Учурда коомчулукту  Баткен облусунун чек арасындагы абал тынчсыздандырууда . Ал жердеги чырдын келип чыгуу себептери тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев  “Марал” радиосуна берген маегинде ой бөлүштү.

Таабалды Тиллаев: “Баткенде Тажикстан менен 70 пайыз чек аралар тактала элек. Күнөө өзүбүздө, өкмөттө. Ал жерде Тажикстандын калкы өсүп жатат. Чек араны чечүүнүн жолдору көп. Кээ бир жерлерде сууну коңшулар тараптан, алар биз жактан алат. Чек арага жакын айылдарга статус берилген менен каражатты чечилген эмес. Ал жердегилердин пенсияларын көтөрүү, жарандардын кызыкчылыгын жаратуу керек. Ал эми Тажикстан мындай ишти жасап, чек арага жакын жерге шаар куруп атышат. Анан ал жерде эл күчтүу болот”,-деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз