шаршемби күнү улантылмай болду. 

Депутат Иса Өмүркулов кытайлык банктан алынган 386 миллион доллар насыяны кандай колдонулганын тыкыр карап, иликтеп, айыптууларды таап жоопкерчиликке тартпаса, карыздын кайтарар күнү бардыгын белгиледи. Айтымында, келечекте бул насыя тарифке айланат да, эл төлөйт. 

“Ошончо суммадагы акча кайда кетти, кимдин күнөөсү бар ачыкташыбыз керек. Кимдер бул ишке аралашты, ким чечимди кабыл алды, баары ачыкка чыкпаса болбойт. Анткени насыяны эл төлөйт. Тариф көтөрүлөт да, элдин эсебинен кытай компаниясынын акчасы кайтарылат. Эл төлөгөн насыянын эмнеге коротулганын так билүүгө укуктуу.  Биз саясий баа беребиз, жоопкерчиликти  укук коргоо органдарына берип, тырык иликтеп чыгышына мөөнөт коюп, жыйынтыгын  талап кылабыз. Иликтөөдөн кийин дагы башка адамдардын аты аталышы мүмкүн, көп акчанын аркасында көп эле киши тураары бышык”, – деди  Иса Өмүркулов. 


Булак: NewTV

 
Categories

Булактын суусу – чың ден соолук!

Шаар сыртындагы, тоо түбүндөгү  суулар крандан аккан суулардан курамы жана даам сапаты менен чоң айырмачылыкка ээ. Кимдир бирөө крандан аккан сууну ичүүгө көнүп, анын бөтөлкөдөгү суудан айырмасын сезбейт деле, а башка бирөө суу проводунан келген суунун жагымсыз даамын жок кылуу үчүн фильтр орнотууга аргасыз. Адистер крандагы сууну ичпөө керектигин, анткени ага хлор кошулгандыктан ден соолукка зыянын тийгизерин айтышат. 

Курсанали Ташов – гепатология бөлүмүнүн дарыгери: 

-Биринчи кезекте хлорорганик коркунуч жаратат, суудагы органикалык заттар менен аралашкан 300 бирикмеси ушундай аталат. Суу- бул жашоо. Ал турмак адам өзү да суудан турат. Ошондуктан, сууну аз колдонгон адам өз организмин акырындык менен өлтүрөт десек да болот. Бирок, сууну кантип ичүү керек деген суроо жаралат. Учурда суудан жуга турчу  дарттардын абдан көп түрү бар. Адамдар ар кандай фильтрлерди ойлоп табышты, анткени менен фильтирлөө дайым эле пайда боло бербейт. Эң мыкты суу – бул булактын суусу. 

Булактын суусун айтып жатышып адистер анын жакшы жагын гана белгилешет. Бул суу химиялык-физикалык курамында тең салмактанып, табигый курамынын баарын сатайт, кислородко бай, хлор жана башка сырткы таасирлерге кабылган эмес. 

Бир булактан суусу шакыйдан куткарса, экинчиси кан алмашууну жөнгө салат жана артериалдык кан басымды калыбына келтирет. Ал эми үчүнчү булактын суусу адамдын кыймылын жөнгө салып туруучу аппаратка оң таасирин берет. Косметологдор эгер булак суусун ичип гана койбостон, ага жуунса, анда беттин өңү жакшырып, тери жылмакай болоооруна  ынанышкан. Андан тышкары мындай суу инфекциялык жана дерматологиялык көйгөйлөрдөн кутултуп, организмдин жашарышына өбөлгө болот. 

Ишкерлердин айтымында, эл мурда газдалган сууга чуркачу, азыр газдалбаган табигый сууга басым жасап башташты. 


Динара Сатаева,  дарыгер: 

-Акыркы эки жылда “Памир” суусу өтүмдүү боло баштады. Ал суу булактын суусу. Мен өзүм ушул суудан ичем жана башкаларга да сунуштайм. Айрыкча, операциядан кийинки адамдар аны көп сурашат. 

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын базарында бөтөлкөдөгү суулардын түрлөрү бар. Ичилүүчү суу эки түргө бөлүнөт- тирүү жана өлүү суу болуп.  Адистердин айтымында, тирүү суу күндөн улам түсүн өзгөртөт жана аны менен катар пайдалуу курамынан да ажырайт. 


Тагдыр Камчыбеков, ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча директор: 

-Суу экиге бөлүнөт: тирүү жана өлүү. Өлүү суунун башаты белгисиз бойдон калат. Анда эч кандай микро жана макро элементтер жок. Тирүү суу, бул – булактын суусу. Аны күн тийбеген жерде сактоо керек, анткени күндүн таасиринен пайдалуу элементтерин жоготот. Күн нурунан түсүн да өзгөртөт. А өлүү суу микро жана макро элементтер курамында болбогондуктан канча турса да түсү бир калыпта сакталат. Мисалы, газдалган жана таттуу газдалган суулар. 


Илгерки заманда булактар адамдарга тирүүлүктүн белгисиндей туюлган. Уруу-урууга бөлүнгөн алар булактардын жан-жакасына байыр алышкан. Түзүмдөлгөн суу теориясына ылайык, суу эс-тутумга ээ жана адамдын 70 пайызы суудан турат. Балким, так ушул нерсе үчүн бизди ар дайым туулап-өскөн, балалык кез өткөн жерибиз өзүнө тартып, сагындырып турса керек. 

Булак: NewTV

 
Categories

Экс-депутат Рустам Маманов камакка алынды

Экс-депутаттар Рустам Маманов менен Рустам Воинов Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден тастыкташты.

Маалыматка караганда, алар ачылган кылмыш ишинин негизинде кармалышкан. Бирок, ал кылмыш ишинин мазмуну тергөө амалдарынын кызыкчылыгына байланыштуу азырынча ачыкка чыгарылбайт.  


Булак: NewTV

 
Categories

Өзбекстанда сынактан өтпөй калган студент өз жанын кыйды

Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин 20 жаштагы студенти экзаменден өтпөй калып, окуудан чыгарылгандан кийин асынып алды. Анын сөөгү 8-майда табылды.

Курсташтарынын айтымында, бир жыл бою ал ата-энесинен университеттен чыгып калганын жашырып келген. Ата-энеси бул кабарды уккандан кийин жигит өзүнө кол салууну чечкен. 

– Ж.Ю. англис тилинен экзамен бере албай калган. Акыры аягы аны окуу жайдан чыгарып ташташкан. Биздин университетте жыйынтыктоочу сынактарга акы төлөнөт. Көп акча талап кылынат. Маркум студент бул каражатты таба алган эмес. Чет тилдер курсуна катыша албай калган. Экинчи курстун студенттери IELTS сынагын тапшырып, 6,5 балл алышы керек, – деди студенттердин бири. 

Ректордун орун басары өз жанын кыйган мурдагы студенттин тагдыры тууралуу билбей турганын айтты. Мындан тышкары ал сынак тапшырууда акча талап кылынарын дагы четке какты. 

 
Categories

Өкмөт мигранттар үчүн турак жай алууга ипотекалык долбоор иштеп чыгуусу керек

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ар кыл маселелер” саатында шайлоочулар менен жолугушуп келген эл өкүлдөрү алардын койгон талаптарын аткаруу бийлигине жеткиришти. 

Депутат Сагындык Келдибаев аймактардын жашоо-шартынын жакшырышына эмгек мигранттарынын салымы чоң экенин белгилеп, “Региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында айыл жергесин өнүктүрүү максатында КР Өкмөтү мигранттар үчүн турак жай алууга ипотекалык долбоор иштеп чыгуусу керектигин баса белгиледи. Анын айтымында, мындай тажрыйба Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Украина жана башка өлкөлөрдө бар. Ошону менен катар С.Келдибаев чет жерде өлүмгө учураган мигранттар боюнча чыныгы күнөөлүүлөр сот жоопкерчилигинен кутулуп кетип жаткандыгын, мекендештердин укуктары корголбой жатканын аткаруу бийлигине “кулак кагыш” кылды. 

Мигранттардын көйгөйүн улаган депутат Махабат Мавлянова чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө тоскоол болгон ченемдик-укуктук актылар бар экенин айтып, мисалдарды келтирди. 

 
Categories

Ысык-Көл, жол кырсыгы, мамлекеттик туу… – Эл өкүлдөрү эмнелерге көңүл бурушат?

Бүгүнкү күндө айрым райондордогу билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелери ыйлай турган абалда, бул эч кимге жашыруун эмес. Алай районундагы Үч-Төбө айыл өкмөтүндөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты авариялык абалга туш келди. Баарынан акылга сыйбаган нерсе- жергиликтүү аялдар оорукананын короосунда көз жарууга аргасыз болушууда. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди. 

Ал ошондой эле жол кырсыктарынын арбып жатканын токтолду: 

 “Учурда баарыбыз жол кырсыктары көп болуп жатканына күбө болуудабыз. “Акылдуу шаар” эмес, “акылдуу трасса” жасагыла. Жолдорду коопсуз кылуу зарыл. Ош-Бишкек темир жол багытын жасоо керек. Жарандарыбыздын көпчүлүгүнүн учак менен учканга каражаты чектелүү экенин билебиз. А автоунаа менен жолдо жүрүү коопсуз эмес. Темир жол оптималдуу вариант болмок”, – деди ал. 

Депутат Максат Сабиров Ысык-Көлдөгү пансионаттардын акыбалы тууралуу пикирин билдирди. 

Айтымында, жакында көгүлтүр көл жээгинде болуп кайткан. 

“Ачыгын айтканда, ал жакта таштанды хаосу орун алган. Анын бир аргасын табуу керек. Биз туристтерден акча алып, бирок алар үчүн эч нерсе жасабай жатабыз. Өкмөттөн бул маселеге көңүл буруп коюуну суранам”, – деди депутат. 

 Депутат Айнуру Алтыбаева 25-апрелде катуу шамалдан мамлекеттик туу кулаганын эске салды. 

“Башталышында мэрия кандайдыр бир чечимди кабыл алуусу керек деп эсептейм. Өзбекстандагыдай, же Тажикстандагыдай кылуу керек деп эсептейм. Бул өлкөлөр ӨКМ катуу шамал болоорун кабарлаары менен туусун түшүрүп, брезентке ороп коет. Бизде да болуп өткөндөй көрүнүштөн качуу үчүн коңшу өлкөлөрдүн ыкмаларын колдонуу зарылдыгын жаратты”, – деди Алтыбаева. 

 Булак:NewTV