Таажылуу вируска чалдыккан бардык бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Болгону Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында 1949-жылы туулган бир адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Обсервация жайларында 585 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. 2014 киши үй карантинине чыгарылды. Алардын баары карантиндин шарттарын так сактоого милдеттүү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.