Түркиянын Аланья шаарында 23 жаштагы М.И. аттуу кыргызстандык жаранды атып кетишти. Бул туурасында түрк басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, каза болгон адам менен кылмышка шектүү көчөдө жаңжалдашып кетишкен. Анын кесепетинен М.И.ге каршы ок атылып, көз жумган.

Кылмышкер окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылып, бирок аны ошол эле шаардын башка аймагында кармашкан.

Окуяга күбө болгондор милиция мене тез жардамга кабар берген. Тез жардам унаасы келгенде М.И. алган жаратынан улам каза болгондугун тастыкташкан. 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз