Таажылуу вирус илдетинин жайылышы дүйнөлүк базарда мунайдын баасынын түшүп кетишине алып келиши мүмкүндүгү айтылууда. Мындай шарт мунайга болгон суроо-талаптын төмөндөп жаткандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу “коңгуроону” Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) кагууда.

ОПЕКтин маалыматына караганда,  2020-жылы мунайга суроо-талап орточо эсеп менен күнүнө 29,3 млн. баррелден болуп, мурда болжолдолгон көлөмдөн 200 миң баррелге аз болот. Учурда мунайга болгон дүйнөлүк баа 15 пайызга кыскаруу менен ар бир баррели 55 долларга түштү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.