“Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”,- деген ырды укпаган адам жок чыгар. Сөзүн акын Фатима Абдалова жазып, ага обондон шөөкөтөп көйнөк кийгизип, кыяктын коштоосунда созолонтуп ырдап, калың журттун катмарына сиңирген Түмөнбай Колдошов эмеспи.

Жаз келери менен жандуунун баарында эле өзгөрүү, жаңылануу башталат. Адамдын организими азыкты талап кылгандай эле, жан дүйнөсү дагы ал нерсеге муктаж болот , аны ар ким ар кандай жол менен толуктайт. 

Бул ирет сиз дагы көр тириликти унутуп, жан дүйнөңүздү жашартып, аруулантыңыз.  Ал үчүн түмөн кайрыктарды созуп, салмактуу обондорду жараткан Түмөнбай Колдошовдун концертине келиңиз.

Бишкектеги ыр сүйүүчүлөргө “Сезимдеги аккорддор” аттуу чыгармачылык кече 30-мартта Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын чоң сахнасында тартууланат.

Ал эми ушул эле концерт Ош шаарында 6-7-апрель күндөрү С.Ибраимов атындагы драм театрда болот.

Түмөнбайдын түмөндөгөн обондору жаңырат

 

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.