Атактуу “Кадамжай Сурьма комбинаты” банкрот деп жарыяланды.
Мындай чечимди Жогорку сот 15-июлда кабыл алган.
Атагы алыска кеткен КМШ аймагындагы эң ири Сурьма комбинаты тилекке каршы банкротко кабылды.
Кезинде аталган ишканада төрт миңдей киши эмгектенген.
Учурда комбинаттын ар кандай төлөмдөргө 542 миллион сом карызы бар.
Ошондой эле 250 миллион сомдун тегерегинде аласасы бар экен.
Анткен менен аталган комбинатты чет өлкөлүк инвесторлор сатып алып, кайра иштетүүнү көздөшүүдө.
Маселен Кытайдан , Россиядан кызыккандар болууда…

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.