Таажылуу вирус илдетинин жаңы түрү менен жер шаарынын калкынын үчтөн эки бөлүгү оорушу мүмкүн. Мындай болжолдук маалыматты Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңешчиси  Айру Лонджин маалымдагандыгын дүйнөлүк басылмалар жазууда.

Ал маалыматтарга караганда, Кытай тарабынан аталган ооруну алдын алуу иштери вирустун таркашын токтотушу мүмкүн. Ошенткен менен мындай аракет кечирээк башталып калган. Бул убактын ичинде вирус Кытай өлкөсүнүн көпчүлүк аймактарына таркап кеткен. Ал турсун сырткы мамлекеттерге да чыгып кеткен.

Бул илдет менен ооруган адам жөнөкөй шартта эки адамга жугузуусу мүмкүн. Эксперттердин маалыматына таянганда, муну эки эсе азайтып айтканда да жер шаарынын калкынын үчтөн экисине туура келет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда таажылуу вирустун вакцинасы 2021-жылы табылат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.