Индия Археологиялык Изилдөөлөр Мекемеси ASI тарыхый мечит Тадж- Махалда намаз окууга тыюу салды. Бул туурасында «Times of India» гезити жазып чыкты.

Маалыматта, Жогорку соттун июль айында Тадж- Махал күмбөзүндөгү мечитте шаар тышынан келген мусулмандардын жума намазын окуусуна тыюу салган. Андан көп өтпөй ASI мекемеси аталган мечитте беш убакыт намаздын окулушуна да уруксат жок экендигин жарыялады.

Тадж-Махал инспекция комитетинин төрагасы Сейит Ибрахим Хүсейин да Тадж-Махалда көптөгөн жылдардан бери намаз окулгандыгын, буга тоскоол болуу үчүн ортодо эч бир себептин болбогондугун белгилеп, ASIге каршы  арыз жазарын билдирген.

ASI Агра мекемесинин жетекчилери  болсо чечимдин соттун буйругу боюнча чыгарылгандыгын, ушуга караганда мечитте бир гана жергиликтүү калктын намаз окуй аларын айтат.

Жогорку соттун чечиминен кийин Тадж- Махалдагы мечитте июль айынан бери  Аграда жашаган мусулмандар гана жума жана беш убак намаздарын окуп жаткан.

Агра шаарында түрк  – ислам архитектурасы менен 1632 –  жылы курулган Тадж- Махал дүйнөнүн жети кереметинин бири.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз