Categories

Сузакта энелер майрамы

Сузак районун Ак – Булак айылынын жашоочулары энелер майрамын белгилешти. Майрам кадимки эле Ыр кесе оюн шоок майрамы менен коштолуп, тушоо кесүү, топ таш, Жоолук таштамай сыяктуу улуттук оюндар менен коштолу. Айылдык аялдар комитетинин төрайымы Айнакан Омошеванын билдиргенине караганда, аталган майрам айылдык таланттардын талантьтын ачууда жакшы жөрөлго болуп жатат. Жашоочулардын чыгармачылык өнөрүнө шык берүүдө.

Иш чарар жергиликтүү жашоочулардын өз күчтөрү менен уюштурулган.

Булак: NewTV

 
Categories

Нарын облусунда динний экстремисттик уюмдар тууралуу түшүндүрүү жүргүзүлду

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы, Улуттук коопсуздук комитети дин өкүлдөрү менен биргеликте динний экстремисттик уюмдарга берилбөө тууралуу студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустагы өздүк кабарчыбыз Гүлира Туратбекова кабарлоодо.

Иш чарада хизбуд тахир жана якын инкар аталган уюмдар туурасында кеңири маалыматтар берилип, айрым студенттердин кызыктырган суроолоруна адистер жооп беришти. Маалымат үчүн айта кетсек, укук коргоо кызматкерлери тарабынан жыл башынан бери экстремизм боюнча облус боюнча жети кылмыш иши козголгон.

Акыркы убакыттарда бул уюмдардын кулачы жайылып, ага дин деген ушул дешип таанып, берилип кеткендер жок эмес.

Булак: NewTV

 
Categories

TBEA гранты кайда иштетилгенин УКМК Кулматовдон сурады

Мамлекеттик башчы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов бүгүн Улуттук коопсуздук кызматына барып сурак берген. Алдын ала анын кайсы иштин негизинде сурак берээри айтылбагандыктан, коомчулукта ар түрдүү божомолдорду жаратты. 

Сурактан чыккандан кийин бажы тармагынын башчысы ага кандай суроолор берилгенин ачыктады. 

“TBEA гранты кайда жумшалганына кызыгышты. Ал каражатка  “Калыс-Ордо” жаңы конушуна мектеп курулган. Мектеп турат, баары мыйзамдуу, бул жерде эч кандай кылмыш иши жок”, – дейт Кулматов. 

Ал эми УКМК азырынча Кулматов эмнеден улам алардын кызыгуусун жаратып калганын ачык билдире элек. 

Булак: NewTV

 
Categories

17 жаштагы улан ири суммадагы акча уурдоого шектелүүдө

Свердлов РИИБге жергиликтүү тургундан ири өлчөмдөгү акча каражаты уурдалгандыгы боюнча арыз келип түшкөн. Анда 30 апрелден 1-майга караган түнү белгисиз адам үйүнө кирип “Айфон” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 100 миң сом жана 500 АКШ долларын уурдап кеткендигин билдирген.

ИИМдин билдиргенине караганда, бул факты боюнча Свердлов РИИБнин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш ишин козгогон.

Милиция кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары мурда соттолгон 2001-жылы туулган А.Р. аттуу жаранды кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран ушул сыяктуу дагы 4 кылмышка тиешеси бар экендигин аныкталган.

Азыркы учурда кылмышка шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Булак: NewTV

 
Categories

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков абакта кармоо мөөнөтү соңуна чыкса да бошотула элек

Темирлан Ормуковду сот тергөө амалдары аяктагыча абакта кармоо чечимин чыгарган. Бирок, тергөө амалдары 29-апрелде соңуна чыкканына карабай акын дагы деле темир тор артында кармалууда. 

Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди. 

Айтымында, жалган жалаа боюнча анын ишин Октябрь райондук соту карап жатат. Тергөө убагында Ормуков кардиологияда жатып дарыланган, андан кийин Воронцовкада болгон. Ошол убакта ага издөо жарыяланып, эч кайда чыкпоо боюнча тилкаттын эрежесин бузду деп айыпташып, мындан улам баш коргоо чарасын абакта кармоого өзгөртүшкөн. 

“Тергөө амалдары 29-апрелде аягына чыккан. Бирок, ал кармалып турган абак жетеекчилиги бизге эгер иш сотто болсо бул мөөнөт эсепке алынбайт деп жооп беришти. Биринчи инстанция аны актаса гана Ормуков эркиндикке чыгат экен”, – дейт укук коргоочу. 

