Бишкекте жеңил унаа менен автобус сүзүшкөн кырсыкта каза болгон балдардын баары 17 жашта болушкан. Ал эми  жаракат алган бир кыз эсине келе элек.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда саат 15:00дөр чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде жеңил унаа менен №8 автобус кагышып, унаадагы төрт бала мерт болгон. Шаардык ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, жеңил унаанын айдоочусу каршы тилке менен айдап баратып кырсыктаган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.