Таажылуу вирусту жуктуруп алгандардын саны 60328ге жетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде аталган дартка 15147 адам чалдыккан. Көз жумгандардын саны 1368. Бул илдеттен 5995 киши айыккандыгы кабарланууда.

Мындан сырткары таажылуу вируска кабылган өлкөлөрдүн да саны көбөйүүдө. Алар, Жапония, Таиланд, Сингапур, Гонконг, Корея, Тайван, Австралия, Германия, АКШ жана Малайзия.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.