Эске салсак, Ормуков оппозициялык маанайдагы ырларды жазган акын катары белгилүү. Ал мурдагы президент Атамбаевдин дарегине ачуу сындарды айткан. Ошондой эле ЖК депутат Дастан Бекешевди да оң рулдуу автоунаалардын ээлеринен алардын кызыкчылыгын коргойм деп ири суммадагы акча алганын соцтармактарга жазып чыккан. Депутат акындын үстүнөн сотко арызданып, анын негизинде кылмыш иши козголгон. 


Булак: NewTV

 
Categories

Кыргызстандык мигранттарды турак-жай менен камсыз кылуунун жолу – ипотека

Калктын социалдык абалын жакшыртууда биринчи иретте алардын турак – жай менен камсыздалышы орунчундуу орунду ээлейт. Мамлекеттик, бюджеттик органдарда иштегендер ипотекалык насыяга үйлүү болуп жатышса, алыста иштеп жүргөн мекендештерибиздин каражат топтогондору гана үй алууга үлгүрбөсө, жашоосу өп – чап мигранттардын буга азырынча колу жете элек.

Депутат Сагындык Келдибаев “Региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында КР Өкмөтү мигранттар үчүн турак – жай алууга ипотекалык долбоор иштеп чыгуусу зарыл деп эсептейт. Ал мындай пикиин  “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди. 

Депутаттын айтымында, мындай тажрыйба коңшу Казакстан, Өзбекстан, Россия менен Украинага окшогон бир катар мамлектеттерде ишке ашырылып келе жатат. Ошону менен катар С.Келдибаев чет жерде жүрүп каза тапкан мигранттардын Жүк – 200 маселеси боюнча да пикирин билдирип, аны алууга каралган компенсация үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси кыскартылыш зарылдыгын белгиледи. 

Булак: NewTV

 
Categories

Жалал-Абадда бир апта суусуз калган аймакка суу берилди

Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына тарабынан бул көйгөй жоюлуп, азыркы тапта шаардыктар таза суу менен толук камсыз кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев билдирди.

Эскерте кетсек, айрым массалык маалымат каражаттары аркылуу шаардагы 170 кожолук эл эки айдан бери суусуз кыйналып жатканы тууралуу маалымат таркаган. Бирок, аны шаар бийликтери бул маалыматты четке кагышууда.  

-Биринчиден, 170 эмес, ал жерде 120 кожолук эл жашап турат. Экинчиден, эки ай бою суусуз калышкан эмес, убак-убагы менен суу берилип турган. Бирок, суу насосунун күйүп кеткенине байланыштуу акыркы бир аптада суусуз калышкан.Себеби, өз убагында “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына бул тууралуу кабар беришпеген. Качан гана башкармалыкка кабар жеткенде, алар тийиштүү чараларды көрүштү, азыр эл толугу менен суу ичип жатат. Эч кандай көйгөй жок, – деп билдирет Т. Темирбаев.  

Алынган маалыматтарга караганда, 120 кожолук эл мурда убак-убагы менен гана суу менен камсыз болуп келишсе, эми үзгүлтүксүз камсыз болушту.  

 
Categories

Кыргыз сомуна быйыл 25 жыл!

Бүгүн улуттук валютабыз – сомдун жүгүртүүгө киргизилгенине 25 жыл толду. Кыргызстан Борбор Азия жана КМШда биринчилерден болуп рубль аймагынан чыгып, өз акча бирдигине өткөн. Тагыраагы, 1993-жылдын 3-майында Жогорку Кеңешинин депутаттары улуттук валюта – сомду киргизүү үчүн добуш беришип, 10-майда – дүйшөмбү күнү таңкы саат төрттөн тарта жүгүртүүгө чыгарыла баштаган.

 
Categories

11-13-майларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

11-майда жана 12-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасы 3-8 метрге чейин жетет. Бул тууралуу ӨКМдин малымат кызматы кабарлоодо.

12-майда күндүн экинчи жарымында жана 13-майда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Булак: NewTV

 
Categories

Балыкчыда жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

2018-жылдын 8-май күнү болжол менен саат 20.40 чамасында Балыкчы шаарынынан белгисиз айдоочу белгисиз унааны башкарып келе жатып, Фрунзе көчөсүнөн жөө жүргүнчүнү сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден изин жышырып качып кеткен.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепетинен 69 жаштагы Л.С. аттуу жаран ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.

Балыкчы шаары боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин негизинде, жол кырсыгынын изи сууй элегинде шектүү катары “БМВ” үлгүсүндөгү унаанын 32-жаштагы Ж.Т. аттуу айдоочусу кармалып, тергөө кызматынын тергөөчүсүнө өткөрүлүп берилди. Ал эми, жогоруда аталган автоунаа атайын унаа коюлуучу жайга токтотулду.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NewTV