Өлкөнүн айрым аймактарына киргизиле турган өзгөчө абал жазгы талаа жумуштарына кедергисин тийгизбеши керек.

Учурда Ноокат жана Баткен районунун үч айылынын дыйкандарын санитардык–карантиндик эпидемиологиялык посттордон токтоосуз өткөрүп туруу үчүн Республикалык штабга кат жөнөтүлдү.

Калган аймактарда өнөктүк өз нугунда улана берет.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жаздык кылкандуу дан эгиндерин себүү дээрлик 40 пайызга аткарылганын белгилөөдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.