Categories

Ак үйдөгү тагдыр чечүүчү № 306 бөлмө

Кечээ акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранган болчу.

Бүгүн эрте менен эле Текебаевдин адвокаты И. Афиджанов “Ө. Текебаев өзү да, адвокаттары да ага тагылган айыпты моюнга алган эмес жана ырайым сурап кайрылган жок” деп, айтып чыкакан болчу. Ушуга улай эле Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгуу жөнүндө өтүнүч даярдалып жаткандыгы маалым болду. Бул тууралуу бүгүн ММКларга “Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова айтып чыкты:

“Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого бардык документтерди даярдап койдук. Олуттуу негиздемелерибиз бар. Бардыгы даяр. Акыркы эле бир кагаз калды. № 306 иш бөлмөсүндө ким отурган?. Ал жерде Атамбаев отурган. Ошол кагазды алсак эле беребиз” – деди.

Токтакунованын айтымында, арыз Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Эгер ал жак макул болсо, Жогорку сот ишти кайра карап чыгууга жөнөтөт. Оторбаевдин кайрылуусу да, адвокаттардын аракеттери да үндөш экенин белгиледи.

Эгерде жогоруда аталган иш бөлмөдө ошол учурда Ө. Текебаев отурбагандыгы аныкталса, анда кылмыш ишинин нугу башка жакка кетип калышы да мүмкүн? Чын эле ал жерде А, Атамбаев отургандыгы аныкталса, келме кезек болуп калышы да мүмкүндүгүн жокко чыгарууга болбойт.

“Ата Мекен” партиясынын негиздөөөчүсү Өмүрбек Текебаев “орус жаранынан ири суммада пара алган” деген айып менен былтыр февраль айында кармалып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Муну ал өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы үчүн саясий куугунтук катары баалап келет.

Соттук териштирүү маалында айыптоочу тарап “Ак үйдөгү №306 бөлмөдө 2010-жылы Текебаев отурганын” айткан. Ал эми адвокаттар “ал бөлмөдө мурдагы президент, ошол кезде Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Алмазбек Атамбаев отурчу” деп айтып келишет.

Булак: NewTV

 
Categories

Сооронбай Жээнбеков: Менин негизги милдетим – мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин жашоосун жакшыртуу

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда
Ысык-Көл облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун  жашоочулары менен жолугушту. 

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Жолугушууда Мамлекет башчысы өзүнүн президенттик ишмердигиндеги  артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде тышкы саясат туурасында айтып берди. 

«Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык» деп элибизде бекеринен айтылбайт.  Президенттик кызматка киришээр замат коңшу мамлекеттер менен мамилелерди бекемдөөгө көп көңүл бурдум.  

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, алгачкы сапарымды Россиядан баштадым. Россия  жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен кызматташуу тышкы саясаттагы  артыкчылыктуу багыт болуп саналат”, -деди Президент Сооронбай Жээнбеков. 

Мамлекет башчысы коңшулар менен мамилени бекемдөө максатында Казакстанга,  Өзбекстанга, Тажикстанга жасаган сапарлары, Түркияга жана Европа союзунун  институттарына жасаган чет элдик сапарлары, жакын арада болжолдонуп жаткан Кытайга сапары туурасында айтып берди. 

Мындан тышкары Президент 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо  тууралуу Жарлыктын максатына жана милдеттерине токтолду. 

“Президент катары менин негизги милдетим – мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин  жашоосун жакшыртуу”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 


Булак: NewTV

 

 
Categories

Ата мекенчилер “а” дешти Башкы прокуратура “б” дейби?..

Акыркы күндөрү “Ата Мекен” фракциясы экс президент А. Атамбаевге карай чабуулун иретүү баштагандыгы байкалат. Анын акыркы далили катары Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы экс-президент Алмазбек Атамбаев үчүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында курулган ак сарайдын мыйзамдуулугун териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшыргандыгын белгилүү болду. Буга чейин бул маселе оозеки ирет ЖК да бир нече ирет айтылып келсе, бул ирет мыйзамдуу кадам жасалгандыгы коомчулуктун көңүлүн бурду.

