Улуттук статистика комитети республикада дан эгиндерин жыйноо толук аяктаганын билдирди. Маалыматка караганда, 23-ноябрга карата 577 миң гектар аянттан жыйналып, 1,4 миллион тонна дан бастырылды.

Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 29% аз. Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен дан эгиндеринин түшүмү азайган. Буудайдын түшүмү 42,%, арпаныкы 46,% кыскарды. Ал эми май өсүмдүктөрүнүн жыйымы – 25,4%, кант кызылчасы – 19%, бакча өсүмдүктөрү – 14%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 3,9%, жүгөрү – 3,3%, картошка – 2,9% төмөндөдү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.