Кыргызстанга 2021-жылдын биринчи жарымында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өсүп, 321,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен:

– профессионалдык ишмердүүлүк – 35,4%;

– Өндүрүш өнөр жайы – 35,4%;

– пайдалуу кендерди казуу – 22,5%;

– кайра иштетүүчү өнөр жайы – 19,3%.

«Өз кезегинде 2020-жылы түз чет өлкөлүк инвестициянын агымы 537,5 млн долларды түзүп, COVID-19 пандемиясына байланыштуу 50,1%га түшкөн», -деди ал.

Ошондой эле Инвестициялар министринин орун басары Кыргызстанда инвестициялар тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип жатканын, соода-өнөр жай палатасын реформалоо жана эркин экономикалык аймагынын концепциясы кайра каралып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары «Инвестициялык талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча» токтому боюнча долбоор иштелип чыгып, макулдашылууда. Инвестициялык долбоорлорду экспертизалоо жана даярдоо институтун түзүү боюнча токтомдун долбоору иштелип чыгвп, макулдашылып жатканын минитсрликтен кабарлашты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.