Өлкөдө 22-майга карата таажылуу вирус жуктурган 37 жаңы учур катталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, жаңы жуктургандардын ичинен Бишкек шаарында 6+3 Санкт-Петербургдан келгендерден, Чүй облусунда 1 Соль-Илецктен келгендерден, Ош облусунда 6, Нарын облусунда 21 учур табылды.

Илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 1350 кишиге жетти.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.