Categories

Түркияда 18 миң мамлекеттик кызматкер иштен алынды

Түркия бийлиги ар кайсы министрлик, ведомстволордогу 18 миңден ашуун кызматкерди иштен айдады. Бул тууралуу жекшембиде күчү мыйзамга барабар болгон өкмөттүн жарлыгында белгиленген.

Жарлык “Расмий гезитке” басылды.

Иштен алынгандардын ичинде:

  • 8 998 полиция өкүлү,
  • 3 077 аскер кызматкери,
  • 1 949 авиация кызматкери,
  • 1 126 аскер-деңиз флоту кызматкери,
  • 1 052 Юстиция министрлигинин кызматкери,
  • 199 академик бар.

Кызматтан айдалгандар мамлекеттик кызматкерге таандык болгон артыкчылыктардан кол жууйт жана алар мындан ары мамлекеттик түзүмдөрдө иштей албайт.

Мындан тышкары жакын арада үч гезит жана бир телеканал жабылат.

Түркияда 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен бери Түркиянын аймактарында Гүлендин кыймылына тиешеси бар деген негизде кеминде 110 миңден ашуун киши кызматтан четтетилген. Элүү миңдей киши камакка алынган.

 
Categories

Президент Сооронбай Жээнбеков Сочиге барат

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-майда Орусиянын Сочи шаарында өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында ЕАЭБдин алкагында соода-экономикалык кызматташтык, эл аралык актуалдуу маселелер талкууланат. Евразия экономикалык комиссиясы жыйында “Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык биримдиктеги эки жыл. Биринчи натыйжалар” аттуу докладды сунуштайт. Анда Кыргызстандын аталган биримдикке кирген эки жылдан берки ишмердигинин натыйжалары жазылган. 

Жээнбеков Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Тараптар эки мамлекеттин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын, Евразия аймагындагы интеграцияны талкуулайт деп мерчемделүүдө. 

 
Categories

Экс премьер – министр Ж.Сатыбалдиев: “Мага экс президент А. Атамбаев кагаз, ооз жүзүндө да тапшырма берген эмес.

ЖКнын депутаттары Бишкек Жылуулук Борборун кайра жаңылоо ишиндеги коррупциялык иш аракеттерин жана андагы авариянын себептерин иликтөө комиссиясынын корутундусу менен таанышууда. Жыйынга экс премьер – министрлер Ж. Сатыбалдиев, Т. Сариев, С. Исаков чакырылган.

Ж.Сатыбалдиев: “Мага экс президент А. Атамбаева кагаз, ооз жүзүндө ТВЕА компаниясын тандоо боюнча эч кандай тапшырма берген эмес. Мен С Исаковдун катын көргөн эмесмин. Ал кат кечээ жакында чыкты. Өкмөткө тапшырма берилсе туура болмок”. – деди.

Ал эми мурдагы өкмөт башчысы С. Исаков ал кат президенттин атына жазылган маалымат экенине токтолду. “Алмазбек Атамбаев түз тапшырма берген эмес, “карап көргүлө” деп жатат. Ошондуктан Масалиев алдабасын, жалаа жаппасын. Экинчиден, биз президентке бардык компаниялар туурасында маалымат берип кат жибергенбиз. Биз тигил же бул компанияны лобби кылган жокпуз. Элдин башын айлантпагыла” – деди.

Булак: NewTV

 
Categories

ЖКнын талкуусу кийинки жумада уланат

Бишкек ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтөө боюнча ЖК депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы боюнча талкуу эмки аптада тактап айтканда, үчүнчү күнү уланат. Бул тууралуу кечкээ кечки саат алтыда жыйындын бүтпөй калганына байланыштуу депутаттар тарабынан ушундай чечим кабыл алынды.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеӊештин кечээги жыйынында Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгы тууралуу маалыматы бир топ ызы чуу жараттты. Экс президент А. Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча маселе көтөрүлгөнү маалым.

Кыязы, талкуу дагы көпкө созулчудай. Бир ай болсо бир ай карайбыз – деген ЖК депутаттары болду.

Булак: NewTV

 
Categories

И. Масалиев:”Экс президент А. Атамбаевдин кол тийбестигин алышыбыз керек”

Учурда ЖКнын депутаттары Бишкек Жылуулук Борборундагы  коррупциялык иш аракеттер боюнча атайын комиссиянын жыйынтыгын угушуп, талкуу уланууда. ЖКнын БЖБ боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү А. Масалиев: “Президенттин тышкы саясат бөлүмунун башчысы С. Исаков  ТВЕА компаниясын тийешелүү мекемелерге  тандагыла дегендей кат жөнөтүп жатат. Президенттик аппаратан көрсөтмө бергенден кийин кайсы мамлекеттик орган, кайсы кызматкер каршы чыга алат. Ошол эле учурда ЖКнын ондогон депутаттары ТВЕА компаниясын эсебинен Кытайга барып келишип алып, добуш беришкени жакшы эмес. Президенттин аралашканы коррупциянын белгиси болуп турат. Президент өз укугунан чыгып кеткен.

Экс президент А. Атамбаевыдин кол тийбестиги алыныш керек. Ошондо бул жерде төрдө отурган экс премьер – министрлер ачыгын айтышат. Ким буйрук беришкенин”- деди.

Булак: NewTV

 
Categories

Чеченстанда Путиндин мөөнөтүн узартууну сунушташууда

Чеченстан парламенти Путиндин үч мөөнөт катары менен Орусия президенти болушуна жол ачып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Мамдумага мыйзам долбоорун сунуштоого даяр.

Күн мурун бул маселе Парламент Кеңешинде талкууланды. “Аталган мыйзам долбоору Чечен Ресубликасынын башчысы, Орусия Баатыры Рамзан Ахматович Кадыров мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын узартууну демилгелегенден кийин иштелип чыкты”, – деп айтылат мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катында. 

Мыйзам долбоору парламенттин жакынкы жыйынында каралары пландалууда. 

Апрелде Кадыров азыркы президент Владимир Путинге атаандаш боло турган киши жок экенин билдирип, анын бийликтеги мөөнөтүн чектөөнүн зарылдыгы жок экенин айткан. 

“Мыйзамды ким ойлоп табат? Конституцияны ким кабыл алат? Эл! Эгер элдин кызыкчылыгы үчүн керек болсо, эмне үчүн өзгөртүү киргизе албайбыз. Мен өзүмдүн атымдан айтып жатам: Путинден суроонун кереги жок! Федерация Кеңеши, Мамдума, башка мамлекеттик институттар чечим кабыл алууну демилгелеп, кол чогултуп, жалпы элдик референдумга алып чыгуу керек”, – деген Кадыров. 

Владимир Путин 2000-жылдан бери Орусия бийлигинен түшө элек. 2000-жылы майда президент болуп шайланып, бул кызматта эки мөөнөт катары менен отурган. Андан кийин премьер министр болуп, 2012-жылы кайрадан президенттикке аттанган. Конституциядагы Орусия жараны эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт деген талаптан улам “өкмөт башчылык тыныгууга” барган. Путиндин башкаруусу учурунда президенттин мөөнөтү алты жылга узартылган жана саясатчы 2018-жылы төртүнчү жолу шайлоого катышкан. Мыйзам боюнча Путин 2024-жылга чейин президент болот. 

 
Categories

Бүгүн А. Салянованын соту болушу күтүлүүдө

Мурдагы бийлик учурунда ЖКдагы “Ата Мекен” фракциясынын көптөгөн депутаттарына кылмыш иши козголуп, саясый куугунтукка кабылышканын айтып келишет. Бийлик алмашкандан бери мурдагы фракция лидери Ө. Текебаевден баштап актоо аракеттери башталгандыгы маалым.

Бүгүн жогорку сотто экс-депутат, мурдагы башкы прокурор жана юстиция министри Аида Салянованын соту болушу күтүлүүдө. Мындан мурдараак сот жараяны адвокат ооруп келбей калганына байланыштуу жылдырылган эле.

Саляновага былтыр Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен айып тагылган. “2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Жазаны ал үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин быйыл 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Булак: NewTV

 
Categories

Путин төртүнчү жолу Орусиянын президенти кызматына киришти

Төртүнчү президенттик мөөнөткө шайланган Владимир Путин ант берип, расмий түрдө Орусиянын президенти кызматына киришти.

«Орусия заманбап жана динамикалуу болууга тийиш. Замандын чакырыктарын кабыл алууга даяр болуп, аларга чечкиндүү түрдө жооп бериши керек. Бул биз күчтүү болгон тармактарда лидерлигибизди бекемдөө үчүн зарыл», – деди Путин инаугурациясы маалында. 

Путин «жашоонун бардык тармактарында жылыштарды» талап кылып, алардын жардамы менен коом «учурдагы түзүлүштү коргоого багытталган саясатты жана бюрократиялык көңүлсүздүктү» жеңе турганын айтты. 