Мындай аракеттер мындан ары да кучөй бериши айныксыз. Анткени, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Шыкмаматов” бир учурларда мамлекеттик бүтүндөй машиналар, Укук коргоо мекемелери бизге каршы иштеп келди. Өздөрүнүн негизги функцияларын унутуп салышты” – дегенин эске алганда мындай ой жүгуртүү туура эле болчудай.

Ушуну менен катар эле А. Салянова жана башка мурда козголгон кылмыш иштерди актоо аракеттерин башташты. Бирок, тилекке каршы Ата Мекенчилердин бул суроолоруна Башкы прокуратура кандай жооп берери азырынча белгисиз.

Президент С. Жээнбеков да “Ата Мекен” фракциясынын бул аракеттерине а же көк дей элек. С. Жээнбеков президенттик кызматка жаңыдан киришкенде “саясый жагдайлар менен түрмөгө түшүшкөн адамдар өзүнүн иши эмес экенинин чекесин чыгарганы бар. Жаңы келген. Башкы прокурор Ө. Жамшитов да алар тууралу убатылуу эч нерсе айта албашын билдирген.

Бирок, тилекке каршы Экс АША менен ажыркы ажо С. Жээнбековдун ортосунда карама каршылык улана берсе Ата мекенчилердин ити чөп жеп калары да шексиз.

Булак: NewTV

 
Categories

Экс премьер – министр Ж. Сатыбалдиев: “ЖКнын депутаттары Кытайга барышып ТВЕАнын иши менен таанышып келишкенин билген эмесмин”

Учурда ТЭЦтеги коррупциялык иштерди иликтеген депутаттык комиссиянын экс премьер – министрлердин кайсы бир деңгээлде жоопкерчилиги болушу керек деген тыянактары коомчулукта бир топ ызы чууларды жаратты. Анын ичинде экс премьер – министр Ж. Сатыбалдиевдин да аты аталып кеткен. Бүгүн Ж. Сатыбалдиев Марал радиосуна ТЭЦти модернизациялоо иши боюнча маалымат берди.

“Мен мурда Жогорку Кеңештин атайын депутаттар тобунун ТВЕА компаниясынын ишин Кытайга барышып, жеринде таанышып келгенин билген эмесмин. Кечээ депутаттык комиссия иштеп жатканда, ошол жерден угуп билдим. Мурда ММКлардан уккам. Бирок, чын – төгүнбу деп ишенген эмесмин” – деди.

Өкмөт келишимге кол коердун мурун ЖКнын үч комитетинен макулдук алганбыз.

Булак: NewTV

 
Categories

А. Бекназаров: “Алмаз эски досум дос катары мамиледе жүрсө бүгүнкүдөй кыйын абалда калбайт болчу”

“Алмаз эски досум президент болуп турганда мени кызматка жолотпосо да дос катары мамиледе жүрсө бүгүнкүдөй кыйын абалда калбайт болчу. Мен ар дайым айтып, эскертип турат элем” -деди,”Азаттык” радиосуна берген маегинде А. Бекназаров. Андан ары буларга токтолду. “Ошол убакта тактап айтканда 2010 – жылы Ошто С. Жээнбековдун кабинетинен Атамбаевге чалып, оштон айдап жиберген кишини (Райим миллион) 400 миңби, 700 миңби алып алып, Кулматов экөөң кайра жөнөтүпсүңөр. Бул жакта эл нааразы болуп жатат. Бул эмне кылганың? Эми ал кишини аяктан кызматтан көтөрүп, Бажы кызматынын орун басары кылышып сактап жүрүштү. Кайра алты, жети жылдан кийин президенттиктен кеткенден кийин Райым миллионду коррупционер дегенин түшүнгөн жокмун.

Телефондон сырткары да экөөбүз бетме бет келгенде эмне деген гана сөздөр болгон жок. Жакалашкан га чейин барганбыз.

