Categories

Улуу жеңишке арналган веложүрүш

“Мен атамды, агаларымды эскерем”. Мына ушундай ураан астында Жалал-Абад шаарынын тургундары веложүрүшкө чыгышты. Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган бул веложүрүшкө шаар калкы, студенттер гана эмес, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү да катышышты. Велосипедчендер жамааты шаардагы борбордук Ленин көчөсүнөн өтүп, “Жеңиш” эс алуу багына чейин келишти.

 
Categories

“Каухар” бизнес- борборун өрт чалды

Борбор калаадагы Орто-Сай базарында жайгашкан “Каухар” соода борборун тилсиз жоо каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкү саат 11:30дар чамасында өрт тууралуу маалымат келип түшкөн. Кырсык болгон жерге 3 өрт өчүрүүчү унаа жана 30 метрлик бир автошаты тартылып, өрт өчүрүлдү.

 
Categories

Жеңиш күнү кандай майрамдалат?

9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгына карата отуучу митинг-реквиемге даярдыктар кызуу журуудо. Борбор калаадагы жеңиш аянтындагы “очпос отто” аскер болуктору марш тээп, аскердик сый тамак бериле турган чатырлар тигилип, даярдалууда.

 
Categories

Күнжүрүш: Ысык-Көлдө ууланган спортчулар

 
Categories

Куйкум сөздүү Куйручук

Бүгүн Бишкек шаарындагы Куурчак театрында “ Амалкөй Куйручук” аталышындагы спектакль коюлду. Кыргыз тилинде коюлган аталган спектакль Маданият министрлигинин сынынан өтөт. Таш боордук менен боорукерликтин күрөшүүсүн чагылдырган спекталь жакшы деген баага татыса, көрүүчүлөрдүн назарына тартууланат

 
Categories

Калининградды бошоткон жоокер

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан Жалал-Абаддыктар арасынан 5 Советтер Союзунун Баатыры чыккан. Андан башка да миңдеген жоокерлер ар кайсы согуш талаасында эрдик көрсөтүшүп, төшү толо орден-медаль тагынып өз жерине кайтышкан. Жалал- Абад шаарында 4 гана согуш ардагери калса, алардын бири- Николай Харитонович Тецкий

 
Categories

Жол кырсыктан кызын жоготкон эне

Үрөй учурган жол кырсыктары. Анын кесепетинен адам өмүрү кыйылып, жакындарын жоготкон жарандар. Жол эрежесин туура сактабай унаа башкарган айдоочулардын айынан кырсыкка учурап тун кызынан айрылган эне 3 жылдан бери чындык издеп, күнөөлүүлөр жазаланбай, чыркырап жүргөн кези. Барбаган жерим, кайрылбаган сотум калбады деп нааразы.

 
Categories

ЖЭБ: кимдин күнөөсү канчалык?

Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна борборду модернизациялоого иштерине түз жана кыйыр тиешеси болгон дагы бир катар саясатчылардын аттары кошула турган болду. Алардын катарында мурдагы премьер- министрлер Жантөрө Сатыбалдиевдин, Темир Сариевдин жана Сапар Исаковдун ысымдары да бар. Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети бүгүн Кыргызстан-Кытай көгүлтүр от куурларын куруу жана аны