Чүй облусунун Панфилов районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты, 42 жаштагы Бакир Исаковдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Бакир Исаков 11-май күнү дарыядагы аралчада калган жылкысын чыгаруу үчүн сууга ӨКМдин куткаруучусу менен чогуу кайык менен түшүп, оодарылып кеткен. Жээкке чыга албай калган. Аны менен бирге жүргөн куткаруучу сүзүп чыгууга үлгүргөн.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 20 куткаруучу жана суучулдар кызматынан беш суучул тартылган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.