Түштүк Кореялык окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, таажылуу вирустан айыккан адам ооруну кайра жуктуруп алышы мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келишти.

Өлкөдөгү Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору вирусту экинчи жолу жуктуруп алышы мүмкүн делген 277 адамдын анализдерин изилдеген.

Натыйжада ал адамдардын анализинен вирус табылган.

Бирок, ал вирустар организмдеги өлгөн вирустар экендиги белгилүү болгон.

Изилдөөчүлөр тест системалар вирустун өлү же тирүү экендигин көрсөтө албайт деген жыйынтык чыгарышты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.