«Мындай секирикти бардык жаңы нерселерди кабыл ала билген, ошол эле маалда адамдарды кишендеп, алардын өз таланттарын, жөндөмдүүлүгүн ачып көрсөтүүсүнө тоскоолдук кылып жаткан адилетсиздикти, артта калгандыкты, учурдагы түзүлүштү коргоого багытталган саясатты жана бюрократиялык көңүлсүздүктү четке каккан гана эркин коом камсыз кыла аларына ишенем», – деп билдирди Путин. 

Инаугурация салтанатына беш миң киши катышты. Алардын арасында аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийликтеринин, башкы диний конфессиялардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк дипломаттар, ошондой эле шайланган президенттин штабында иштеген ыктыярчылар болду. 

Настоящее Время ант берүү аземин түз эфирде көрсөткөн. 

 
Categories

Экс премьер – министрлерге саясий баа берүү колдоого алынды

Бишкек жылууулук Борборундагы коррупциялык иш аракеттерди иликтеген ЖК комиссиясына акыркы күндөрү коомчулук шектүу карай баштагандай болду эле. Мындай шек саноолор комиссия ичиндеги айрым бир мүчөлөрдун нааразычылктарынан улам пайда болгон.

Тактап айтканда, депутаттар Акылбек Жамангулов жана Алмазбек Токторов иликтөө корутундусуна кол коюудан баш тарткан. Алар корутундуда ЖЭБдеги кырсык жана аны оңдоого бөлүнгөн 386 миллион доллардын сарамжалсыз пайдаланышы боюнча жоопкерчиликтүү айрым адамдар тизмеге киргизилбей калганын билдиришкен. Бул аты аталышкан депутаттар өз көз караштарын азыр да карманышып турушканын маалымдашууда.

Бүгүн жыйындан соң корутундуга киргизилген өзгөртүүлөр менен таанышып туруп, пикирин айтарын билдиришүүдо.

Ал эми аталган комиссиянын төрагасы Улан Примовдун маалыматына караганда, бүгүнкү жабык өткөн жыйынында Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча депутаттык комиссия бардык мүчөлөрдүн сунуштарын корутундуга кошмой болду. Буга чейин иликтөө корутундусуна кол койбогон депутаттарын сунушу талкууланып, аларды тыянакка киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ал эми дагы бир депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов болсо иликтөө корутундусуна Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоо боюнча кол койгон бардык жетекчилерге саясий баа берүү туурасында сунуш киргизилгенин кошумчалады.

Булак: NewTV

 
Categories

Рахмон терроризмге каршы күрөштө «кош стандарттуулук» саясатынан алыстоого чакырды

«Терроризм менен экстремизмдин мекени, улуту жана дини жок. Террорчу деген террорчу, ал «бөтөндүкү» же «өзүбүздүкү» болбойт. Бул тууралуу 4-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон «Терроризм менен экстремизмге каршы аракет» деп аталган Душанбедеги конференциянын ачылышында билдирди.

«Терроризм менен экстремизм чек араларды, мамлекеттерди тааныбайт, ошондуктан бүгүн террордук жана экстремисттик топтор диний радикалдык, улутчул топтор менен кошулуп, согуш жана зомбулуктун башталышына чагымчылдык кылып жатышат», – деди тажик президенти. 

Эмомали Рахмон дүйнөлүк коомчулук тарабынан «терроризм» жана «экстремизм» түшүнүктөрүнө дале бирдиктүүмамиле жок экенин өкүнүү менен белгиледи. «Терроризм жана экстремизмге, ошондой эле зомбулукка, радикалдуулукка каршы натыйжалуу күрөштө «кош стандарттуулук» саясаты болбошу керек», — деди Рахмон. 

Мамлекет башчы террорчулар Исламга жамынып алып, дүйнөдө исламофобияны жайылтып, мусулмандарга карата жек көрүү сезимдерин күчөтүп жатканын белгиледи. Рахмон жер шаарындагы адамдардын бир жарым миллиарддан көбүн түзгөн мусулмандарды жаманатты кылуу кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн эскертти. 

«Терроризм менен экстремизмге каршы аракет» аттуу эл аралык конференция башталды. БУУ, ЕККУ жана Европа биримдигинин көмөгү менен Тажикстандын өкмөтү тарабынан уюштурулган. Анын ишине дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн барган 30дан ашык эл аралык жана аймактык уюмдардын, ошондой эле илимий-изилдөө институттардын өкүлдөрү катышууда.