Эки күндөн бери жааган жамгыр бийик тоолуу райондордо бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Нарын облусунда, Суусамыр өрөөнүндө жамгыр карга айланып, айрым эгин аянттарын басып калды. Суусамырда калыңдыгы 15 см. кар жаап, 5 миң гектар арпа кар алдында калгандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаев айтып чыкты.

Анын маалыматтарына караганда, Суусамырда быйыл 6 миң гектарга арпа айдалган, анын 5 миң гектары кар алдында калып, жергиликтүү элдер бийлик бутактарына кайрылышууда. Алардын айрымдары насыя алышып, арпа айдашкан. Андыктан өкмөт ал жактан кабар алып, тийиштүү чараларды көрүүсү зарыл.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз