Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко жиберилди. Бул тууралуу баш калаанын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, алгачкы сот отуруму 27-декабрга белгиленди. Азиз Суракматов “коррупция” жана “мыйзамсыз баюуга” шек саналып, 2021-жылдын 26-майында кармалган жана соттун чечими менен эки айга атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

16-июлда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берип абактан чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал калган каражатты да төлөй турганын билдирген.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.