Төкмөлүк – сейрек жаралуучу өнөр. Ал өнөрдү аял киши аздектегени андан бетер сейрек кездешет. Дал ушул өнөрдүн сересине чыгып, кыргыздын атын тааныткан акын Майра Керим кызы эле. Казактын кызы, кыргыздын келини Майра акын 1962-жылы 8 – январда Алматы облусуна караштуу Кеген районунун Жылысай айылында жарык дүйнөгө келген.40тан ашык обондору жана термелери бар. Төмөндөгү ырларынын баарына дээрлик обон чыккан. Төкмө акын 2009-жылы 18 -август күнү узакка созулган оорудан улам каза болгон. 

“Мага жар керек”

Мага жар керек,

Өзөктү жалгай турган,

Жогумду камдай турган.

Тагдырым татаал болсо,

Тар жолдо тайбай турган.

Мага жар керек,

Берилип сүйүп турган,

Күн сымал тийип турган.

Аялдык көрсөтсөм да,

Ар дайым бийик турган.

Мага жар керек,

От болуп жалындаган,

Сөз айтсам таарынбаган.

Жагымсыз адаттардын,

Артынан салынбаган.

Мага жар керек,

Чалынбай тузактардан,

Чарбасын түз аткарган.

Алыс бол деп айтмакмын,

Узун тил ушактардан.

Мага жар керек,

Ыраак болуп кара жерден,

Ырыскы ала келген.

Ынтымак өмүр сүрүп,

Ыймандуу бала берген.

Мага жар керек,

Деп көңүл ооруп турду.

Купулум толуптурмун.

Кыз кезде көксөгөндү,

Кыргыздан жолуктурдум.

*********************************

“Ыссык-Көлгө таазим”

Ыссык-көл касиеттүү энем менин,

Тартпаса тузун мени келээр белем.

Илхамым ырдаганда келген сымал,

Толкунга толуп турат кемерлериң.

 

Окшошуп көйнөгүнө көгөргөнүң,

Өзүңдүн кызың болчу энем менин.

Деди эле кайран энем көз жумарда,

Көлүмдү көрүп барып неге өлбөдүм.

 

Багымды сен ачпасаң төгөр белем,

Энемден көрбөгөндү сенден көрдүм.

Өмүрлүк жарымды таап өрөөнүңдөн,

Сезерсиң көшөгөмдүн көгөргөнүн.

 

Ыйык көл касиеттүү,не көрбөдүң,

Түбүңө канча сырды чөгөрбөдүң.

Жаннатты,бейишти да берем десе,

Мен сенин бир тамчыңа теңээр белем.

 

Чыгардың манасчынын берендерин,

Күүчүнүн сен чыгардын чеберлерин.

Акындан Алыкулга жолдош болуп,

Таптадың Поэзия кеменгерин.

 

Тузумду түгөстө Аллам эгер менин,

Эл журтум керезимди элер белең.

Толкуган шарпылдактын үнүн угуп,

Буйруса жээгиңде көмөр жерим.

 

Ыссык-Көл касиеттүү энем менин,

Тартпаса тузуң мени келер белем.

Илхамым ырдаганда келген сымал,

Толкунга толуп турат кемерлериң.

********************************

           “Кайрылуу”

Кезим жок сени ойлоп эстебеген,

Болсо да өз босогом,өз керегем.

Туптунук ошол сезим эсиңдеби?

Сүйүүнүн табышмагын чечмелеген!

 

Бирок сен жаштыгын өткөргөндө,

Жашооңо кеч киргенде.

Туюп кой өксүп мени сагынаарсын.

Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенде.

 

Сен кайгыга кабылганда,

Тагдырга таарынганда.

Барып кайт биз кездешчүү ак кайынга,

Жоготкон махабатын сагынганда.

 

Курдуңбу өмүрүңдүн пай дубалын?

Мен сага сырымды айтып кайрыламын.

Нөшөрдөн кубат алган дарак сымал,

Турмушум мөмө төгүп жайды багын.

 

Бирок сен жаштыгың өткөргөндө,

Жашооңо кеч киргенде .

Туюп кой өксүп мени сагынаарсын,

Кадырын ак сүйүүмдүн кеч билгенде.

 

Сен кайгыга кабылганда,

Тагдырга таарынганда,

Барып кайт биз кездешчүү ак кайыңга,

Жоготкон махабатты сагынганда.

 

Өткөндү эстеп билем кыйналаарың.

Көрдүңбү чогуу бакыт кыйбаганын.

Секелек кыз эмесмин сезип жүрөм,

Жүрөгүң жалгыздыктан ыйлаганын.

 

Эми сен жаштыгың өткөргөндө,

Жашооңо кеч киргенде.

Жаныңдан издеп мени сагынаарсын,

Кадырын  ак сүйүүмдүн кеч билгенде.

 

Сен кайгыга кабылганда,

Тагдырга таарынганда.

Барып кайт биз кездешчүү ак кайыңга,

Жоготкон махабатың сагыңда.

*******************************

 “ Кызган, бирок билдирбе”

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,

Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө.

Көңүл жиби – тыт көпөлөк тарткан жип,

Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө.

 

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,

Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө.

Капкайдагы жаман ойду ойлосоң,

Акылыңдан адашасың бир күндө.

 

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,

Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө.

Эмне болуп кетер экен дегендер,

Карап турат, мага аларды күлдүрбө