Атамбаевдин курал менен коргоном дегени да туура эмес. Анткени, ошентип олтуруп, ал эгер бир нерсе болуп кетсе, анда жанындагылардын баарынын убалына калышы мүмкүн. Мындай ой-пикирин саясат талдоочу Табылды Акеров Майдан.кж  берген маегинде айтты.

Табылды Акеров: “Атамбаев бул билдирүүсү менен коркуп калганын билдирип жатат. Ал мындай болуп кетээрин  күткөн эмес. Мурдагыдай эле ар кимге догурунуп, ар кимди кемсинтип, мазактап жүрө берем деп ойлогон. Парламент аны ооздуктап, балп этмелерин токтотуп, өлкөгө кичине тынчтык алып келели деп, баары биримдикте аракет кылат деп ойлогон эмес. Атамбаев эми гана абалдын өтө татаалдашып кеткенин түшүндү.

Бөөдө өзү менен кошо башка адамдарды да темир тор артына ала кетиши мүмкүн. Эгер Атамбаев курал колдонуп, атышып кетсе, же элди көтөрөм деп аракеттенсе, анда анын күнөөсү мындан дагы оорлойт. Жазасы дагы катуулайт. Аны ал өзү жакшы билет. Ак үйдүн 7-кабатына олтуруп алып, С. Жапаровду, Б. Талгарбеков, Б. Асанов жана башкаларды менин бийлигимди төңкөрүш жолу менен тартып алганы жатат деп, жок шылтоолор менен каматып жибербеди беле. Анда өзү да келме кезекке кептелип камалып кетиши мүмкүн”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз