Акыркы күндөрү өлкөбүзгө сырттан кирип жаткан контрабандалык товарлар боюнча маселе Жогорку Кеңеш депутаттары тарабынан көбүрөөк айтыла баштады. Бүгүн да мындай көйгөй эл өкүлдөрү тарабынан айтылды. Өкмөттү түштөн кийинки жыйынга чакырып, суроо сунушталды. Бирок, аны алгач комитеттерде карап, андан кийин күн тартибине киргизүү керектиги спикер тарабынан түшүндүрүлдү.

Депутат Бакыт Төрөбаев:  “Биз конрабанда боюнча 3 жылдан бери чырылдап келе жатабыз. Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин конрабанда күчөдү. Конрабандадан 20 миң жумуш орун жок болду. Биздин чек арачылар өз өлкөсүнүн патриоттору эмес. Кичине акчага кызыгышып ушуну кылып жатышат. Бир эле бензинде эмес, башка товарларда да конрабанда көп болууда. Мына кечээ коңшу  мамлекеттер биздин цементти киргизбей жатышат. Өздөрүнүн рыногун коргошууда. Конрабанданын айынан миллиондогон каражаттар мамлекетибизге түшпөй жатат”,-деди.

Депутат Чыныбай Турсунбеков: Азыр товарлардын контрабандасын вагондор менен алып келишип жатат. Муну токтотпосок жалпы Кыргызстанга зыяны тийет. Кыргызстандын экономикасы жок болот. Мына менин кесиптешим патриоттор эмес деди. Биз жогорку деңгээлде коррупция тууралуу сөз болуп жаткандыгын түшүнүшүбүз керек”,-деди.

Мындан сырткары айрым эл өкүлдөрү Кадамжай району конрабанданын ордосу болуп калгандыгына токтолушту.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.