Менин Атамбаедин алдында жүз пайыз жүзүм жарык. Менин Атамбаевге айтканымдын баары болуп жатат. Эй айланаңдагы депутат, өкмөт кылам дегендериңдин баары кечээ эле кеткен бийликтин колтугунда жүргөндөр. Алар Акаев, Бакиевди саткан адамдар. Сен кызматтан кетериң менен сатат дегем. Мына бүгүн ошонун баары болуп жатат. Алар жаңы президенттин айланасына өтүп алышты. Сен революция менен келдиңби, революционерлер менен чогу бол. Биздин моюунубузда тарыхтын жопкерчилиги турат”- деп айткам деди.

Булак: NewTV

 
Categories

Өлкөнүн Акыйкатчысы К. Оторбаев Ө. Текебаевди президенттен ырайым кылууну өтүндү

Өмүрбек Текебаевдин кыргыз демократиясына кошкон салымы эбегейсиз. Тээ 1989 -1990 – жылдары Өмурбек мырза боз бала кезинде саясатка аралашкан. Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) түзүүчүлөрүнүн бири болгон. Ак үйдүн сыртында КДКчылар туруп, ичинде легендарлуу парламенттин жаш, активдүү мүчөсу, жаңыча ойлонгон инсан катары Өмүрбек Чиркешович өлкөбүздүн эгемендүүлүгү үчун ири салым кошкон. Ыраматылык А. Масалиев аксакалды улам трибунага жүгүрүп чыгып жатып далай жүдөткөн эле. Бирок, ошол эмгектери текке кетпей бир топ мыйзамдык жаңыланууларга салым кошконун кантип айтпай кое алабыз. Ал учурда кыргыз эгемендүүлүгүнун башатында легендарлуу парлменттин жүздөгөн депутаттарынын ичинен төрт киши болсо анын бири Ө. Текебаев болчу.

Өмүрбек мырзанын өлкөбүзго кошкон эмгектерин айта берсек кагаз бети түтпөйт. Дал ушул эмгектерин эске алып, Акыйкатчы Кубат Оторбаев Конституциянын кабыл алынганынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата Ѳмүрбек Текебаевге ырайым кылып, аны бошотууну өтүнүп, Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Эске сала кетсек, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Мегаком” чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Учурда Өмүрбек Текебаев №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Булак: NewTV

 
Categories

Н. Түлеев:” Кааласам Токио, Дубайга учуп кетем”

“2005 – жылы К. Бакиев президент болуп келер менен Бишкек шаар мэри кызматынан кетейин дедим. Арызымды жазып алып кирдим. “Жок отурасың, иштейсиң” – деди. Ошо кезде Ү. Сыдыков  жана менин агам И. Кадырбеков жана башкалар өздөрүнүн оюунун ойноп жатышып мени кетиришти. Мен кетип калдым. Кийин мага ак калпакчандарды жабыштырышты.  

Бир топтон кийин бир күнү К. Бакиев өзү чалып калды. “Эмне кылып жатасың” – деди. Үйдө элемин – дедим. “Менден кетип калды. Сени сактай албай калдым. Азыр тынчып калды. Кайра Темир жолго барып кызматка отур” – деп, өзү алып барып отургузган. Мен шаар мэри болуп турганда чачым түштү. Эрте менен саат беште турмай, кечинде түнкү саат бирде үйгө кетесиң. Азыр эрте менен саат 9:30 – 10 до турам. Каалаган жакка Токио, Дубайга билет алдырып учуп кетем. Мен эч качан бийликке жан талашкан эмесмин” – дейт.

Булак: Марал радиосу

 
Categories

Шадиев чек арадан чыккан жок.

УКМК “ЖКнын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Кыргызстандан сыртка чыгып кетти” деген маалымат калп экенин мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов маалымдоодо.

Ал: Бүгүнкү күндө Аскарбек Шадиев расмий түрдө мамлекеттик чек арадан эч жакка чыккан эмес. Учурда ага карата Башкы прокуратура буга чейин козгогон кылмыш ишин тергөө уланууда, – деди Рахат Сулайманов.

Аскарбек Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмековдун айтымында, Шадиев жүрөк оорусуна байланыштуу соңку беш жылдан бери дарыгерлердин каттосунда турчу. “Ал чет өлкөгө жүрөгүнө операция жасатыш үчүн 27-апрелде кеткен. Дарылануусу аяктагандан кийин кайра кайтып келет. Ошону менен катар эле кайсы мамлекетке кеткени белгисиз.

Үстубуздөгү жылдын 28-апрелинде Башкы прокуратура Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде козголгон.

Мурда Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы жарыяланган.

 
Categories

АКШнын Россияга карата санкцияларынан чоочулаган Борбордук Азия

АКШнын Россияга карата экономикалык санкцияларынын уламдан улам киргизилип же узартылып жатышы Борбордук Азия мамлекеттерин бир топ ойлондуруп келет.

Апрель айында АКШнын Орусияга киргизген санкциялары рублдин кунун кетирип, анын таасири Казакстанда орчундуу болуп, бир доллар 335 теңгеден сатылды. Андан эки кун мурда эле 320 теңге болчу. Казакстандын экономикасын мындан башка да жагымсыз окуялар болгону маалым. Мындан казак бийлиги өздөрүнүн улуттук экономикасындагы Орусиянын таасирин азайтыш керек экенин ойлонуп калгандыгы анык.

Ал турсун айрым эксперттер Россия менен болгон Евразия Экономикалык Биримдигин чөгүп бараткан “Титаникке” салыштырып жиберишти. Мунун кандай зарылчылыгы бар? Биз өзүбүздүн андан ажыратышыбыз керек. Канча эрте болсо, ошончо жакшы. Биздин элита буга азырынча даяр эмес. Айла жок Евразия Экономикалык Биримдигинин табийгый жол менен Советтер Союзу сыяктуу өзүнөн-өзү ыдырашын күтөбүз- дешти.

АКШнын экономикалык санкцияларынын учкуну Казакстанга жеткенден кийин жалпы Борбордук Азия мамлекеттерине да таасири тийбей койбойт. Күйүүчү майлардан баштап, темир тезектерге чейин Казакстан аркылуу Борбордук азиянын үч мамлекетине товарлар ташылып келет. Бир жагынан бул өлкөлөр өз ара интеграцияга келүү доору өтүп бара жаткандыгын сырткы өнүккөн мамлекеттердин эксперттери айтып келишет.

Ошону менен катар эле бул мамлекеттердин экономикалык жактан биригүүсүнүн кечеңдеп жатуусунун негизги бир себеби катары бир жагы Россия, бир жагы Кытай мамлекетинен чоочулоо катары кабылдабаганга арга жок. Мындай чоочулоонун бар экендиги бир жыл мурда Астанада Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлеринин бейформал саммити учурунда билинди. Президент Назарбаев ал жолугушууну башка Орусия жана Кытай сыяктуу ири өлкөлөргө каршы коюу орунсуз экенин айткан.

“Биздин Кытай жана Орусия сыяктуу чоң коңшуларыбыз бар. Алар менен да достук мамиле орнотконбуз жана аны дагы уланткыбыз келет. Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусу аймактагы мамлекеттердин Орусия жана Кытай сыяктуу башка ири мамлекеттери менен карым-катышына таасир этпейт” – деген.

Негизи Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин өткөн жылы Астана шаарындагы саммитин Өзбекстан президентти Ш. Мирзоевдин демилгеси менен уюшулганы маалым. Мындай аракети менен Ш. Мирзоев өз мамлекетинде эле эмес Борбордук Азияда реформаларды жасоого ниеттенгени билинди. Мирзоевдин мындай демилгесин Европалык саясат талдоочулар Борбордук Азияда лидерликке умтулуу катары баалап жиберишти.

Ошол эле учурда буга чейин Казак президентти Н. Назарбаев 90 – жылдардан бери эле Борбордук Азия мамлекеттерин эле эмес жалпы Түрк тилдүү мамлекеттерди экономикалык, маданий жактан жакындаштыруу идеясын колдоп келе жатканы дүйнөгө белгилүү. Мындай демилгелери үчун Путиндин досу сатып кетти – деген сыяктуу сөздөргө калып келет. Бул темада Россиянын саясий талдоочулары жакшы эле айтып, жазышты.

Ал эми Назарбаев 2005-2009-жылдардан кийин Казакстандын жетегиндеги интеграцияны ар дайым сунуш кылып, ар кандай демилгелерди көтөрүп келет. Борбор Азия мамлекеттерин Кыргызстандан башкасы бир адамдын катуу башкаруусунда болуп келгендиктен тышкы саясат президентке гана көз каранды экени белгилүү эмеспи.

Өзбек президентти А. Каримовдун учурунда Н. Назарбаевдин биригүү демилгелери колдоо таппай келгендиги белгилүү. Ш. Мирзоевдин келиши менен буга чейин “тоңуп турган муз” жылып эрий баштады. Борбордук Азия мамлекеттеринин биригүүсү Казакстан менен Өзбекстандын президенттерине көбүнчө көз карашына байланыштуу.

Буга чейин биригүүдөн өзүн оолак кармап келген Түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстанга болгон сапарында коңшу мамлекеттерди бириктирүү боюнча жаңы идеяларын айтты.

Жакында эле Казакстан латин арибине өтүү аракетинде 800 млн. АКШ долларынын тегерегинде акча каражатын бөлүп берди. Өзбекстандын латин арибине өткөнү качан. Ал эми мурдагы кыргыз президентти А. Атамбаев мындай демилгени колдогон эмес. Жаңы ажо С. Жээнбековдун латын арибине өтүү боюнча ой пикири азырынча белгисиз. Бул жасалып жаткан кадамдардын баары Россиядан оолактоонун аракети катары түшүнсөк болот.

Назаркул Жоошбаев

 
Categories

Айыптууларды жазалоону баарынан биринчи талап кылган Шыкмаматовдун Бишкек ЖЭБиндеги ишке катыштыгы барбы?

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы катыштыгын далилдеген документтер интернет тармагына тарады.

Бишкек ЖЭБиндеги январь айынын соңундагы авария андан жарым жылча илгери толугу менен ишке ашты деген модернизациялоону кайра кароого аргасыз кылган. Мындан улам ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү бир катар шалаакылык аракеттер суунун үстүнө калкып чыгып, жоопкер аткаминерлер кызматынан алынган. Депутаттык комиссия жана тийиштүү кызматтар “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө.  


Алмамбет Шыкмаматов
жоопкерлердин кызматтан кетүү менен гана жоопкерчилиги акталып калганына нааразы болуп: “Күнөөлүүлөр отставка менен гана кутулуп кетпеши керек. Алар жоопкерчилик тартышсын!” – деп талап койгон.  

Айыптууларды жазалоону баарынан биринчи талап кылган Шыкмаматовдун Бишкек ЖЭБиндеги ишке катыштыгы барбы?

Айыптууларды жазалоону баарынан биринчи талап кылган Шыкмаматовдун Бишкек ЖЭБиндеги ишке катыштыгы барбы?

Бирок, жакынкы күндөрү интернет тармагында Шыкмаматовдун Бишкек ЖЭБин модернизациялоого аралашканын далилдеген документ пайда болду. Ага ылайык, “Ата Мекендин” лидери адилет министри болуп турганда, мекеменин корутундусуна кол койгон. Ал корутундуда: “ЖЭБди реконструкциялоо үчүн өткөрүлгөн тендер ачык жана калыс өттү. Тендерди утуп алган компанияга эч кандай шек жок, ага ишенүүгө болот”, – деп белгиленип турат.  

Азырынча Алмамбет Шыкмаматов бул документ тууралуу пикирин билдире элек. Ал эми коомчулук эки ача көз карашты карманып, айрымдары бул Алмамбет Шыкмаматовго атайын жасалган тузак экенин белгилешсе, экинчи топ “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” деген кыргыз макалын мисалга келтиришүүдө.  

Булак: NewTV