Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков башында турган депутаттар тобу Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-стационардык мекемесине барышты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык-стационардык мекемеси 75 адамга ылайыкташкан. Бул жерде үй-бүлөсүн жоготкон, үйүндө тил табыша албай калган, майып жана башка ушул сыяктуу ар кандай себептер менен келген кары-картаӊдар жашайт. Мекеменин кызматкерлери бул жердегилерди колдон келишинче социалдаштырууга, кандайдыр бир кызыктуу нерселер менен алектендирүүгө аракет кылышат.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы мекемеге 100 миӊ сомдун сертификатын тапшырды. Ошону менен катар Дастанбек Жумабеков мындагы карыларга өзгөчө көӊүл буруу зарылдыгын баса белгиледи. Мындан сырткары, ал Карылар үйүнүн кызматкерлерине түйшүктүү иши, түшүнүү менен көӊүл буруусу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.